Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:08

“Таякемди уулу, неберелери менен жерге бердик”. Тоңдогу жол кырсыгы


Иллюстрация сүрөт. Балыкчы-Каракол жолу.
Иллюстрация сүрөт. Балыкчы-Каракол жолу.

12-август күнү Кочкор-Балыкчы жолунда үрөй учурган жол кырсыгы катталды. Анда BMW менен Audi үлгүсүндөгү автоунаалар сүзүшүп, 8 адам жеринде мүрт кетип, 6 адам ооруканага түштү. Алардын үчөө оор абалда. Каза болгондордун төртөө бир үй-бүлө мүчөлөрү, алардын катарында 2 жашар жана 7 айлык ымыркайлар бар.

14-августта Нарындын Жер-Көчкү жана Тоң районунун Көк-Мойнок айылдарында жол кырсыгынан каза тапкан сегиз кишинин сөөгү жерге берилди.

"Тойдон кайтып келе жатышкан"

Жер-Көчкү айылында бир үй-бүлөдөн 4 адам каза болсо, дагы төртөө азыр ооруканада. Алар кырсык болгон күнү Балыкчыга тойго барып, үйгө кайтып келе жатышкан. Маркумдун нес абалда турган бир тууган жээни Автандил Казакбаев өз апасы дагы оор абалда комада жатканын билдирди.

"69 жаштагы таякем, анын 35 жаштагы уулу жана 2 жашар, анан 7 айлык неберелери каза болду. Азыр мен сөөктөрдү жерге берип, Балыкчыга кеткени жатам. Ооруканада менин апам, таякемдин эки келини жана бир баласы жатат. Баары реанимацияда. Укканыбызга караганда, баарынын абалы оор. Алар кырсык болгон күнү Балыкчыга тойго барып, үйгө кайтып келе жаткан экен. Берки машинада дагы каза болгондор бар дешти, бирок толук маалыматым жок. Башка эч нерсе айта албайм", - деди Казакбаев.

Казакбаевдин айтымында, ооруканада жаткан туугандарына каза болгон жакындарын угузуша элек. Себеби алардын дагы абалы оор.

Ички иштер министрлигинин Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Байгазы Айткул уулу бул боюнча тергөө жүрүп жатканын билдирди.

“13-августта Бишкек - Нарын-Торугарт унаа жолунда BMW менен Audi үлгүсүндөгү автоунаалар сүзүшкөн. Азыркы учурда бардык материалдар чогултулуп, тергөө кызматына өткөрүлгөн. Тергөө иштери жүрүп жатат. Тергөөнүн жыйынтыгы менен коомчулукка маалымат берилет”, - деди ал.

BMW унаасынын тургундары Тоң районунун Көк-Мойнок айылынын жана Балыкчы шаарынын тургундары. Унаада эки бажа, алардын кайната-кайненеси жана айдоочунун жубайы менен 10 жашар кызы болгон.

"Орто-Токойдон өтүп калганда кырсыкка учурашыптыр"

Көк-Мойнок айылдык кеңешинин депутаты Сыртбай Байбосунов жол кырсыгында каза тапкан эки кишинин сөөгү бүгүн коюлганын айтып, буларга токтолду.

"Айылдашыбыз Руслан үй-бүлөсү, жездеси, Балыкчыда жашаган кайната, кайненесин алып Кочкорго бир тууган эжесиникинен үйлөнүү тоюнан келе жатышкан экен. Орто-Токойдон өтүп калганда кырсыкка учурашыптыр. Русландын аялынын буту, жамбашы сынып реанимацияда дейт. Азыр өзүнө келе элек деп жатышат. Ошондо аялынын ата-энеси дагы каза болду да. Русландын артында 3 баласы, жездесинин артында 4 баласы калды. Кырсык кандай болуп кеткени жөнүндө маалыматтар деле жок", - деди Байбосунов.

Каза болгондор:

  • Мидинов Доктурбек, 1957-жылы туулган, Балыкчы шаарынын тургуну;
  • Өмүркулова Роза, 1962-жылы туулган, Балыкчы шаарынын тургуну;
  • Сулайманов Эсенбек, 1959-жылы туулган, Нарын облусунун Жер-Көчкү айылынын тургуну;
  • Эсенбек уулу Мирлан 1989-жылы туулган, Нарын облусунун Жер-Көчкү айылынын тургуну;
  • Нурбеков Усман, 2021-жылы туулган, Нарын облусунун Жер-Көчкү айылынын тургуну;
  • Мирлан уулу Баян, 2023-жылы туулган, Нарын облусунун Жер-Көчкү айылынын тургуну;
  • Рысбеков Руслан, 1976-жылы туулган, Тоң районунун Көк-Мойнок айылынын тургуну;
  • Насирдинов Догдурбек, 1963-жылы туулган, Тоң районунун Көк-Мойнок айылынын тургуну.

Ал арада Саламаттык сактоо министрлиги ооруканадагы 6 адамдын үчөөсүнүн абалы оор экенин билдирди.

Кан жолдордогу авариянын алдын алууга эмне чара көрүлдү?

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы акыркы талдоолордо жол кырсыктарынын келип чыгышынын 90 пайызына айдоочулар күнөөлүү болуп жатканын белгилейт.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Байгазы Айткул уулу акыркы убакта жол кырсыктарын алдын алууга кандай иш-чаралар аткарылып жатканын айтты.

"Биздин талдообуз боюнча айтсак, келип чыккан кырсыктар негизинен ылдамдыкты ашырып айдоодон, каршы тилкеге чыгуудан, этияттабай озуп өтүүдөн, коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан, мас абалында унаа башкаргандыктан келип чыгууда. Бүгүнкү күндөгү талдоо кырсыктардын 90 пайызына айдоочулар күнөөлүү экенин аныктады. Анткени биз кыш-жай мезгилинде жолдорду жеринде карап, бардык зарыл болгон белгилерди коюп келе жатабыз. Ушундай кырсыктардын алдын алуу максатында Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы атайын рейддик иш-чараларды байма-бай өткөрүүдө. Маселен, кайсы жерде ылдамдык сакталбаган аймактар болсо, ошол жерге атайын постторду коюп келебиз", - деди Айткул уулу.

Буга чейин өлкөдөгү жол кырсыктарын азайтуу максатында эреже бузгандарга айыппул көтөрүлгөн. Президент Садыр Жапаров жол кырсыктарынын көп катталышына себеп катары соңку 30 жылда айдоочулук күбөлүктөр сатылып, белек катары берилип келгенин жана айыппулдун жеңилдигин атаган.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкөнүн кан жолдоруна соккуга каршы буферлер орнотула баштаганын кабарлап, азыркы кезде Бишкек-Кара-Балта жолуна 50 даана, Бишкек-Нарын-Торугарт жолуна 100 даана коюлуп жатканын билдирди.

"Соккуга каршы буферлер жол кырсыктарын алдын алып, адам өлүмүн болтурбоо үчүн орнотулууда. Кум толтурулган атайын челектин бийиктиги 80 сантиметр, диаметри 55 сантиметрди түзүп, салмагы 200 килограммга жетет. Жолдун ортосундагы тосмолордун баш-аягына коюлуп жаткан атайын челектер ачык түстө болот, түнкүсүн дагы алыстан көрүнөт. Кырсык болгон учурда буферлер соккуга жана деформацияга туруштук бере алат, бул машинага келтирилген зыянды азайтып, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылат", - деп жазылган маалыматта.

Расмий маалыматка ылайык, 2022-жылы мурдагы жылга салыштырмалуу автоунаа кырсыктары 5,3%, каза болгондор 20,5% азайган. Кыргызстанда 1 млн. 400 миңдей машине бар. ИИМдин эсебинде жол кырсыктарынын 80% айдоочулардын айынан болот.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы былтыр 7 040 жол кырсыгы болуп, 11 миң 49 киши жаракат алып, 690 адам каза болгонун январь айынын этегинде билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG