Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

Камчыбек Ташиевдин кезектеги жыйыны (видео)


УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кезектеги маалымат жыйынын өткөрүп жатат. Анда ал чек ара, коопсуздук, коррупция тууралуу айтууда.

Өндүрүлгөн акча

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 8-июлда өткөргөн маалымат жыйында коррупция, мыйзамсыз баюу жана кызматтык кылмыш боюнча 304 кылмыш иши козголуп, мамлекеттик казынага жалпы 6 млрд. сом өндүрүлгөнүн билдирди.

Ал айрым мурдагы аткаминерлердин канча төккөнүн санап берди.

“Жогорку Кеңештин депутаты Аманкулов 50 млн. сом, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган каржы полициянын жетекчиси Болот Таиров 20 млн. сом, анын орун басары Жамгырчиев 20 млн. сом, мыйзамсыз баюу боюнча Жалил Атамбаев 100 млн. сом, депутат Алиярбек Абжалиев 50 млн. сом, президент аппаратынын жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиев кармалды, чыгым аныкталып сөзсүз төлөйт. Экс-депутат Жаныш Кудайбергенов 75 млн. сом болуп чыгымдын жарымын төктү. Жогорку соттун судьясы Камил Осмоналиев 114 млн. сомдун 70 млн. сомун төлөдү.

Мыйзамсыз баюу боюнча Жогорку соттун судьясы Боронбаев кармалды. Бажы кызматынын Түштүк башкармалыгынын башчысы Айтмаматов 100 млн. сомдун, 74 млн. сомун төлөдү. Азыркы учурда Бишкектин экс-мэри Суракматов 125 млн. сом төлөдү. Ал жалпы 150 млн. сом төлөйт. Вице-мэрлер Амантуров 25 млн. сом, Азыгалиев 30 млн. сом төлөдү”, - деди Ташиев.

АКСтин жоюлушу

Өткөн айда президент Садыр Жапаров Антикоррупциялык кызматты жойгон жана бул паракорчулукту ооздуктоодогу чечкиндүү кадам, бизнести колдоо аракети катары сыпаттаган.

Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы күрөш кызматы жоюлгандан кийин анын функциясы мекеменин Өзгөчө маанилүү иштер башкы башкармалыгына ( 6-башкы башкармалык) берилгенин билдирди.

“Антикоррупциялык кызматтын (АКС) өзүн коомчулукта “кызмат өзү коррупция болуп кетти”, “туура эмес иштеп жатат” деп айтып калышкан. Туура, андай учурлар болгон. Былтыр 10 айда АКС 100 млн. сомдун ордун толтурса, быйылкы жылы алты айда 6 млрд. сомдун ордун толтуруп жатат. Демек, АКСти иштетсе болот экен да. Демек, кайсыл гана орган болбосун иштете турган адам болсо, аягын чыкса болот. Акыркы маалда "АКС коррпуциялашып кетти" деген туура эмес. Менин маалымда АКС коррупциялашкан жок. Болушу да мүмкүн эмес эле. Эгерде бир кызматкер ушуга барса, жоопко тартмакпыз. Ошондуктан жыйынтык 6 млрд. сом болду”, - деди Камчыбек Ташиев Антикоррупциялык кызматтын жоюлушу боюнча берилген суроого.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы 2011-жылы түзүлгөн жана ошондон бери эле анын мыйзамдуулугу, ишинин натыйжалуугу тууралуу дооматтар маал-маалы менен айтылып келген.

Кумтөр

Кумтөр ишине байланыштуу мурдагы президенттер Курманбек Бакиев, Алмазбек Атамбаевге иш козголгонун жана Аскар Акаевге издөө жарыяланганын билдирди.

“Тергөөнүн жыйынтыгында Бакиевге иш козгодук, Атамбаевге иш козгоп атабыз, Акаевге издөө жарыяладык. Жээнбековго азырынча эч нерсе жок. Эгерде бир нерсе чыга турган болсо аны дагы жоопко тартабыз”.

Кумтөр боюнча мамлекетке 1 млрд. сом чыгым келгенин айтты.

“Тергөөдө мамлекет 1 млрд. сом чыгымга учураганы аныкталган. Кызмат адамдары Узакбаев, Зулпукаров, Жээнбеков, Пирматов, Бабанов канадалык “Центерра” компаниясы менен сүйлөшүп алып чыгым келтиришкен”, - деди Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев коррупция менен катуу күрөш жүрүп жатканын белгилеп, түшкөн акча мамлекеттик казынага которуларын билдирди.

Чек ара

Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу айтып өттү.

Ал тараптар талаштуу тилкелерге байланыштуу азырынча кандайдыр бир макулдашууга келе электигин билдирди. Кыргызстан Тажикстандын Ворух анклавына кеткен жолду өзү курарын айтты.

“Ворухка жол Капчыгай же Танги айылдарынын астынан же үстүнөн өтөрү протоколдо көрсөтүлгөн. Бирок анда жолду чогуу курабыз деп көрсөтүлгөн. Бирок кийинки маалда биздин чечимдерге жараша ал жолду биз өзүбүз кура турган болдук, кыргыздын жолу, Кыргызстандын аймагында боло турган болду. Бирок ал жолго байланыштуу деле аягына чейин чечим кабыл алына элек. Себеби биз бул жолду кура турган болсок, башка территориялар менен чогуу бүтүрүшүбүз керек. Тажиктер болсо ушул эле жолду бүтүрөбүз деп жатат”.

Май айынын башында Баткендеги куралдуу чек ара жаңжалынан кийин жолуккан чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-тажик өкмөттүк делегациялары бул жолго байланыштуу мунасага келгени маалымдалган.

Ташиев ошондой эле Баткен облусундагы аткезчилик тыйылганын белгилей кетти.

"Арка айылында 15 май куюучу жай болгон. Биздин калктуу конуштар ошол май куйган жерден алыс жайгашкан. Ошол май куюучу жайлар аткезчилик менен иштеген. Чек арада азыр аткезчилик жок. Балким кичинеден бардыр".

Өзбекстан менен чек ара тууралуу

“Өзбекстан менен чек ара чечилип жатат. Чынын айтыш керек, көп жылдан бери чечилбей келе жаткан чек араны тез арада чечсек деп ойлогонбуз. Мамлекеттин чек араларын бекемдесек, элдин көйгөйүн чечсек деп эле аракет кылып, чуркап атабыз. Бирок бул маселе тез арада чечилип кетпешине мына эми азыр күбө болуп отурабыз. Аракетти токтоткон жокпуз, буюруса жакында чечебиз”, - деди УКМК төрагасы кыргыз-өзбек чек арасы боюнча берилген суроого.

Ички жана тышкы коркунучтар

Камчыбек Ташиев тышкы коркунуч катары Ооганстандагы кырдаалды айтты. "Эгер ЖККУ бул жагдайды жөнгө салбаса, ар кандай террористтик кыймылдар баш көтөрүшү мүмкүн. Бизге дагы зыяны тиет деп боолгоп атабыз", - деди Ташиев.

Ички коркунуч катары азыр бийликти сындап аткандарды айтты. Интернеттен мамлекет башчысын сындап отургандар эртеби-кечпи жооп бере турганын эскертти.

“Азыр биздин коом радикалдашып баратат. Саясий коркунучка чакырган жарандар көп. Ар кандай төңкөрүшкө чакырган адамдар бар. Мен учурдан пайдаланып аларга эскертип коеюн. Интернетте өлкө башчысын, дагы башка кызмат адамдарын далилсиз жамандап, каралап жаткандар кайсы бир күнү жоопко тартылат. Биз ар бириңерди тизмектеп, белгилеп жатабыз. Жогорку Кеңештин бир депутаты парламентте "Орхан Инанды үчүн жооп бересиңер" деп такай кыйкырып жатат. Баарыбыз жооп беребиз, ошонун ичинде сиз дагы, мыйзамсыз чакырыктарыңыз үчүн жооп бересиз. Азыр биринчи планга “саясий экстремизм” чыкты. Айрым саясатчылар чогулуп алып “күзүндө шайлоо болот, андан кийин төңкөрүш болот" деп жатат. Эч кандай революция болбойт. Биз, азыркы бийлик, элдик бийлик революцияга эч качан жол бербейбиз. Андан көрө революциясы жок эле өзүбүз кетип калабыз", -деди Ташиев.

Инандынын иши

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстандан Түркияга тымызын чыгарылып кеткен Орхан Инандыга байланыштуу комментарий берди. Ал Инандыны 2015-жылдан бери уурдап кетүүгө бир канча жолу аракет жасалганын, 2019-жылы ушундай окуядан улам сотко чейинки өндүрүш ачылганын билдирди.

Ташиевдин ырасташынча, Инанды ушул жылдын башында үч күнгө жоголуп кеткен жана аны уурдап баратканы жеринен атайын кызматтын өкүлдөрү сактап калган. Ташиев февралда болгон деген окуянын мындан башка чоо-жайын тактаган жок.

УКМКнын төрагасы Инандыга коопсуздугуна көңүл буруу тууралуу эскертүү берилгенин кошумчалады. Ошондой эле анын түрк паспортуна байланыштуу түшүндүрмө берди.

"Инандынын 2024-жылга чейин жарамдуу түрк паспорту болгон. Ал бул паспортун чек арадан өткөндө, айрыкча чет өлкөлөргө сапарларында такай колдонгон. Анын кош жарандуулугу болгон. Эгер ал бул жакта болгондо, мындай жагдайы билингенде биз аны кылмыш жоопкерчилигине тартмакпыз”.

Ташиев Инандынын кыргыз жарандыгын алган жагдайларга байланыштуу материалдар Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилерин айтты.

Камчыбек Ташиев жыйындын аягында электр энергиясынын тарифи, кургакчылык, кымбатчылык, коронавирус тууралуу да айтып өттү.

Камчыбек Ташиевдин жыйынын толук бул видеодон көрө аласыз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG