Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:35

Украина: Орусия дрон согушуна өттүбү?


Орус армиясынын чалгындоо максатында колдонулган учкучсуз аппараты
Орус армиясынын чалгындоо максатында колдонулган учкучсуз аппараты

Жекшембинин кечинде орус күчтөрү Украинанын түштүгүнө дрон чабуулун улантты. Анын алдыңкы түнү да Украинанын аймактары жапырт соккуга кабылган. Учкучсуз “Шахед” аппараттары баш калаа Киевди жана өлкөнүн бир катар борбордук жана түштүк райондорун бутага алган.

Орусия менен чек арага чукул турган Украинанын экинчи чоң шаары Харьковдо ишембиде дрон соккусунан карапайым тургундардын өмүрү кыйылды.

Харьковдун тургуну Наталья кайын ата-энесинен кантип ажырап калганын ыйлап айтып берди: "Кайын энем чалып, “күйүп атат!”, "биякта күйүп жатат!" деп, терезеден жалынды көрүп турганын айтты. Анын кайра эле чалып, жалын алардын үйүнө жабышканын айтып, кыйкыра баштады. Ошол, андан кийин байланыш үзүлдү. Кайын атам төшөктөн тура алчу эмес, кайын энем майып болсо да басчу. Бирок чыга албай калды..."

Аймактын аскердик администрациясы дрон мунай сакталган бекетке келип тийгенде өрт чыгып, жалын бир көчөнүн дээрлик жарымын каптап, кеминде жети киши набыт болуп, бир нече тургун жараат алганын билдирди.

Харьков полициясынын бөлүм башчысы Сергей Болвинов өрт чыккан жерде туруп, бир үй-бүлө тирүүлөй күйүп кеткенин айтты.

"Харьковдун жети тургуну тирүүлөй күйүп кетти. Мына бул көчөдө эле 15 үй жок болду. Бир үй бүлөдөн беш киши мерт болду. Үч баласы менен жубайлар. Алардын баары тирүүлөй күйүп кетти", - деди украин полициясынын кызматкери.

Харьковдун губернатору Олег Синегубов набыт болгон наристелердин улуусу жетиде, экинчиси төрттө, кичүүсү жети айлык экенин Telegram каналына жазды.

Украин армиясынын абадан коргонуу күчтөрү беш саат бою тынбай чабуул уланганын, 45 дрондун 40ын атып түшүргөнүн маалымдады. Киевде эки саат бою абадан эскертүү жаңырып турду. Баш калааны бутага алган дрондун баары абадан жок кылынганын шаардык бийлик билдирди.

Кара деңизге жакын Николаев облусу катуу чабуулга кабылып, абадан коргонуу системасы 26 дронду атып түшүргөнүн аймактын аскердик командачылыгы Телеграмга жазды. Агроөндүрүштүк жайда өрт чыккан. Жарылууда жакын турган үйлөр жабыркады. Бир киши жараат алды.

Ошондой эле Одессада дагы төрт дрон атып түшүрүлгөн. Днепропетровскиде учкучсуз аппараттын сыныктары тийген жерде өрт чыккан.

Украинанын президенти Владимир Зеленский майданда кырдаал оорлошуп турган маалда өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн жетекчилигинде кадрдык өзгөрүүлөрдү жасады.

8-февралда “темир генерал” атыккан Валерий Залужныйды Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысынан бошотуп, анын ордуна генерал Александр Сырскийди дайындады. Ага удаа эле коргоо министринин орун басары Александр Павлюк иштен алынды. Украин армиясынын башкы штабында да бир топ кадрдык өзгөрүүлөр болгону кабарланды.

Украинада курал-жарак тартыш

The New York Times гезити америкалык аткаминерлер арасындагы өз булактарына таянып, Украинанын абадан коргонуу системасы ок-дары кампасын толуктабаса март айында отуруп калышы мүмкүн деп жазды.

Украинанын Куралдуу күчтөрүндөгү соңку өзгөрүүлөргө арналган макалада аскердик курамдын жетишсиздигине, жоокерлердин чарчап-чаалыкканына курал-жарак тартыштыгы кошулса жакынкы аралыкта фронтто украин армиясы чоң тоскоолдукка кабылышы ыктымал экени баяндалат.

Макаланын автору аскердик эксперттерге жана батыштык аткаминерлерге таянып, АКШнын олуттуу жардамысыз, оболу курал-жарак жана ок-дары келбесе быйыл майданда украиндер баарын колдон чыгарып коюшу ыктымал деген кооптонуу бардыгына токтолот.

Алдыдагы эки айга украин армиясынын курал-жарагы жетишерлик экени, бирок жардам келбесе жай башталганда кырдаал өтө опурталдуу болору макалада белгиленет.

Буга чейин америкалык медиа өз булактарына таянып, АКШнын чалгын кызматынын жогорку даражалуу өкүлдөрү Конгресстеги лидерлер менен жолукканда Вашингтон Киевге курал-жарак берүүгө жол ачпаса алдыдагы бир нече айда Украина майданда жеңилүүгө дуушар болорун айтканын жазып чыккан.

Конгрессте демократтар менен республикачылардын тирешинен улам 2024-жылы Украинага берилчү жардам пакети бекий элек. Байдендин администрациясы бул максатта 61 миллиард доллар сураган. Учурда Сенатта Украинага, Израилге жана Тайванга берилчү жардамдын долбоору талкууланууда. Документ кабыл алынабы же жокпу белгисиз. Байден бир нече жолу Конгресске кайрылып, Украинага каржылык колдоо өтө зарыл экенин айткан. Украинанын башка өнөктөштөрү, негизинен Евробиримдикке кирген өлкөлөр Киевге курал-жарак жагынан жардам берүүдө, бирок анын көлөмү Вашингтондон келчү жардамдан алда канча аз.

Соңку учурда фронттун бир топ жеринде орус армиясы демилгени колго алып, айрыкча Авдеевканын айланасында украин аскерлеринин абалы оорлошкону тууралуу маалыматтар жарыяланууда. Бирок орус күчтөрү масштабдуу тактикалык ийгиликке жетип же майдан тилкесин бузуп кирген учур боло элек.

Орусия дрон чыгарууну күчөтөт

Орусия Украинага басып кирип, согуш ачканына ушул айда эки жыл болот. Кремль “атайын аскердик операция” деп атаган согушта орус күчтөрү канча кшисинен ажыраганы, канча каражат кетип жатканын белгисиз. Бул тууралуу Москва маалымат бербейт.

10-февралда Орусиянын маалымат каражаттары коргоо министри Сергей Шойгу Удмуртия аймагындагы дрон чыгарган заводго барды делген видеону жарыялады. Шойгу армиянын заказын аткарат деген заводго барганда алдыда дрон өндүрүшүн кеңейтүү тапшырмасы турганын айтты. "Тапшырма татаал, оңой эмес. Алардын көбүн билесиңер – ретрансляция, башкаруу, чалгындоо жана бутага алууга байланыштуу суроолор", - деди министр.

Орус армиясы согушта Иранда чыгарылган "Шахед" дрондорун да көп колдонору да маалым. Акыркы убакта мындай дрондор Орусиянын өзүндө чыгарылып жатканы тынчсыздануу жараткан. Былтыр жайында Вашингтон Тегеран Москвадан 1000 чакырымдай жерде дрон чыгарчу завод курууга киришип жатканын билдирген.

Эксперттер Москва согуштун экинчи жылы дрон чыгарган өндүрүшүнө олуттуу басым жасаганын белгилешет. Орус күчтөрү учкучсуз апараттарды чалгынга, жардыруучу заттарды ташууга, сокку урууга кеңири колдонуп, андан карапайым украиндердин өмүрү кыйылып жатат. Орусия жарандык маанидеги жайларды, Украинанын энергетикалык жана транспорттук инфраструктурасын бутага алып жарактан чыгууда.

Быйыл январь айында эле орус күчтөрү Украинага миңге жакын ракета жана дрон учурганын украин президенти Владимир Зеленский 30-январда билдирген.

«Жыл башынан бери Орусия Украинанын шаарларына түрдүү типтеги ракеталардан 330дөн ашуун, согуштук дрондордон 600дөй сокку урду», — деп жазган Зеленский X социалдык түйүнүндө (мурдагы Twitter).

Зеленский Украина үчүн «абадан жана радиоэлектрондук коргонуу системалары эң зарыл муктаждык экенин» баса белгилеген.

Украина: Авдеевкада кырдаал курчуду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:50 0:00

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG