Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:46

Украина: Он айлык Пашанын сөөгү апасы менен чогуу коюлду


Орус армиясынын Украинанын аймагына 13-февралга караган түнкү аба соккуларынан кеминде үч кишинин өмүрү кыйылды, бир катар маанилүү энергетикалык инфратүзүмдөр жабыркады.

Харьковдо орус армиясынын чабуулунан набыт болгон бир үй-бүлөнүн беш мүчөсүнүн сөөгү жерге берилди. Алардын эң кенжеси болгону он айлык эле.

Орус армиясынын 9-февралдагы аба соккулары бир үй-бүлөнү толугу менен жок кылды. Жубайлар Григорий менен Ольганын тун уулу Алексей жети жашта, ортончусу Михаил төрт жашта, эң кичүүсү Павел болгону он айлык эле.

Путятиндердин үй-бүлөсү үчүн көрүстөндө төрт жай казылды. Эң кичүүсү - 10 айлык Пашанын сөөгү энеси менен бирге коюлду. Ольга шаардык прокуратурада иштечү. 2016-жылдан бери декреттик өргүүдө эле.

"Бүтүндөй Орусия көрүп, билишин каалайт элем. Согушту колдогондордун баары, акылсыз Путинди колдогондордун баары менин балдарымдай болушсун. Согушту колдоп, социалдык тармактарда лайк койгондордун баары ушуну көрсүн",- дейт Григорийдин апасы Татьяна Путятина.

Харьков: Дрон чабуулунда бир үй-бүлө күйүп кетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:27 0:00


9-февралда орус армиясынын дрондору Харьковдогу мунай базасына тийип, жарылуу болгон. Ал жерден агып чыккан күйүүчү майдан улам көчөлөрдү жалын каптап, жашоочулар эч жакка чыга албай калган. Күйүп кеткендердин сөөгүн ДНК экспертизанын жардамы менен гана аныктоого мүмкүн болгонун полициянын өкүлү Сергей Болвинов Фейсбукка жазды:

"Алдын ала аныкталгандай, балдардын улуусу жана кичүүсү энесинин жанында болгон. Ал эми ортончусу Михаил атасынан артынан чуркап жүргөн. Атасы эс-учун биринчи жоготкон окшойт, баласы бурчка барып тура калган. Биз аны ошондой абалда таптык. Апасы эки баласын кучактап ваннада жашырынганга аракет кылыптыр".

Путятиндердин үй-бүлөсүнөн тышкары ушул эле көчөдө жашы алтымыштан өтүп калган түгөйлөр да мүрт кеткен. 57 адамды куткарып калууга мүмкүн болду. Алардын көбү там-ташынан айрылды.

Энергетикалык инфратүзүмдөр бутада

13-февралга караган түнү Орусиянын армиясы Украинанын аймагына сокку урууну улантты. Никополь шаарындагы соккудан 64 жаштагы киши набыт болгонун Днепропетровск облусунун губернатору Сергей Лысак Телеграмга жазды. Ал менчик там жабыркаганын кошумчалады.

Жергиликтүү бийлик билдиргендей, бир нече адам Запорожье жана Донецк облустарында орус снаряддарынан жараат алганы кабарланды. Орусия андан тышкары экинчи күн катары менен Днепропетров облусундагы энергетикалык инфратүзүмдөргө тынымсыз сокку уруп жатат.

“Биздин коргоочулар Днепр шаарында 10 дронду атып түшүрдү. Бир нечеси энергетикалык обьектилерге тийип, өрт тутанды”, - деп жазды Лысак Телеграмга. Ал өрттү убагында өчүрүүгө мүмкүн болгонун кошумчалады.

Украинанын эң ири энергетикалык компаниясы билдиргендей, электрстанцияга жасалган чабуулдан олуттуу зыян келтирилди. Курман болгондор жок.

Днепрдин мэри Борис Филатов билдиргендей, электр тутумуна келтирилген оорчулуктан улам райондордун биринде мектеп жабылып, ооруканалардын биринде бейтаптар эвакуацияланды.

Бир миллион киши жашаган Днепр шаары чоңдугу жагынан Украинадагы төртүнчү шаар болуп эсептелет.

Түштүктөгү Херсон облусунда жайгашкан Львов айылын аткылоодон 83 жаштагы тургун каза тапканын облус губернатору Александр Прокудин билдирди. Анын айтымында, дагы эки адам жараат алган.

Харьков облусунун губернатору Олег Синегубов Телеграмга жазгандай, Курилевка аймагында орус тараптын аткылоосунда 55 жаштагы дыйкан набыт болду.

Украинанын эң ири энергетикалык компаниясы билдиргендей, электрстанцияга жасалган чабуулдан олуттуу зыян келтирилди. Курман болгондор жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG