Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:37

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал, Ирандын соккусу


Иран армиясы Ирактын Күрдстан аймагын бутага алууда. 29-сентябрь, 2022-жыл. Архивдеги сүрөт.
Иран армиясы Ирактын Күрдстан аймагын бутага алууда. 29-сентябрь, 2022-жыл. Архивдеги сүрөт.

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу Ирактын Күрдстан автоном аймагындагы жана Сириядагы Тегеранга каршы күчтөргө сокку урганын билдирди. Маалыматка караганда, баллистикалык ракеталар менен Израилдин чалгын кызматы - Моссаддын “тыңчылар” кеңсеси жок кылынды.

Бул маалыматты көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес. Расмий Тель-Авив аны бышыктай элек. Тегерандын соккулары Жакынкы Чыгыштагы абал ого бетер курчуп кетет деген тынчсызданууну күчөттү.

Франц-пресс агенттиги, Ислам революциялык сакчылар корпусуна шилтеме жасап, Сириядагы соккулар “Ислам мамлекети” террордук уюмунун инфратүзүмдөрүнө урулганын жазды.

Бул чабуул радикал уюмдун 3-январда Керман шаарындагы 80ден көп адамдын өмүрүн алган жардыруулары үчүн өч алуу экени белгиленди.

Reuters агенттиги жазгандай, жардыруулар Эрбилден кырк чакырым алыс аймакта да болгон. Ал жакта АКШнын консулдугу жайгашкан. Американын Улуттук коопсуздук кеңешинин расмий өкүлү Эдриенн Уотсон Ирандын чабуулдарын жоопкерчиликсиз соккулар катары мүнөздөдү.

“Биз Ирактын түндүгүнө жана Сирияга урулган соккуларга байкоо жүргүзүп жатабыз. Америкалык объекттер жана кызматкерлер жабыркаган жок”, - деди Уотсон.

Иран Ирактагы жана Сириядагы күчтөргө сокку урду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:10 0:00

Күрдстан автономиясынын бийлиги Тегерандын соккуларынан кеминде төрт карапайым тургундун өмүрү кыйылып, алты адам жараат алганын билдирди. Ал эми аймактын премьер-министри Масрур Барзани Эрбилге жасалган ракеталык соккуларды “күрд элине каршы кылмыш” деп атады.

DPA агенттиги белгилегендей, Иран буга чейин 1200 чакырым аралыкка чейин ракеталык сокку жасап көрө элек болчу. Агенттик муну менен Тегеран "Израилдин аймагына сокку ура алабыз" деген так белги бергендей болду деп жазды. Иран ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп саналган) уюмун жана Йемендеги хуситтерди колдоп келет.

Эрбилге жасалган Ирандын соккуларынын кесепети. 16-январь, 2024-жыл.
Эрбилге жасалган Ирандын соккуларынын кесепети. 16-январь, 2024-жыл.

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал тынчсыздануу жаратууда

Тегерандын соккулары Жакынкы Чыгыштагы абал ого бетер курчуп кетет деген тынчсызданууну күчөттү. Газада Израил менен ХАМАС радикал уюмунун согушу уланууда. Ал эми Иран колдогон йемендик хуситтер былтыркы ноябрдан бери дрондор, ракеталар менен Кызыл деңиздеги товар ташыган кемелерге сокку уруп келатышат.

Ирандын тышкы иштер министри Хусейн Амир Абдуллахян хуситтер кемелерге чабуулду улантарын ырастады.

"Санадагы жогорку даражалуу аткаминерлер бизге билдиргендей, Газада геноцид уланып жаткан маалда, алар израилдик кемелерди жана Израил портторуна багытталган кемелерди блоктоону улантышат", - деди министр 15-январда.

Йемен - дүйнөдөгү эң жакыр мамлекеттердин бири. Ал жакта 2014-жылдан бери жарандык согуш уланууда. Туура 10 жыл мурда хуситтердин кыймылы Йемендин баш калаасы Сананы басып алган.

Андан тышкары хуситтер өлкөнүн түндүгүн жана Кызыл деңиздин жээгин көзөмөлдөп келет. Ошондой эле Европа менен Азияны бириктирген Баб-эль-Мандеб булуңу да алардын карамагында.

Кошмо Штаттардын Куралдуу күчтөрүнүн борбордук командычылыгы билдиргендей, 2023-жылдын 19-ноябрынан бери хуситтер соода кемелерине 26 жолу чабуул койгон. Муну менен алар Газадагы Израилдин аскердик операциясы үчүн өч алып жатканын айтышууда. Ошондой эле алар Израил менен байланышы бар кемелерди гана бутага алып жатканын белгилешкен. Анткен менен байкоочулар Израилге эч кандай тиешеси жок кемелер да соккуга дуушар болгонун айтууда.

АКШ башында турган операциянын алкагында, аскердик кемеден Йемендеги хуситтердин жайларына каршы ракета учурулуп жатат. 12-январь, 2024-жыл.
АКШ башында турган операциянын алкагында, аскердик кемеден Йемендеги хуситтердин жайларына каршы ракета учурулуп жатат. 12-январь, 2024-жыл.

Кызыл деңиздеги кемелерге жасаган чабуулу үчүн куралдуу топтун жайларын АКШ жана Британия бутага алды. Анын себебин АКШнын БУУдагы элчиси Линда Томас-Гринфилд мындайча түшүндүрдү:

"Кошмо Штаттар ансыз да жаңжалдардын сазына баткан региондо дагы бир чыр-чатактын пайда болушун каалабайт. Биз чыңалууну басаңдатууну жана кемелердин эркин жүрүшүн камсыздаган негизги принциптерди сактоо менен Кызыл деңиздеги стабилдүүлүктү калыбына келтирүүнү максат кылабыз".

Маанилүү деңиз маршрутунун мындай кооптуу абалга кептелиши дүйнөлүк базарда баалардын кымбатташына алып келди. Айрым компания, ишканалар товар чыгаруу процесси үзгүлтүккө учураганын айтууда.

"Израилге жасалган чабуулдар, андан кийинки Газадагы операциядан кийин эле жалпы аймакта, Ирак менен Сирияда чыңалуу курчууда. Буга жооп катары америкалык базаларга чабуулдар жасалды. Израил менен Ливандын ортосунда атышуу көбөйдү. Бир топтон бери хуситтердин деңиз кемелерине чабуулдары уланып жатат. Эскалация курчууда. Болгону ал канчалык катуу болот деген суроо бар. Кызыл деңиздеги кырдаал хуситтердин жообуна жараша өнүгөт", - дейт Бириккен кызматтардын падышалык институтунун жетекчи орун басары Мальколм Чалмерс.

Эксперттердин айтымында, хуситтер Газадагы кырдаалды колдонуу менен мусулман дүйнөсүндөгү өз популярдуулугун артырууну көздөп жатышат, ошондой эле Иранга алар канчалык натыйжалуу өнөктөш экенин көрсөткүсү келет. Өз чабуулдарында Кызыл деңиздеги чабуулдары үчүн канаттуу жана баллистикалык ракеталарды, дрондорду жана экипажсыз суу алдында жүрүүчү кемелерди колдонгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG