Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:22

Украина: Константиновканы талкалаган сокку, "Чоң жетинин" колдоосу


Донецк облусунун Константиновка шаарындагы талкаланган темир жол станциясынын имаратынын сүрөтү. Reuters агенттиги.
Донецк облусунун Константиновка шаарындагы талкаланган темир жол станциясынын имаратынын сүрөтү. Reuters агенттиги.

25-февралга караган түнү Орусия тараптын артиллериялык аткылоосунан эки жай тургун набыт болуп, Константиновкадагы чабуулда темир жол бекети талкаланды. Орусиянын Украинага каршы согуш ачканынын эки жылдыгына карата "Чоң жетинин" лидерлери Киевди колдоп кайрылуу жолдоду.

Фронттогу кырдаал: темир жол бекети талкаланды

25-февралга караган түнү орус аскерлери Константиновка шаарын аткылап, темир жол вокзалынын имараты, православ чиркөөсү, бир нече турак жай, административдик жана соода имараттары зыянга учурады. Бир адам жабыркаган. Бул тууралуу "Свобода" радиосу Украинанын Донецк облусунун полициясына шилтеме кылып жазды. Анда ракеталык сокку урулган же абадан бомба ташталган деп болжолдонууда.

Донецк облусунун Константиновка шаарындагы талкаланган темир жол станциясынын имаратынын сүрөтү. Reuters агенттиги.
Донецк облусунун Константиновка шаарындагы талкаланган темир жол станциясынын имаратынын сүрөтү. Reuters агенттиги.

Константиновка - Донецк облусунун украиндер көзөмөлдөгөн бөлүгүндөгү шаар. "Азаттыктын" украин кызматы Константиновка шаарынын тургундары менен сүйлөшкөндө алардын бири буларды айтты:

"Дарыканада иштейбиз. Баары талкаланып, минтип ишсиз, каражатсыз калдык. Жок дегенде күйүп кете элек буюмдарды сактап калалы деп аракет кылып жатабыз. Жолдун аркы бетинде биздин кийимдер. Мен ушул шаарда төрөлүп, өстүм. Эч жакка кете турган оюм жок. Темир жол бекети талкаланганы абдан өкүнүчтүү".

Социалдык тармактарда талкаланган станциянын фото - видеолору тарады.

Украинанын Аскердик Аба күчтөрүнүн маалыматы боюнча, орус аскерлери соңку суткада Украинанын аймагына "Шахед" учкучсуз учагы менен 18 жолу сокку уруп, анын 16сы атып түшүрүлгөн.

Хмельницкий облусунда болсо, жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, инфратүзүмдүк объект жабыркаган.

Украин бийлиги бир сутка ичинде артиллериялык аткылоонун натыйжасында эки жай тургун набыт болгонун кабарлады. Алар Херсон жана Запорожье облустарынын тургундары. Орусиянын Коргоо министрлиги бул жана Константиновкадагы соккулар боюнча комментарий бере элек.

Украин армиясынын башкы командачысы Александр Сырский коргоо министри Рустем Умеров менен фронт тилкесиндеги украин аскерлеринин командалык пункттарына барышканын Фейсбуктагы баракчасында жазды. Анын айтымында, аскерлерди учкучсуз учактардан жана аба соккуларынан коргоо зарыл:

"Душман биздин аскерлердин позицияларына дайыма чабуул жасап жатат. Бир топ аймактарда кырдаал татаал жана туруктуу көзөмөлдү талап кылат".

Буга чейин Рустем Умеров артиллериялык снаряддардын жетишсиздигинен украин аскерлери 1500 чакырымдык фронтту суткасына 2000ден ашык аткылай албастыгын айтып, орус аскерлери андан үч эсе көп ок чыгарганын билдирген.

Украин армиясынын маалымдашынча, Донецк облусундагы Авдеевка шаарын басып алгандан кийин орус аскерлери Харьков облусунун Купянск багытында чабуул операцияларын жүргүзүп жатат

"Чоң жетинин" кайрылуусу

Орусиянын Украинага каршы согуш ачканынын эки жылдыгына карата "Чоң жетинин" лидерлери Киевди колдоп, кайрылуу жолдоду. Анда алар 24-февралда согушка туура эки жыл болгон күнү украин президенти Владимир Зеленский менен жолукканы, Украинаны ар тараптан чечкиндүү колдоону улантышары жазылган.

24-феврлада Киевге Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен баштаган Батыш лидерлери келген.
24-феврлада Киевге Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен баштаган Батыш лидерлери келген.

"Украин эли эки жылдан бери Орусиянын мыйзамсыз, эч нерсе менен актагыс толук масштабдуу кол салуусуна каршы туруп келди. Алар президент Путиндин аскердик машинасын жеңүүгө, эгемендигин жана көз карандысыздыгын сактоого, аймактык бүтүндүгүн калыбына келтирүүгө эрки жетерин көрсөттү. Путин Украинаны багынтуу максатына жеткен жок. Биз Орусиядан чукул арада агрессивдүү согушун токтотуп, Украинанын эл аралык коомчулук тааныган аймагынан аскерлеринин баарын эч кандай шартсыз чыгарып кетишини талап кылабыз"- деп жазылган кайрылууда.

"Чоң жетиге" Улуу Британия, Германия, Италия, Канада, Франция, Жапония жана АКШ мүчө.

Согуштун эки жылдыгына карата 24-февралда Киевге Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен баштаган Батыш лидерлери келген.

Украинанын президенти Владимир Зеленский ушул эле күнү Швециянын коргоо министри Пал Жонсон менен жолугуп, бул өлкөнүн Украинага жаңы аскерий жардам пакетин жана биргелешип курал өндүрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулады.

"Бүгүн бул трагедия башталган күн жана биздин досторубуздун бул жерде болушу биз үчүн абдан маанилүү", - деди Зеленский.

20-февралда Швеция Украинага 682 миллион доллар аскерий жардам жеткирерин жарыялаган. Бул анын Орусия 2022-жылы басып алгандан берки 15-жардам пакети.

Мунун алдында, 23-февралда АКШ президенти Жо Байден Орусияга каршы санкциялардын жаңы айлампасы киргизилгенин маалымдаган. Анда 500дөй жаңы чектөө Кремлдин келишкис сынчысы Алексей Навальныйдын өлүмү, Украинадагы согушка байланыштуу кабыл алынганын билдирген.

Бул күнү Евробиримдик дагы Украинадагы согуштун эки жылдыгын утурлай Орусияга каршы санкциялардын 13-айлампасын жарыялаган.

Акциялардагы камоолор

Орусияда Украинага каршы толук масштабдуу согуштун эки жылдыгына карата жана түрмөдө каза болгон оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды эскерген акциялар өттү.

Екатеринбург, Казань, Москва, Мурманск, Новосибирск, Санкт-Петербург өңдүү шаараларда көчөгө чыккандардын арасынан кеминде 49 адам кармалды. Бул тууралуу "ОВД-Инфо" укук коргоо долбоору кабарлады. Баарынан көп адамды, 13 жаранды полиция Москва шаарынан кармап кетти, андан кийинки орунда Екатеринбург менен Уфа шаарлары турат.

Кармалгандардын айрымдары административдик протокол толтурулгандан кийин кое берилгени, айрымдары бир суткага камалганы кабарланды.

49 адамдын 38и Навальныйды эскерүү митингинде, алтоо согушка каршы митингдерде жана төртөө мобилизациялангандардын аялдарынын акциясында кармалган. Абактардагы кыйноого каршы пикетте бир адам кармалды.

24-февралда Санкт-Петербургда 78 жаштагы сүрөтчү Елена Осипова кармалган. Ал Островский аянтындагы Екатерина аянтына жакын жерде Алексей Навальныйдын сүрөтү тартылган "Алексей Навальный. Путиндин операцияларын токтоткула" деген жазуулары бар плакат менен чыккан.

Осипова бир нече сааттан кийин кое берилгенин "Свобода" радиосу жазды.

Елена Осипова - санктпетербургдук сүрөтчү жана активист. Ал бир топ нааразылык акцияларына катышып, Украинага басып кирүүгө каршы чыккан.

Орусия Украинага кеңири масштабдагы согуш ачканына 24- февралда туура эки жыл болду. Орусиянын армиясы дээрлик күн сайын Украинанын аймагына абадан сокку уруп келет.

Кремл көптөгөн далилдерге карабастан жарандык инфратүзүмдөргө жасалган чабуулдарды четке кагып, бир гана аскердик объектилерди бутага алганын билдирүүдө.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG