Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:53

Балыкчыда кызды сүзүп, качып кеткени айтылган милиция башчысы кармалды


Окуучу кызды автоунаа коюп кеткен учур видеокамераларга түшүп калган.
Окуучу кызды автоунаа коюп кеткен учур видеокамераларга түшүп калган.

26-январда түш ченде Балыкчы шаарында жол боюнда турган 12 жаштагы кызды милицияга таандык автоунаа коюп кетип, ал видеокамераларга түшүп калган. ИИМ бул окуяга байланыштуу 27-январда Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Бектур Осмонбаев кармалганын маалымдады.

Маалыматта Осмонбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүлүп берилери айтылган.

Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүнүн башчысы Бектур Осмонбаев. ИИМдин сүрөтү.
Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүнүн башчысы Бектур Осмонбаев. ИИМдин сүрөтү.

Бир аз мурда УКМК Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүнүн башчысы Бектур Осмонбаевге издөө жарыяланганын маалымдаган. Атайын кызматтын маалыматына караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 144-беренесинин 2-бөлүгүндө (Коркунучта калтыруу, этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирген жосун) каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголгон.

“2024-жылдын 27-январында ички иштер органдарынын кызматкери жана ведомстволук транспорт каражаттары катышкан кылмышты объективдүү жана ар тараптуу иликтөөнү камсыз кылуу максатында, Кылмыш ишин тергөө Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүлдү. Кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында УКМК Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Осмонбаев Бектур Казаковичке издөө жарыялады” деп айтылган атайын кызматтын маалыматында.

Балыкчыда окуучу кызды сүзүп кетти деп шектелген милициянын башчысы кармалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:26 0:00

Балыкчы шаарында автоунаа сүзүп кеткенден кийин оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жаткан 12 жашар Фатиманын ата-энеси түнү менен оорукананы айланчыктап жүрүштү. Кыздын апасы Жаркын Максатбек кызы ыйлап, буларды айтты:

"Кызымдын абалы оор. Бизди таанып ар кайсыны сурап коёт. Эмнеге шаардын милиция башчысы ушундайга барып, анан дагы качып кетет. Бүт баары издеп таппай жатат, анын ордуна башканы алып келип күнөөнү оодарганга аракет кылышты. Бирок күбө деген бар да. Алар окуяны айтып жатышат. Кызымды Бишкекке алып барбасак бул жакта кандай болот деп жатабыз".

26-январда түш ченде Балыкчы шаарында жол боюнда турган 12 жаштагы окуучу кызды автоунаа коюп кетип, ал видеокамераларга түшүп калган.

Окуядан кийин Балыкчы шаарындагы аймактык тескөөчү, милиция кызматкери рулда ал болгонун айтып, күнөөнү моюнга аларын билдирген. Бирок жергиликтүү тургундар автоунааны ал эмес, агасы - Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Бектур Осмонбаев башкарып баратканын айтып, окуя болгон жерден качып кеткен деп нааразы болушкан.

Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүнүн башчысы Бектур Осмонбаев.
Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүнүн башчысы Бектур Осмонбаев.

Ысык-Көл облустук милициясы кызды сүзүп кеткен машина Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнө тиешелүү Geely Monjaro үлгүсүндөгү автоунаа болгонун ырастады.

Кырсыктын күбөсү Аянбаев Мирлан буларга токтолду.

"Жол кырсыгы болгондон 20 секунд өтпөй эле автоунаанын артынан жөнөдүм. Жолдон бир убакта таппай калып, курулушта иштеп жаткан балдардан сурасам, машина тигил жакта турат дешти. Жетип барып карасам автоунаа бир нерсе сүзгөнү байкалды. Ошол замат милицияга чалдым. Аларга болжолдуу адам сүзгөн машинаны таптым дедим. Алдыңкы жагы кан болгону көрүндү. Унаа токтогон үйдү тыкылдатсам эч ким чыкпай койду. Бир убакта башка дагы кишилер келип, издеп башташты. Анан эшикти бир адам ачты. "Байке, сиз кызды сүзүп алыптырсыз" десем, "Чолпон-Атада кыз сүзүп алдым" деди. Мас абалында болчу. Бирок бир убакта башка бирөө келип эле: "Мен рулда болчумун" деп калды. Азыр суракта башка байке отурат. Эшикти башка байке ачкан", - дейт Мирлан Аянбаев.

Ички иштер министрлиги бул окуя боюнча маалымат таратып, Балыкчы шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы Бектур Осмонбаев да, анын рулда болгом деген милиционер иниси да жумуштан алынганын кабарлады.

Бул окуяга байланыштуу Осмонбаев үй-бүлөсүнөн же шектүүлөрдүн адвокаттарынан комментарий алууга мүмкүн боло элек.

27-январга караган түнү бул кырсыкка Бектур Осмонбаевдин тиешеси бар-жогун так билүү үчүн Балыкчы милициясынын алдына 50дөй тургун чогулган. Аларга шаардык Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы чыгып, милициянын жетекчиси изделип жатканын айткан.

Буга чейин облустук ички иштер башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси - “Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу - этиятсыздыктан ден соолугуна оор залал келтирген ошол эле жосун” менен кылмыш ишин козгогон.

Облустук прокуратура жогорудагы кылмыш иштерди тергөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Ысык-Көл облустук башкармалыгына тапшырган.

Максатбек Байгазиев кызын сүзүп кеткени айтылып жаткан Балыкчы шаардык милициянын башчысын таап, окуяны мыйзам чегинде карап берүүнү талап кылган:

"Азыр жетекчи изделүүдө деп эле жатышат. Таппай жаткандарына таң калып жатам. Эгер жөнөкөй адам же анын оруна мен болсом эмдигиче камап салышмак. Азыр эми Бишкектен бери келип, издеп таппай жатканы бул кандай? Ичимдин ачышканы өзү милиция болуп туруп, кызымды ооруканага алып барбай, качып кеткени болуп жатат. Эгер күнөөсүн билип алып келгенде мен деле мынчалыкка барбайт элем. Кечээтен бери бир дагы жолу басып келип коюшкан жок".

Жол кырсыгын адилет карап берүүнү талап кылган тургундар 27-январда да Балыкчыда кайра чогулду.

Чогулгандар менен Балыкчы шаарынын мэри Азамат Арнабек уулу жолукту. Ал иштин жүрүшү тууралуу айтып берди:

"Жаман окуя болду, Бектур Казакович деген сүздү деген маалыматтар чыгып жатат. Азыр тергөө жүрүп жатат. УКМКнын кызматкерлери да келип, ишти териштирип жатат. Ал адамга издөө жарыяланды. Бектур Казакович бүгүн алынып келинип, суракка алынат. Кызга кирип чыктым. Дарыгерге мага жарым саат сайын маалымат берип туруңуз дедим. Азыр жакшы карап жатышат, кыз тамак ичип жатат".

Жол кырсыгына кабылган кыз учурда эсине келип, сүйлөп калды. Учурда окуучунун абалы оор, бирок туруктуу деп бааланууда. Бул тууралуу Балыкчы шаардык жалпы дарыгерлик практика борборунун директорунун орун басары Алмаз Кенжебеков "Азаттыкка" билдирди.

"Кыз учурда эсине келип сүйлөп, тамак ичип жатат. Тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы чыкса, балким операция жасалышы мүмкүн".

Расмий маалыматка ылайык, 2023-жылдын тогуз айында 4 миң 800 жол кырсыгы катталып, андан 489 адам көз жумган. 2022-жылы 7040 жол кырсыгы болуп, 11 миң 49 киши жараат алып, 690 адам каза болгон.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG