Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:16

Стамбулдагы чиркөөгө кол салгандар кимдер?


Түрк полициясы Санта-Мария чиркөөсүнүн жанында күзөттө турат. Стамбул, Түркия. 28-январь, 2024-жыл.
Түрк полициясы Санта-Мария чиркөөсүнүн жанында күзөттө турат. Стамбул, Түркия. 28-январь, 2024-жыл.

Расмий Анкара жекшембиде Стамбулда католиктердин чиркөөсүндө бир кишини өлтүргөн шектүүлөр кармалганын, алар орусиялык жана тажикстандык жарандар экенин жарыялады. "Ислам мамлекети" террордук уюму кол салуу үчүн жоопкерчиликти мойнуна алды.

Түркиянын ички иштер министри Али Йерликая жалпысынан 47 киши кармалганын, алардын дээрлик көпчүлүгү "Ислам мамлекети" (ИМ) террордук уюмунун мүчөлөрү болушу ыктымал экенин билдирди:

"Шектүүлөрдүн экөө тең чет өлкөлүк жарандар. Бирөө Тажикстандан, экинчиси Орусиядан келген. Алардын ИМге мүчөлүгү иликтенүүдө".


Йерликаянын мындай билдирүүсүн утурлай ИМ террордук уюму чиркөөгө кол салуу үчүн жоопкерчиликти мойнуна алды.

Бул боюнча расмий Дүйшөмбү жана Кремль эч кандай билдирүү жасай элек.

Чиркөөгө кол салуу

28-январда Стамбулда беткапчан эки адам таат окулуп жаткан маалда католиктердин чиркөөсүнө кол салган. Коопсуздук камерасына түшкөн видеодон эки шектүү чиркөөгө кирип, дароо бир кишини башка атканын көрүнөт.

Окуя жергиликтүү убакыт боюнча саат 11.40 чамасында Сырыер-Бүйүкдере районундагы Санта-Мария чиркөөсүндө болгон.

Чиркөөдөгү кол салуу учуру. Скриншот CCTV телеканалынын видеосунан алынган
Чиркөөдөгү кол салуу учуру. Скриншот CCTV телеканалынын видеосунан алынган


Стамбул шаарынын губернатору Давут Гүл 52 жаштагы Тунжер Жихан атуу киши каза тапканын, башка жараат алгандар жок экенин кабарлады. Кол салууга эмне себеп болгону азырынча беймаалым.

Жекшембиде Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Санта-Мария чиркөөсүнүн дин кызматкери Антон Булай менен телефондон сүйлөшүп: "Учурда полиция бөлүмүбүздүн иштеши үчүн мүмкүнчүлүктөр түзүлдү, кылмышкерлер кыска убакытта кармалат деп ишенем", - деди.


Маалымат каражаттары ал чиркөөгө Стамбулда жашаган италиялыктар барарын жазышууда. Италиянын премьер-министри Жоржия Мелони да Стамбулдагы кол салууну айыптады.

"Италия өкмөтү Тышкы иштер министрлиги аркылуу Стамбулдагы Санта-Мария чиркөөсүндө болгон окуяга көз салууда. Бул жийиркеничтүү иш үчүн терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана аны айыптайбыз", - деп жазды Мелони Х баракчасына.

Белгилей кетсек, өткөн айда Түркияда христиандардын храмдарын жана синагогаларды, Ирактын элчилигин бутага алган теракттарды даярдаган деген шек менен 30дан ашуун киши кармалган. Алар "Ислам мамлекети" террордук уюмунун мүчөлөрү болгону айтылган.

Террордук топко азгырылган борбор азиялыктар

Түрк полициясы соңку жылдары Түркияда ИМге мүчө болгон деп ондогон борбор азиялыкты депортациялаганын кабарлап келет. Былтыр жайында Стамбулда радикал топтун "Хорасан" канатынын лидерлеринин бири тажикстандык Шамил Хукуматов камалган. Түрк маалымат каражаттары билдиргендей, "Абу Мискин" деген каймана ысым менен белгилүү Хукуматов террордук топтун катарына жаңы согушкерлерди азгыруу менен алектенген.

Аны менен кошо аялы да кармалып, бошотулганы маалым болду. Үйүн тинтүү учурда радикал террордук уюм менен байланышы бар документтер жана ар кандай буюм-тайымдар табылган. "Анадолу" агенттиги түрк коопсуздук кызматтарындагы булактарга таянып жазгандай, тажикстандык жаран жаңы согушкерлерди азгыруудан тышкары "ИМ-Хорасан" экстремисттик тобу үчүн каржы чогултуп жүргөн.

2022-жылы Түркия Тажикстанга "Абу Довуд" деген лакап ат менен белгилүү Парвиз Саидрахмоновду өткөрүп берген. 2022-жылдын соңунда Дүйшөмбү соту Саидрахмоновду бир нече оор кылмыштарга, анын ичинен чет өлкөнүн аймагында куралдуу жаңжалга катышканы жана башкаларды ал жакка азгырганы үчүн күнөөлүү деп таап, 21 жылга эркинен ажыраткан.

Түрк бийлиги былтыр Тажикстандын өтүнүчү менен кармалып, депортация бөлүмүндө отурган 44 жаштагы Фотима Гиёсова менен анын 19 жаштагы уулу Махмадулло Дониёрзоданы бошоткон.

Фотима Гиёсова менен анын уулу Махмадулло Дониёрзода.
Фотима Гиёсова менен анын уулу Махмадулло Дониёрзода.

Гиёсованын кичүү уулу Иброхим Дониёрзода "Озоди" радиосу менен байланышып, Стамбулга чектеш Кожаели райондук сотунун 2023-жыл, 8-декабрдагы чечими менен апасы жана агасы бошотулганын айткан. Алар "Сирияда "Ислам мамлекети" террордук тобунун катарында согуштук аракеттерге катышкан болушу мүмкүн" деген шектенүүлөр тастыкталган эмес.

Маалыматтарга караганда, алар 2015-жылдан бери Стамбулга жакын жайгашкан Кожаeли провинциясында турат жана убактылуу жашоого уруксаты бар.

Эне-баланын Сирия жана Ирактагы согушка катышканын көз карандысыз булактардан бышыктоо азырынча мүмкүн эмес.

2014-жылдан 2017-жылга чейин Ирак менен Сириядагы "ИМ" террордук тобунун желеги астында согушууга кеткен 2000 тажик жараны үчүн Түркия негизги транзиттик жол болгон. Көптөгөн тажикстандыктын тагдыры азырынча белгисиз.

Тажик бийлиги 2022-жылы чет өлкөлөрдөн 100гө жакын кишини экстрадициялаган, анын ичинен 18и терроризм жана экстремизмге шектелген. Алардын көбү мекенинде узак мөөнөткө эркинен ажыратылган.

1368 жылга кесилген Машарипов

Өзбекстандын Кокон шаарында туулган Абдулкадыр Машарипов 2017-жылы 1-январда Стамбул шаарындагы "Рейна" түнкү клубуна кол салган. Анда 39 киши өлүп, 70ке жакыны жарадар болгон.

Абдулкадыр Машарипов.
Абдулкадыр Машарипов.

Машарипов окуядан 16 күндөн кийин Стамбул шаарында жашырынап жаткан үйдөн атайын операция учурунда кармалган. 2020-жылы Стамбул соту Машариповду 40 жолу өмүр бою эркинен ажыратып, ал баш-аягы 1368 жылга кесилген. Кандуу калаба үчүн жоопкерчиликти да "Ислам мамлекети" террордук уюму өз мойнуна алган.

Ал эми түрк расмий мекемелери азыркыга чейин өлкөдө экстремисттик топторго мүчө болгон борбор азиялык канча киши бар экенин маалымдай элек.

Бейрасмий маалыматтарга караганда, Түркияда ар кандай экстремисттик уюмдарга мүчө болгон борбор азиялык үч миңге жакын үй-бүлө жашайт. Алардын бери дегенде миңге жакыны өзбекстандыктар.

"Ислам мамлекети" тобун Кыргызстанда сот экстремисттик деп таап, ишмердигине тыюу салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG