Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:22

Депутаттын баласы катышкан жол кырсыгы


Кырсык болгон жерден тартылганы айтылган сүрөт.
Кырсык болгон жерден тартылганы айтылган сүрөт.

Ысык-Көл облусундагы жол кырсыгында чырактай болгон төрт жигиттин өмүрү кыйылды. Анда Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу да жабыркаган.

Каза болгон жигиттердин жакындары кылмышты жашыруу аракеттери болуп жатканын айтып жатышат. Милиция күнөө кимден кеткенин тактоодо.

Ичсе ашка, иштесе ишке тойбой турган төрт жигиттин өмүрүн жалмаган жол кырсыгы 7-июль күнү таңга маал Бактуу-Долоноту айылынын жанында болгон. Милициянын баштапкы маалыматына караганда, BMW X7 үлгүсүндөгү автоунаа «Lexus ES» менен кагылышып, окуя болгон жерде эки киши мүрт кетип, дагы бирөө ооруканага алып бараткан жолдо каза болгон. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинованын айтымында, кырсыкта оор жараат алып, ооруканага жеткирилген төртүнчү жигит 9-июлга караган түнү жан берди.

«Кырсыкта жабыркагандардын бирөө оор абалда ооруканага түшкөн, - деди ал. - Ал да түнкү саат 12лерден өтүп каза болуптур. Экөөнүн абалы туруктуу эле болчу дейт. Алар башка ооруканага которулган эмес. Аны туугандары Бишкекке алып кеткен».

Каза болгон балдардын бардыгы «Lexus ES» машинесинде бараткан. Алар - Нурсултан Бекболотов («Lexus ES» айдоочусу), Нурсултан Данияр Уулу, Бек Бакытбек уулу жана Бексултан Кудайбердиев. Маркум Бек Бакытбек уулунун таежеси Майрам Жаңыбаева машинедеги төртөө дос экенин белгиледи:

Булар машине менен жарышып келатып, милиция токтотсо токтобой кетип калыптыр.

«Биздин бала каза болгон машинеде төрт эркек бала, достор болгон. Биздин бала артында отурган экен, ооруканага алып келишиптир, бирок кеч болуп калыптыр да... Жардам бере албай калдык. 24 жашта болчу, жаңы эле окуусун, магистратураны бүтүп дипломун көрбөй кетпедиби. Жалгыз бала болчу, боздотуп кетпедиби... Бизге жеткен маалыматтар боюнча BMW X7 үлгүсүндөгү машинеде төрт эркек, үч кыз бар экен. Булар машине менен жарышып келатып, милиция токтотсо токтобой кетип калыптыр. Көргөндөр айтып жатышат, эми биз кайдан билебиз? Бирөө чалып, «аманбы, эмне болду» деп сураган жок».

BMW X7 үлгүсүндөгү машине Бишкек шаардык кеңешиндеги «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты, 25 жаштагы Темирлан Токобековго катталганы айтылууда. Азырынча расмий органдар аны ырастай элек. Темирлан Токобеков - Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу. Ал да учурда Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна келип түшкөнүн мекеменин директору Сабырбек Жумабеков «Азаттыкка» билдирди:

Сабырбек Жумабеков.
Сабырбек Жумабеков.

«Токобеков Темирлан деген келип түшүптүр. Абалы орто, ортодон оор. Мээси чайкалган, жамбашы сынган. Андан сырткары кечээ дагы бирөө, Калмурзаев деген келиптир. Анын мээси чайкалган. Экөө бизде жатат».

Милициянын баштапкы маалыматында BMW Х7 Каракол тарапты көздөй бара жатып, каршы тилкеге чыга калган «Lexus» менен кагылышканы айтылат.

Ал эми каза болгондордун жакындары кылмышты жаап, өлгөн балдарды күнөөлүү кылып коюу далалаты болуп жатканын айтып «Азаттыкка» кайрылышты. Мындай шектенүүгө «Lexus ES» машинесинде видеокаттоонун, айдоочуга таандык документтердин жоголгону, айрым маалыматтардын ачык айтылбай жатканы себеп болуп турганын каза болгон Нурсултан Бекболотовдун бир тууганы Чыңгыз айтты:

Менин байкем документтерди машинеден алып чыкчу эмес, дайыма машинеде болчу. Видеокаттоо да бар болчу. Алардын баары жок.

«Кырсык болгон жерге барганда бизге эч кандай маалымат бербей коюшту. «Тез жардам» деген дароо каттайт, кимдер келгенин. Бул өйдө жактан жасалгандай, бирөөнүн айтканын күтүп жаткандай болуп калды. BMW Х7 жактан эки киши келип «силер тарап күнөөлүү болуп калыптыр» деп кетти. Алар «машинеде төрт киши бар болчу, эки киши жолоочу-жүргүнчү» деп айтты. Мындай ойлонуп көргөндө деле килейген жолтандабас ошол саатта кайсы жолоочуну алат эле, жолдон? Ал байлардын машинеси да. «Ал машинедегилер да жабыркады» деп айтты. Анан бир машине күзөт менен келип, күзөт менен кетип калды. Наркы машинедеги жигитти бизге бир көргөзүп, биз менен сүйлөштүргөн да жок. Менин байкем документтерди машинеден алып чыкчу эмес, дайыма машинеде болчу. Видеокаттоо да бар болчу. Алардын баары жок. Досторунун телефондору бар, сим-карталары жок болуп жатат. Кантип ошондой болсун?»

Каза болгондордун туугандары машинени Темирлан Токобеков айдап бараткан болушу ыктымал экенин айтышкан. Бирок өзүн «Абжалиевдин тууганымын» деп тааныштырган Каныбек Жакшыбаев «Азаттыкка» машинени Чүй облусунун Арашан айылынын тургуну Элдияр Калмурзаев айдап баратканын, ошондой эле каза болгондордун жакындарынан кабар алышканын билдирди:

Каза болгон жигиттердин туугандарынын «кабар албай коюптур» деген маалыматы чындыкка коошпойт.

«МАИ кызматкерлери да, милиция да көрдү - Темирлан ал жерде айдоочу эмес, жанындагы жүргүнчү катары келаткан. Мунун баарын саясатташтырып, көтөрө бергендин деле кажети жок болуш керек. Элге туура маалымат жеткирип, туура айтыш керек. Ошол күнү ким билиптир, кырсык каш-кабактын ортосунда. Алдынан машине чыга каларын деле билишкен эмес, ал балдар. «Тигилер күнөөлүү, булар күнөөлүү» деген маселелер туруп жатат. Мунун баарын тергөө аныкташы керек. Каза болгон жигиттердин туугандарынын «кабар албай коюптур» деген маалыматы чындыкка коошпойт. Биздин туугандар ар бири менен сүйлөшүп, Оштогу, Балыкчыдагы жигиттин тажиясына катышып, туугандары менен жолугушуп, сүйлөшүп жатабыз».

Жакшыбаевдин айтымында, машинеде үч киши - айдоочу, Темирлан Токобеков жана анын досу болгон.

Облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун сөзүнө караганда, төрт кишинин өмүрүн алган окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Ага экспертизанын жыйынтыгына жараша юридикалык баа берилет. Усубакунов BMW X7де канча киши болгонун айта алган жок:

Сталбек Усубакунов.
Сталбек Усубакунов.

«Берки машиненин рулунда Чүй облусунун тургуну болгон. Азыр толук маалыматтарды тактай элекпиз. Бул окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Автотехникалык экспертиза дайындалды. Ошонун жыйынтыгына карап жол эрежеси бузулдубу, кайсы машине күнөөлүү, жол кырсыгы болдубу - ошол аныкталат. Ошого жараша юридикалык баа берилет».

Ал ортодо социалдык тармактарга кырсык болгон жерде тартылды деген видео, сүрөттөр жарыяланды. Анда BMW X7 үлгүсүндөгү автоунаанын мамлекеттик номеринен тышкары экинчи, башка өлкөгө таандык номери да болушу мүмкүн экени көрсөтүлгөн. Бул боюнча милиция жооп бере элек.

Каза болгондордун биринин сөөгү Балыкчыга, экинчиси Бишкекке, дагы бирөөнүкү Ошто жерге берилгени маалым болду.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG