Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:42

Исламабад менен Тегеран биргелешкен билдирүү жарыялашты


Ирандын башкы дипломаты Хосейн Амир-Абдоллахиян.
Ирандын башкы дипломаты Хосейн Амир-Абдоллахиян.

Иран жана Пакистан өкмөттөрү элчилери кайрадан өз кызмат орундарына кайтып жатышканын жана келерки аптада Ирандын тышкы иштер министри Исламабадга иш сапар менен барарын жарыялашты.

Эки өлкө ортосунда чыңала түшкөн мамиле, ошентип, кайрадан кадимки нукка келе баштаганын байкоочулар белгилөөдө.

Өткөн аптада Иран Пакистандын, Ирактын жана Сириянын аймагына сокку урган. Расмий Тегеран Пакистанда белужистандык жикчилердин кызыкчылыгын жактаган «Жейш ал-Адл» тобу, Иракта “израилдик тыңчылардын борбору”, ал эми Сирияда “Ислам мамлекети” террордук тобунун туруму бутага алынганын билдирген. Бир нече адамдын, анын ичинде балдардын өмүрү кыйылган.

18-январда Пакистан Ирандын аймагындагы жети объектиге сокку урган. Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө "Ирандын Систан жана Белужистан провинциясында террористтер топтолгон жерлерге эң так координацияланган жана максатка багытталган жогорку тактыктагы аскердик соккулар урулду", - деп белгиленген. Бир нече адам жок кылынганы кабарланган. Ошол эле учурда расмий Исламабад Иранды бир тууган өлкө деп атап, анын суверенитети менен аймактык бүтүндүгүн урматтай турганын кошумчалаган.

Бул окуялардан кийин Пакистан Тегерандагы элчисин чакыртып алып, ирандык элчинин Исламабадга кайтуусуна жол бербей койгон.

Эки өлкөнүн 22-январда жарыяланган биргелешкен билдирүүсүндө Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир-Абдоллахиян Исламабадга 29-январда барары кабарланды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG