Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:44

Рим папасынын талаштуу сөзүнө НАТО менен Киевдин жообу


Ватикандын Ыйык Петр аянтына чыккандар, 10-март, 2024-жыл
Ватикандын Ыйык Петр аянтына чыккандар, 10-март, 2024-жыл

Орусиянын Коргоо министрлиги онго жакын аймакта 25 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди. Аскердик блогерлер Украина менен чектешкен Белгород жана Курск облустарында диверсанттар менен кагылышуулар болгонун жазып жатышат.

Ал эми НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Москва Украинаны жеңсе башка мамлекеттерге да кол салышы мүмкүн экенин эскертти.

Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, дрондордун 11и Курск облусунун, жетөө Белгород жана калгандары Брянск, Ленинград, Москва, Орел, Тула облустарынын аймагында атып түшүрүлдү.

Мекеме бул үчүн Украинаны айыптап, Белгород облусуна ракеталык сокку урулганын кабарлады.

Украина бул боюнча комментарий берген жок. Расмий Киев адатта Орусиянын аймагындагы окуяларга реакция жасабайт.

Орел облусунда дрон мунай сактоочу кампага тийип, өрт чыкканы, жанындагы үйлөрдүн тургундары эвакуация болгону, Нижний Новгороддо да мунай базасы өрттөнгөнү маалымдалды.

Орел шаары. 2024-жыл, 12-март.
Орел шаары. 2024-жыл, 12-март.

Столтенберг Рим папасы Францисктин Орусия менен сүйлөшүүнү баштоо керек деген чакырыгын четке кагып, согушту токтотуунун эң мыкты жолу Киевге курал-жабдыктан каралашуу экенин билдирди.

"Азыр украиналыктардын капитуляциясы тууралуу сөз кыла турган убакыт эмес. Бул украиндер үчүн трагедия болот. Бул баарыбыз үчүн кооптуу, анткени Москва андан ары аскер күчүн колдонуу менен миңдеген адамды өлтүрүп, башка мамлекетке кол салып, каалаганын кылышы ыктымал дегенди билдирет. Алар муну дагы кайталагысы келет. Буга, маселен, Бээжин да тыкыр көз салып турат. Эгер Путин Украинада каалаганын алса, авторитардык лидерлердин аскердик күч колдонуу тобокелчилиги күчөйт", - деди Столтенберг 11-мартта "Рейтерс" агенттигине курган маекте.

Буга чейин, 10-мартта эфирге чыккан телемаекте 87 жаштагы Рим папасы Франсицк Киев өз жарандарын сактап калуу үчүн "ак желегин көтөрүп" Москва менен сүйлөшүүгө барыш керек деген пикири менен бөлүшкөн.

Ватикан 12-мартта Рим папасынын айтканына түшүндүрмө берип, согушту токтотуу тууралуу сүйлөшүүлөр биринчи кезекте Орусиянын агрессиясынын токтотулушуна негизделиши керек экенин билдирди. Corriere della Sera гезитине курган маегинде Ватикандын өкүлү Пьетро Паролин "понтифик адилет жана туруктуу тынчтыкка жетишүүнүн дипломатиялык жолдору үчүн шарт түзүү" тууралуу айтканын белгиледи.

"Путиндин Украинаны толук басып алуу үмүтү өчө элек"

Москва кеңири масштабдагы кол салуунун алгачкы күндөрү басып алган жерлердин көбүн Киев кайра кайтарды. Анткен менен 2023-жылдагы украин армиясынын көптү үмүттөндүргөн контрчабуулу күтүлгөндөй натыйжа бербегендиктен, согуш туңгуюкка кептелди деген тынчсыздануулар көп. Украинанын президенти Владимир Зеленский Рим папасынын сөздөрүнө түз жооп кайтарган жок, болгону ал:

"Украиналыктар сары-көк желектин алдында колуна курал кармап турган үчүн орусиялык киши өлтүргүчтөр Европага бара албай турушат", - деген билдирүү жасады.

Эксперттердин эсебинде, согушка сүйлөшүү жолу менен чекит коюу азыр бир гана Орусия үчүн пайдалуу. Анткени анда Москва Украинада басып алган аймактарын сактап калып, кийинки кол салууга күчүн калыбына келтирүүгө шарт түзөт. Ошондой эле байкоочулардын айтымында, Путиндин Украинаны бүтүндөй басып алуу үмүтү өчө элек.

Орусиянын президенти Владимир Путин. 22-декабрь, 2022-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путин. 22-декабрь, 2022-жыл.

Украинага кошумча 60 миллиард доллар бөлүп берүүнү сунуштап жаткан АКШ президенти Жо Байден Украинаны жеңсе Путин токтобостугун эскертти. Анткен менен Байдендин сунушу беш айдан бери Конгрессте бекитилбей турат. Өкүлдөр палатасындагы республикачылар башка өлкөлөргө жардам берүүнү жактыруунун ордуна чек ара коопсуздугун күчөтүүнү талап кылууда.

АКШнын чалгын кызматынын жогорку даражалуу өкүлдөрү 11-мартта Конгрессте сүйлөп жатып, кошумча аскердик жардам көрсөтүлбөсө Украина согуш талаасында чоң жоготууларга учурарын эскертишти. Борбордук чалгын кызматынын жетекчиси Уильям Бернс жана АКШнын Улуттук чалгын мекемесинин башчысы Аврил Хейнс кооптонуусун билдиришти. Алардын эсебинде Киевге бериле турган Американын жардамы дагы кечеңдесе, Украина дагы аймактарынан айрылышы мүмкүн. Мунун кесепети Европа жана Тынч океан аймагына тиерин жана Кытайдын дымагын күчөтөрүн Бернс белгилеп өттү.

"Кошумча жардам берилбесе, 2024-жылы биз дагы көп "Авдеевкаларды" көрөбүз. Менимче, бул АКШ үчүн тарыхый чоң ката болот", - деди Бернс.

Ал арада CNN телеканалы НАТОдогу өз булактарына таянып жазгандай, Орусия Украинадагы согуш үчүн АКШ жана башка Батыш мамлекеттерине караганда үч эсе көп снаряд чыгарууда. Маселен, Москва айына 250 миң артиллериялык снаряд чыгарууда, ал эми Батыш мамлекеттери Украина үчүн бул убакыт ичинде 100 миңди гана өндүрүп бере алышат.

Бир катар булактар белгилегендей, ушул тапта украин армиясына снаряд жетишпейт. Маалыматка караганда, Орусия күнүнө 10 миң снаряд, Украина эки миңдейди гана колдонот. Батыш мамлекеттери учурда башка жактардан тийиштүү сняраддарды алып, өндүрүштү кеңейтүүнү көздөп жатышат.

Венгриянын өкмөт башчысы Виктор Орбан жана АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп. 8-март, 2024-жыл. Орбандын кеңсеси тараткан сүрөт.
Венгриянын өкмөт башчысы Виктор Орбан жана АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп. 8-март, 2024-жыл. Орбандын кеңсеси тараткан сүрөт.

"Трамп шайланса, Украинага акча бөлүнбөйт"

Венгриянын өкмөт башчысы Виктор Орбан АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын Украинадагы согушка чекит коюу боюнча “кеңири планы бар экенин” жана ал кайра шайланса, Киевге каржылык жардам берүүнү токтотуу ниети бардыгын айтты.

“Ал украин-орус согушуна бир тыйын да бербейт, ошентип, согуш токтойт. Эгер америкалыктар акча жана курал бербесе, европалыктар да ошентсе, бул согуш токтойт. Эгер америкалыктар акча бербесе, европалыктар бул согушту өз алдынча каржылоого дарамети жетпейт. Ошондо согуш токтойт”, - деди Орбан 10-марттын кечинде мамлекеттик M1 телеканалына маек куруп жатып.

Анын өкмөтү Киевге курал-жарак берүүдөн баш тартып, Москва менен байланышын сактоого аракет кылып келет.

Өткөн жумада Орбан Кошмо Штаттарга барып, Трамп менен Флоридада жолуккан. Ошол эле учурда Ак үйдүн өкүлдөрүнө кезиккен эмес.

Трамптын шайлоо штабы Орбан менен жолугушууда “АКШ жана Венгрияга тиешелүү кеңири суроолордун айланасында” сөз болгонун жарыялаган. Билдирүүдө Украина тууралуу сөз жок.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков 11-мартта расмий Москва Орбандын билдирүүсү тууралуу кабардар экенин айтып, комментарий бербестигин кошумчалады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG