Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:23

Путин Гитлердин Польшага байланыштуу амалдарын Кырымда колдондубу?


Поляк өткөөлү жана Гданьск (Данциг) эркин шаары.
Поляк өткөөлү жана Гданьск (Данциг) эркин шаары. 1920–1939. Карта.

Жакында В.Путин эгемен Польша айтылуу “Поляк өткөөлү” (“Данциг өткөөлү”) боюнча Гитлердин талабын аткарбай коюп, Экинчи дүйнөлүк согушка шыкакчы болгон деген оюн журналист Такер Карлсон менен маегинде баса айткан. Деги нацисттик лидердин Поляк өткөөлү жана Данциг боюнча саясатын Путин өзүнүн Украинанын чыгышына карата баскынчыл саясатында колдонду бекен? Тарыхчынын блогу.

Оболу Орусиянын президенти Владимир Путиндин 2024-жылы 7-февралда америкалык журналист Такер Карлсон менен курган кеңири маегин эскере кетели.

Албетте, бул маекте Владимир Путин Чыгыш Европанын тарыхына байланыштуу өзүнүн жекече жоромолун үзгүлтүксүз баяндоого мүмкүндүк алган жана анын бардыгын бул блогдо кайталап отура албайбыз. Анын айрым өңүттөрү жөнүндө мурдагы блогубузда учкай сөз кылган элек.

Жогорудагы маектин жүрүшүндө Владимир Путин XX кылымдын 20–30-жылдарындагы Польшанын саясий тарыхына байланыштуу өтө мааанилүү бурмалоосун кыстара кеткен.

Польша өткөөлү, б.а. Данциг өткөөлү тууралуу Путиндин жоромолу

В.Путиндин оюна караганда, Данциг (Гданьск) шаарынын айланасындагы өткөөлдү поляктар тынч гана германдык нацисттерге кармата бергиси келбегендиги үчүн "бечара" Адолф Гитлер Экинчи дүйнөлүк согушту баштап, алгач Польшага кол салууга аргасыз болгон имиш.

Бир тараптуу сезилбес үчүн В.Путиндин Польшанын 1939-жылдагы тагдыры менен байланыштуу айткандарын (тексттин кыйла узундугуна карабастан) назарыңыздарга толугураак сунуштайлы:

“1939-жылы, Польша Гитлер менен анча-мынча кызматташып калган соң, – ал эми Польша Гитлер менен кызматташып жүргөн эле да, – Гитлер (Польшага) сунуш кылып калды, – бизде архивдерибизде (бул жаатта) бардык документтер бар, – ал Польшага тынчтык келишимин түзүү, достук жана шериктештик тууралуу келишим түзүү жаатында сунуш жасап, бирок Польшадан Германияга “Данциг өткөөлү” делген өткөөлдү кайра кайтарып берүүнү талап кылды. Бул өткөөл Германиянын негизги бөлүгүн Көнигсберг [б.а. азыркы Калининград. – Т.Ч.] жана Чыгыш Пруссия менен байланыштырып турчу.

Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин аймактын бул бөлүгү Польшага берилип калган жана Данцигдин ордуна Гданьск шаары пайда болгон. Гитлер (поляктардан бул жерлерди) тынчтык жолу менен артка берип коюусун гана өтүнгөн, бирок поляктар баш тартышкан. Бирок, ошого карабастан, алар Гитлер менен кызматташып, Чехословакияны бөлүшүү жаатында чогуу алектенишкен болчу.

Ошентип, Экинчи дүйнөлүк согушка чейинки мезгилде, Польша, – Германия менен анча-мынча кызматташып жаткан чакта, – Гитлердин талаптарын аткаруудан баш тартып койгон; бирок, ага карабастан, ал Гитлер менен Чехословакияны бөлүшүүгө анча-мынча катышкан.

Бирок Данциг өткөөлүн (Польша Гитлерге) өткөрүп бербей койгондуктан, – дегиңкиси, поляктар (өздөрү эле аны) мажбурлашты, поляктар мышык-чычкан ойноп туруп алышты да, – Гитлерди Экинчи дүйнөлүк согушту дал өздөрүнөн баштоого мажбур кылышты.

Эмне үчүн бул согуш 1939-жылдын 1-сентябрында дал ушул Польшадан башталган? Ал (Польша) – келишкис болуп чыкты. Гитлерде өз пландарын жүзөгө ашырууну дал ушул Польшадан баштоодон бөлөк эч бир жол калган эмес.

Айтмакчы, Советтер Биримдиги, – мен архивдик документтерди окуп чыктым, – өзүн абдан чынчыл алып жүрдү... Эми, муну (кошуп айтуунун) эч мааниси деле жок деңизчи.

Ал эми маанилүү жагдай мына ушунда: ошентип, согуш башталды да, эми Польша өзү Чехословакияга карата жүргүзүлгөн мурдагы саясаттын курмандыгына айланды да калды; анткени даңазалуу Молотов–Риббентроп протоколдоруна ылайык, бул аймактардын бир бөлүгү, анын ичинде Батыш Украина, Орусияга өтүп кетти.

“Советтер Биримдиги” деген аталыштагы Орусия, ошентип, өзүнүн тарыхый аймактарына кайтып келбедиби.

Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштен кийин, –– биз айтып жүргөндөй, бул – Экинчи дүйнөлүк согуш, –– ушул аймактардын баары тең акыры Орусияга, Советтер Биримдигине биротоло бекитилип калган.

Ал эми Польша болсо, – демек, компенсация катары деп аңдалса деле болот, – түпкүлүгү германдык болгон батыш аймактарды – Германиянын чыгыш бөлүгүндөгү жерлердин бир бөлүгүн – өзүнө алды; бул – бүгүнкү күндө Польшанын батыш аймактары. Албетте, аларга кайрадан Балтика деңизине чыгуу мүмкүнчүлүгүн кайтарып беришти; аларга кайрадан поляк тилинде атала баштаган Данцигди кайтарышты. Ошентип, бул кырдаал дал ушундайча калыптанып калды...” (Шилтеменин соңу).

Орусча түп нускасы:

“В 1939 году, после того как Польша посотрудничала с Гитлером, а Польша сотрудничала с Гитлером, и Гитлер предлагал — все документы у нас в архивах есть — с Польшей заключить мир, договор о дружбе и союзничестве, но требовал, чтобы Польша отдала назад Германии так называемый Данцигский коридор, который связывал основную часть Германии с Кенигсбергом и Восточной Пруссией.

После Первой мировой войны эта часть территории была отдана Польше, и вместо Данцига появился город Гданьск. Гитлер упрашивал их отдать мирно — поляки отказались. Но тем не менее сотрудничали с Гитлером и вместе занялись разделом Чехословакии.

Итак, перед Второй мировой войной, когда Польша посотрудничала с Германией, отказалась выполнять требования Гитлера, но тем не менее поучаствовала вместе с Гитлером в разделе Чехословакии, но, поскольку не отдала Данцигский коридор, все-таки поляки вынудили, они заигрались и вынудили Гитлера начать Вторую мировую войну именно с них. Почему началась война 1 сентября 1939 года именно с Польши? Она оказалась несговорчивой. Гитлеру ничего не оставалось при реализации его планов начать именно с Польши.

Кстати, Советский Союз — я читал архивные документы — вел себя очень честно… Ну, не важно.

А важно то, что война началась, и теперь уже сама Польша стала жертвой той политики, которую проводила в отношении Чехословакии, потому что по известным протоколам Молотова — Риббентропа часть этих территорий отошла к России, включая Западную Украину.

Россия под названием «Советский Союз» вернулась, таким образом, на свои исторические территории.

После победы в Великой Отечественной войне, как мы говорим, это Вторая мировая война, все эти территории окончательно были закреплены за Россией, за Советским Союзом.

А Польша в порядке компенсации, так надо полагать, получила западные, исконно германские, территории — восточную часть Германии, часть земель, это западные районы Польши сегодня. И естественно, опять вернули выход к Балтийскому морю, опять вернули Данциг, который стал называться по-польски. Вот таким образом сложилась эта ситуация…” (конец цитаты).

(Дагы караңыз: Гутионтов, Павел. «Гитлеру ничего не оставалось…»: Некоторые дополнения и пояснения к историческим изысканиям президента России Владимира Путина // Новая газета. – 10 февраля 2024 года. –

URL: https://novayagazeta.ru/articles/2024/02/10/gitleru-nichego-ne-ostavalos)

Т.Карлсондун В.Путин менен курган маеги жөнүндө “Немис толкунунун” азил сүрөтү. 09.2.2024.
Америкалык журналист Т.Карлсондун В.Путин менен курган маеги жөнүндө “Немис толкуну” (DW) жарыялаган карикатурада калпты көп айткан “шыпыр” Карлсондун да бул баарлашууга көзгө көрүнбөй катышкандыгы азилденет. 09.2.2024.

Владимир Путиндин чубалжыган куру чечен сөзүнүн артында айрым чыныгы окуялар жашырылып же бурмаланып берилген.

Маселен, Путиндин сөзүндө СССРдеги Иосиф Сталиндин режиминин 1939-жылы августта өз ыктыяры менен нацисттик Германиянын лидери Гитлерге ынтымакташ болгондугу бурмаланып сыпатталган.

Польшанын президенти Анджей Дуда. Гданьск. 01.9.2020.
Польшанын президенти Анджей Дуда Вестерплатте эскерүү жайында Экинчи дүйнөлүк согуштун 81 жылдыгына арналган эскерүү жөрөлгөсүндө сөз сүйлөп жатат. Гданьск шаары, Польша. 01.9.2020.

“Поляк өткөөлү” (“Данциг өткөөлү”) тууралуу учкай кеп

Владимир Путин гитлердик терминди колдонуп, “Данциг өткөөлү” деп атап жаткан тарыхый аймакты азыркы саясий адабиятта “Поляк өткөөлү” же “Польша өткөөлү” (немисче “Polnischer Korridor”; полякча “Korytarz polski”, орусча “Польский коридор”, англисче “Polish Corridor”) деп аташат.

“Поляк өткөөлү” деп аталган аймакты кээде “Деңизге карай өткөөл”, “Данциг өткөөлү”, “Гданьск өткөөлү” деп да атап коюшчу. Негизи, бул аймакты “Поляк өткөөлү” деп атоо анын тарыхый жагдайын толугураак чагылдырат, анткени Данциг (Гданьск) шаары жана анын айланасындагы ага таандык болгон шаарчалар менен кыштактар бул өткөөлдөн түндүк-чыгыштагы Польшадан салыштырмалуу эркин болгон бучкакты гана түзүп турган.

Ал эми Поляк өткөөлүнүн чыгышындагы бул автономиялык аймак “Гданьск эркин шаары” (полякча “Wolne Miasto Gdańsk”, немисче “Freie Stadt Danzig”) деп аталган.

Бул “Поляк өткөөлү” аймагы поляктарда “Помор воеводствосу”, б.а. “Деңиз жанындагы дубан” (полякча “Воеводство поморские” – “Województwo pomorskie”; орусча “Поморское воеводство”) деп да аталган.

Демек, Польшанын түштүгүрөөктө жайгашкан негизги аймагын түндүктө Балтика деңизи менен байланыштырган бул өткөөл бир эле учурда Помор воеводствосунун аймагын түзгөн. Бул аймак орто кылымдардын айрым доорлорунда Батыш Пруссияга кирген кезеңдер болгон.

Биринчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийинки 20 жыл бою (1920–1939-жылдары) өкүм сүргөн Экинчи Польша республикасынын тушундагы “Поляк өткөөлү” бул жумурияттын Балтика деңизине эркин чыгышын гана камсыз кылып чектелген эмес.

Бир эле учурда бул өткөөл аймак Германиянын (Веймардык Республиканын) негизги бөлүгүн анын Чыгыш Пруссия аттуу эксклав аймагынан да ажыратып турган (эксклав – кайсы бир өлкөнүн башка мамлекеттердин арасында калган бөлүгү).

Тарыхый Чыгыш Пруссия дубаны жана андагы Көнигсберг шаары – азыркы таптагы Орусияга караштуу эксклав болгон Калининград облусу менен Калининград шаары болуп саналышат.

Поляк өткөөлүнүн негизги калкын поляк тилинде сүйлөгөн калайык түзгөн.

Поляк өткөөлүнүн эң кууш тилкеси – болгону 30 чакырымдай эле узун болгон (салыштырсак, Бишкек менен Канттын ортосу – 25 чакырымдай эле эмеспи), ал эми анын кеңирээк тилкеси 200 чакырымга жакындап барган.

Бул өткөөлдүн түндүк чыгышында жайгашкан “Гданьск эркин шаары” деген аймактын калкынын басымдуу бөлүгү – немис тилдүү калк болгон. Албетте, бул шаар жана анын айланасы орто кылымдардан бери эле көп этностуулугу жана өзүн өзү башкаруудагы мол тажрыйбасы менен айырмаланган.

XII—XVI кылымдарда Данциг шаары деңиз соода жолдору менен байланыштуу кыйла автономиялык укуктарга ээ болгон шаарлардын Ганзей ынтымагына да кошулган.

Улуттар Лигасынын чечимине ылайык, 1920-жылдан тартып Данциг / Гданьск эркин шаары веймардык Германияга да, Польшага да таандык эмес өзүнчө автономиялык аймак болгон. Ал 1919-жылдагы Версал тынчтык келишиминин 3-бөлүгүнүн 11-бөлүмүнө ылайык, 1920-жылдын 10-январында негизделген автономиялык мамлекеттик түзүлүш болуп саналат.

Бул автономиялык аймак Улуттар Лигасынын калкасы астында жашаган, бирок Польша менен чогуу бажы биримдигин түзүп турган.

Польша бул парламенттик жумурият болгон чакан шаар мамлекетте тышкы саясат, почтоо, коргоо жана темир жолун камсыздоо сыяктуу тармактарда башка да ыйгарым укуктарга ээ болгон.

1939-жылы июнда нацисттик Германия Гданьск / Данциг эркин шаарынын аймагына тымызын түрдө СС батальонун жайгаштырган.

(Бул аскердик айла-амал 2014-жылы февралда, б.а. маскөөчүл саясатчы Виктор Янукович Киевде президенттиктен кете электе эле, орус президенти Владимир Путиндин “жашыл кийимчендери” Украинага таандык Кырым жарым аралына тымызын жөнөтүлгөн окуяны даана элестетип турат).

Гитлердик Германия Гданьск / Данциг эркин шаарындагы нацисттик топторду идеологиялык жактан да, аскердик жактан да колдоого алган.

(Путиндик Орусия 2014-жылдын башынан тартып Украинанын чыгышындагы жикчил топторду да каржылык, аскердик, идеологиялык үгүт ж.б. жактардан колдоого алып келүүдө).

Гданьск / Данциг эркин шаарын нацисттик Германия 1939-жылы 2-сентябрда өзүнө каратып алган.

1939-жылы 12–13-ноябрда Данциг аймагында дагы антисемиттик талоон жана ойрондоо чаралары жүргүзүлгөн.

1945-жылы бул аймак биротоло Польшага кайтарылды.

Айтмакчы, Гданьск / Данциг аймагындагы шаарлардын бири – айтылуу курорт шаар Сопот (немисче Цоппот) болуп саналат.

Коммунисттик доордо бул шаарда социалисттик өлкөлөр үчүн даңазалуу болгон эл аралык обондуу ыр фестивалдары өтүп тургандыгы маалым. 1977-жылы Сопот фестивалына казак ырчысы Роза Рымбаева катышкандыгы эсибизде.

(Орусиянын Украинага кеңири өлчөмдө согуш жүргүзө баштагандыгына байланыштуу 2022-жылы 10-мартта Сопот шаары өзүнүн орусиялык Петергоф шаары менен “бир тууган шаар” макамын токтотуп салды).

Айтмкчы, дал ушул Поляк өткөөлү жана Данциг аймагы далай чатакка жем таштайт ко деген санааркоолор XX кылымдын 30-жылдарында айтылып келген.

Герберт Уэллс (Herbert George Wells; 1866–1946)
Улуу британиялык фантаст Герберт Уэлл (Herbert George Wells; 21.9.1866 – 13.8.1946).

Маселен, улуу британиялык даңазалуу фантаст Герберт Уэллстин (Herbert George Wells; 1866–1946) көрөгөчтөй жазылган бир чыгармасын эскертип өтөлү. Анын 1933-жылы сентябрда жарык көргөн "Келечектеги нерселердин сырт шекили" (“The Shape of Things to Come”) аттуу чыгармасында Экинчи дүйнөлүк согуш немистер менен поляктардын кандуу кагылышуусу менен башталат деп жазылган.

Ири жаңжал Данциг шаарындагы темир жол бекетинде 1940-жылы январда башталаары да чыгармада божомол кылынып көрсөтүлгөн.

Экинчи дүйнөлүк согуш 1940-жылдын январынан төрт ай эртерээк башталды. Анын алгачкы салгылашуусу Данциг (Гданьск) шаарында өткөн эмес. Бирок “Данциг өткөөлү” (“Поляк өткөөлү”) Гитлердин режими үчүн Польшага каршы баскынчылык үчүн шылтоолордун бири болгондугу анык.

Дагы бышыктап кайталасак, 1920–1939-жылдардагы “Поляк өткөөлү” Гданьск / Данциг эркин шаарынын батышында жайгашкан. Бирок Поляк өткөөлү бул автономиялык түзүлүш менен чарбалык тыгыз байланышта болгон.

Ошентип, путиндик сөздөгү “Данциг өткөөлү” деген мурдагы нацисттик термин, иш жүзүндө, “Поляк өткөөлү” деген термин аркылуу тарыхый жактан тагыраак аңдалат.

Поляк генералы Константин Плисовский (1890––1940).
Поляк генералы Константин Плисовский (1890––1940). Ал 1939-жылы Брест шаарында нацисттерге каршы каармандык менен салгылашкан жана 1 жылдан кийин Харьковдо сталиндик абакта өлтүрүлгөн.

Эмне үчүн Путин Гитлердин Поляк өткөөлү тууралуу талабына жан дили менен ынанат?

Владимир Путиндин Адолф Гитлердин “Польша өткөөлүн” (“Данциг өткөөлүн”) “тынч жол менен бизге кармата бер” деген 1939-жылдагы расмий Варшавага жолдогон баскынчыл талабын “мыйзамдуу талап” сыяктуу кабыл алгандыгы – бул азыркы орусиялык авторитардык лидердин XX кылымдын 30-жылдарынын соңундагы гитлердик баскынчы пландарга кыйыр тилектеш болгондугун ашкерелейт.

Владимир Путин журналист Такер Карлсон менен маегинде өзүнө өзү суроо жолдоп, кайра жооп узаткан бир үзүндүнү кайталай кетелик:

...Эмне үчүн бул согуш 1939-жылдын 1-сентябрында дал ушул Польшадан башталган? Ал (Польша) – келишкис болуп чыкты. Гитлерде өз пландарын жүзөгө ашырууну дал ушул Польшадан баштоодон бөлөк эч бир жол калган эмес...

Мында Гитлердин XXI кылымдын башындагы жаңы бир апологети (актап-жактоочусу) турганын аңдоо деле кыйын эмес.

Молотов-Рибентроп пактына кол коюу учуру. 1939.
Молотов-Рибентроп пактына кол коюу учуру. 23.8.1939.

Ал эми чыныгы тарыхый окуяларга кайрылчу болсок, фашисттик жана коммунисттик диктатуралардын лидерлери Адолф Гитлер менен Иосиф Сталин 1939-жылы августта Молотов–Риббентроп пактынын жашыруун протоколдору аркылуу Борбордук жана Чыгыш Европанын Гитлер басып ала элек өлкөлөрүнүн аймактарын (анын ичинде Польша, Финляндия, Латвия, Литва жана Эстонияны) бул өлкөлөрдүн калкынын маанайы жана мүдөөсү менен эч кандай иши жок эле “өз таасирлерине кирчү тилкелерге” ченеп-бычып бөлүп алышкан.

(Элестүү айтканда, өлө элек аңдын териси бул аң колго түшө электе эле сыртынан бөлүнүп-бычылып алынган).

Иосиф Сталин 1939-жылы 23-августта кечкурун СССР менен Германиянын өз ара кол салышпоо тууралуу келишимине (Молотов–Риббентроп пактына) расмий кол коюлгандыгына байланыштуу Кремлде берлиндик коноктордун урматына сый тамак уюштурган. Кечеде алгачкы тост Германиянын тышкы иштер министри Йоахим фон Риббентроптун урматына “ийгилик жылоологон министр” катары аны мактоо менен коштолуп көтөрүлгөн.

Бул кызыл Маскөө жана кочкул-кызыл Берлин үчүн “шаңдуу” күнү, 23-августта, “Поляк өткөөлү” түгүл бүтүндөй Польша аймагы бул эки тоталитардык ажыдаарга жем болгону калганына чейин дагы сегиз күндөн саал ашуун гана саналуу убакыт калган.

Ал эми 1939-жылдын 1-сентябрында таңга маал нацисттик Германия эгемен Польшага каршы согуш баштаган.

Айтмакчы, 1-сентябрда Гитлер жарыялаган буйрукта “польшалык баскынчылыкка” каршы “жигердүү коргонуу” багытындагы иш-аракет жөнүндө гана сөз болгон.

Мында нацисттер өздөрү поляк жоокерлеринин кийимин кийип алып, 31-августта Глайвиц (Gleiwitz; азыркы түштүк польшалык Гливице / Gliwice) шаарындагы немис тилдүү үналгы бекетине кол салган чагымчыл окуяны шылтоо катары колдонушкан.

(Бул амалды Путин да 2022-жылы 24-февралда колдонуп, эгемен Украинага каршы кеңири өлчөмдөгү согуш аракеттерин “атайын аскердик чара” деп гана атады.

Бул чыныгы согуш аракеттерин “согуш” деп баалагандар азыркы Орусияда жазага кабылып келишти.

Буга бир мисал келтирелик. 2022-жылы 8-июлда Маскөө шаарынын Мещанский райондук соту шаардын Красносельский районунун муниципалдык депутаты Алексей Гориновго орусиялык армия тууралуу “атайылап жалган маалымат тараткан” деген доо боюнча айыптоочу өкүм чыгарды.

А.Горинов мырза жергиликтүү отурумга “Бул согуш дагы эле Сиздерге керекпи?” деген жазуусу бар көрнөк алып келген, бирок аны залда отургандарга көрсөтүүгө ага мүмкүнчүлүк берилген эмес.

Бул жарандык нааразылык чарасы үчүн А.Горинов мырза жети жылга жалпы тартиптеги абакка (колонияга) кесилди).

Польша менен өз ара келишимдери бар бир катар Батыш өлкөлөрү 1939-жылы 3-сентябрда гитлердик Германияга каршы согуш жарыялашкан. Алар Гитлердин “жигердүү коргонуу” жөнүндөгү сөздөрүнө алданып калышкан эмес.

Алгачкы болуп нацисттик Германияга согуш жарыялагандардын арасында Улуу Британия, Франция, Австралия, Жаңы Зеландия болгон. Бир нече күндүн ичинде аларга Канада, Ньюфаундленд, Түштүк Африка Биримдиги жана Непал да кошулган.

Сталиндик режим болсо... өзүнүн нацисттик шеригин колдоп, 1939-жылдын 17-сентябрында Кызыл аскерлерди чыгыш тараптан эгемен Польшага каршы баскынчыл жортуулга аттандырган. Бул – Польшага аркасынан сайылган канжардай эле болгон.

1939-жылы 22-сентябрда нацисттер менен кызылдар Польшадан каратылып алынган Брест шаарында германдык-советтик аскердик достук парадын биргелешип өткөрүшкөн. Тымызын макулдашууга ылайык, нацисттик аскерлер Польшанын чыгышындагы аймактарды кызыл аскерлерге тынч гана өткөрүп беришкен...

Брестти нацисттерден кызылдарга өткөрүү аземи. 22.9.1939.
Брестти нацисттерден кызылдарга өткөрүү аземи. Аскердик парадды генерал Хайнц Гудериан менен комбриг Семён Кривошеин кабыл алууда. 22-сентябрь, 1939-жыл.

Мындагы башкы нерсе – Польшага чыгыштан басып кирүү тууралуу кремлдик долбоор (Гитлердин “Поляк өткөөлү” тууралуу дооматынан көз каранды эмес эле) иштелип чыккандыгында.

1939-жылы 1-сентябрдагы согуш аракеттери башталаардан 8 күн жана бир нече саат мурдараак ушул кремлдик долбоор Иосиф Сталиндин улутчул социалист шериги Адолф Гитлердин “батасына” ээ болгондугу Советтер Биримдигинде 1989-жылга чейин жаап-жашырылып келген.

Сталиндик режим 1939-жылы 17-сентябрдан тартып Чыгыш Польшаны ийгиликтүү басып алган, ал эми 1940-жылы Румыниядан Бессарабияны тартып алган, ошол эле 1940-жылы Балтика боюндагы үч жумуриятты каратып алган. Бардык басып алынган аймактардагы антикоммунисттик элита дароо эле сталиндик репрессияларга кабылган.

Ал эми Финляндияга келсек... 1939–1940-жылдагы кышкы согуш аракеттери маалында бул эгемен өлкөгө басып кирген Кызыл армиянын бөлүктөрүнүн “тиши сынган”, б.а анын баскынчыл жортуулдарынын мизи майтарылган... Финляндиянын айрым жерлери убактылуу каратылып алынганына карабастан, бул өлкө өз эгемендигин жана демократиячыл түзүлүшүн сактап калууга жетишкен. Ал эми СССРде бозгунда түзүлгөн коммунисттик фин өкмөтү кагаз бетиндеги сталиндик долбоор бойдон калган.

(Айтмакчы, Советтер Биримдигинин саясий картасында анын 16-союздук жумурияты болуп 1940–1956-жылдары Карел-Фин ССРи жашап тургандыгын азыркы көпчүлүк жаштар биле беришпейт. Сталиндик долбоор толук жүзөгө ашырылчу болсо, анда Хелсинки шаары бул союздук жумурияттын кийинки борбору болуп калмак).

Советтик гезиттердин бири. 1939-ж.
Советтик "На страже Родины" басылмасында "Финляндиянын элге каршы өкмөтү СССРге каршы согуштук чагым жасады" деген баш макала жарыяланды. 1939-ж.

Путин тарабынран тарыхты бурмалоонун жана Гитлердин баскынчыл планын актоонун сыры эмнеде?

Анын сыры – өтө жөнөкөй эле.

2014-жылдан тартып постсоветтик Орусия “күчтүү мамлекет” катары кол салганда, “күчсүз” деп саналган постсоветтик Украина Кырымды жана Донбасстын бөлүгүн Путиндин режимине акыйлашпастан тынч гана өткөрүп берсе дурус болмок, деген кыйды ой – дал ушул тарыхый бурмалоонун тымызын маңызын көрсөтөт десек жаңылышпаспыз.

Иш жүзүндө орусиялык баскынчылардын 3–5 күндө Киевдеги демократиячыл бийлик кулайт, президент Владимир Зеленский бозгунга качып кетет, ал эми карапайым украиндер мындан ары өздөрүн “орус эли” деп атоого шаттануу менен макул болушуп, орусиялык баскынчы жоокерлерди гүлдестелер, нан жана туз менен тосуп чыгышат, деген "блицкриг" ("чагылгандан тез согуш") кыялдары ойрон болду.

Украинанын президенти В.Зеленский менен Германиянын канцлери О.Шольц . Берлин. 16.2.2024.
Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Германиянын канцлери Олаф Шольц коопсуздук боюнча кызматташтык жана Украинага узак мөөнөттүү колдоо тууралуу келишимдерге кол коюшту. Берлин. 16.2.2024.

2024-жылдын 18-февралына карата Орусиянын Украинага кол салган 2014-жылдын учурунан бери 3598 күн, ал эми 2022-жылдын 24-февралындагы кеңири өлчөмдөгү согуш аракеттеринен бери 724 күн болду.

Караңыз:

https://newsworld.com.ua/ru/skolko-vremeni-dlitsya-vojna-v-ukraine/

1938–39-жылдарда Адолф Гитлер Борбордук Европада баштаган баскынчыл согуш аракеттери бара-бара Экинчи дүйнөлүк согуштун отун алоолонткон, бирок акыры-түбү нацисттик режим ойрон болгон.

Тарыхтын бул ачуу сабагын азыркы бир баскынчы кыйшык күзгү аркылуу карап окуп, өзүнө ылайыктап бурмалоого далаалаттанып жаткандыгы өкүндүрбөй койбойт. Бирок анын да мыйзам чегинде тактыдан түшөөр сааты жакындоодо, деп ишенгибиз келет.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG