Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:13

Иран: көрүстөндөгү кош жардыруу 84 кишинин өмүрүн алды


Ирандагы жардыруу, тараптардын айыптоосу
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:43 0:00

Ирандагы жардыруу, тараптардын айыптоосу

«Ислам мамлекети» террордук уюму 3-январда Иранда болгон эки жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды.
Ага чейин Ирандын президентинин жардамчысы 3-январдагы жардыруулар үчүн Израил менен Америка Кошмо Штаттарын айыптады. АКШнын Мамлекеттик департаменти кеминде 84 кишинин өмүрүн алган окуяга алардын эч кандай тиешеси жок экенин билдирип, дооматтарды четке какты. Кош жардыруу Ирандагы таасирдүү генерал Касем Сулейманинин өлүмүнүн төрт жылдыгы белгиленип жаткан маалда болгон.

Иранда 4-январь Аза күтүү күнү деп жарыяланды. Ирандын мамлекеттик IRNA маалымат агенттиги Улуттук тез жардам кызматынын башчысы Жафар Миадрафка шилтеме жасап, окуяда набыт болгондордун саны 95тен 84кө азайганын, жараат алгандардын саны 280ден ашканын кабарлады. 3-январда каза болгондордун саны жүздөн ашканы маалымдалып, тактоо иштеринен кийин бул сан азайды.

Кош жардыруу 3-январда Ислам жумуриятынын Революция сакчыларынын корпусуна кирген тандалма Кудс бөлүгүнүн кол башчысы Касем Сулейманинин киши колдуу болушунун төрт жылдыгы белгиленип жаткан маалда болду.

Ирандын бийлиги окуяны теракт катары мүнөздөп, аны АКШ менен Израилден көрдү. Президент Ибрахим Раисинин жардамчысы Мохаммад Жамшиди бул тууралуу X социалдык түйүнүнө жазды. Ал эч кандай далил келтирген жок.

Ал эми Ирандын лидери Ибрахим Раиси жардыруунун артында тургандар оор кун төлөрүн айтты.

"Бул күндөрү Касем Сулейменинин ыйык мүрзөсүнө абдан көп адамдар барат. А силер аларды мына ушундай зулум аракетиңер менен коркутууну көздөп жатасыңар. Билип койгула, бул аёосуз кылмыш үчүн оор кун төлөйсүңөр", - деди президент 4-январда жасаган билдирүүсүндө.

Кошмо Штаттар мындай дооматтарды дароо четке кагышты. АКШнын Мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Мэтью Миллер азырынча жардыруунун себептери тууралуу айтуу эрте экенин билдирди.

"Биз бул жардырууда каза болгондордун жана жабыркагандардын жакындарына көңүл айтабыз. Азырынча буга эмне себеп болгонун айтууга эрте. Кошмо Штаттардын эч кандай тиешеси жок. Экинчиден, буга Израилдин кандайдыр бир катыштыгы бар дегенге да бизде негиз жок", - деди ал.

Ирандагы жардырууда жабыркагандарга жардам көрсөтүп жатышат. 3-январь, 2024-жыл.
Ирандагы жардырууда жабыркагандарга жардам көрсөтүп жатышат. 3-январь, 2024-жыл.

Ирандын “Мизан” маалымат агенттиги жардыруулар Керман шаарындагы Сулейманинин мүрзөсүнө жакын жерде болгонун билдрген. Интернетке тараган видеолордон эки жардыруунун ортосу 15 мүнөттү түзгөнүн көрүүгө болот. Бул маалда Сулейманини эскерүү үчүн көрүстөнгө жүздөгөн киши чогулган.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш жардырууларды кескин айыптады. Бул тууралуу анын расмий өкүлү Флоренция Сото Нино билдирди.

2020-жылы Сулейманини акыркы сапарга узатуу зыйнатына миңдеген кишилер катышып, 56 киши тебелендиде калып көз жумган. 200дөн ашууну жараат алган.

Касем Сулеймани. 2-октябрь, 2019-жыл.
Касем Сулеймани. 2-октябрь, 2019-жыл.

Касем Сулеймани ким болгон?

Ислам жумуриятынын Революция сакчыларынын корпусуна кирген тандалма Кудс бөлүгүнүн кол башчысы Сулеймани 2020-жылы 3-январда Багдаддын жанындагы аэропортко бараткан жолдо америкалык дрондун соккусунан каза тапкан. Беш күндөн кийин Тегеран ага жооп катары АКШнын Ирактагы күчтөрү жайгашкан эки базага сокку урган.

Генерал Ирак жана Сириядагы согуштардын "башкы архитектору" деп саналчу.

Орусиянын президенти Владимир Путинди Сириядагы согушка аралашууга дал ушул генерал көндүргөнү айтылып жүрөт. 62 жаштагы Сулеймани согуштук иштер боюнча Ирандын бейформал тышкы иштер министри, эң таасирдүү экинчи киши катары саналчу. Жакынкы Чыгышта аны жек көргөндөр да, ага кудайындай сыйынгандар да көп эле.

Касем Сулеймани Сирияда Башар Асадга жардамдашып, миңдеген шийи согушкерлерине курал бергени, Иракта шийи кошуундарын жандандырганы маалым. Мына ушул чыр-чатактар мурда ага чейин анча таанылбай келген Касем Сулейманини Ирандагы таасирдүү адамга айланткан.

Генерал өлтүрүлгөн учурда АКШнын ошол кездеги президенти Дональд Трамп ал "узак убакыт бою миңдеген америкалыкты өлтүрүп, жарадар кылган, андан көбүн өлтүрүүнү пландаган" деп Твиттердеги баракчасына жазган.

Сулеймани менен чогуу ирактык командачы Абу Хамид ал-Мухандис окко учкан.

Ислам жумуриятынын Революция сакчыларынын корпусуна кирген тандалма Кудс бөлүгүн Кошмо Штаттар "террордук уюм" катары жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG