Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:42

"Орусиядагы мигрант аялдарды Европага тартсак дейбиз"


Айтолгон Боронбаева.
Айтолгон Боронбаева.

Женевада миграция темаларын талкуулаган глобалдык форумда кыргызстандык Айтолгон Боронбаева миграциядагы аялдардын укуктары тууралуу маселени көтөрдү. Ал былтыр Польшадагы кыргызстандык кыз-келиндердин башын бириктирген "Данакер" уюмун негиздеген.

Айтолгон Боронбаева Варшава университетинин саясат таануу бөлүмүндө докторантурада окуп, миграция темасында диссертациялык ишин жазып жатат. Женевадагы сөзүндө Боронбаева өзгөчө борборазиялык мигрант аялдардын абалын белгилеп өткөн.

"Бул форумда гендер, аялдар темасы жөнүндөгү көп сөз айтылды. Мен өзүмдүн чет жактагы жашоомду мисал кылып, аялдардын Европадагы интеграциясы тууралуу сөз кылдым. Кыргызстандык кыздар түзгөн "Данакер" тууралуу да айтып бердим. Мигрант аялдарга жардам берген диаспораны түптөгөнүбүздү таң калуу менен кабыл алышты. Негизи аялдар миграциясы өзгөчө мамилени, көңүл бурууну талап кылат. Муну кайра эле аялдар жакшыраак түшүнөрүнө ынандым", - дейт Боронбаева.

Швейцариядагы форумда "Климаттын өзгөрүшүнүн адамдын мобилдүүлүгүнө тийгизген таасири" темасында панелдик талкуулар уюштурулган. 2007-жылдан бери өткөрүлүп келаткан форумга ондогон өлкөлөрдүн өкүлдөрү, диаспора башчылары, активисттер катышып келет.

Айтолгон Боронбаева 21-январда ушул эле Женевада өткөн 50 мамлекеттин өкүлүнүн катышуусунда "Жаштардын миграция форумуна" да чакырылган.

Айтолгон Боронбаева Женевадагы жаштар формунда.
Айтолгон Боронбаева Женевадагы жаштар формунда.

"Данакер" Европадагы аялдар үнү

27 жаштагы Айтолгон 2017-жылы Варшавадагы жогорку окуу жайга билим алуу үчүн келген. 2023-жылы ал Варшавада иштеген, окуган дагы башка он чакты кыргызстандык кыз-келин менен бирге "Данакер" диаспорасын негиздеген.

"Кыргызстандан 17 жашымда окуу үчүн Түркияга кеткем. Эки жылдан кийин Польшага которулдум. Бул жакта алгач бакалавр, магистратура боюнча билим алсам, азыр эми докторантурада окуп жатам. Негизи мекенимде өзгөчө туугандар арасында көп басымга кабылгам. Алар менин билим алуу кыялымды түшүнчү эмес. Кыз киши турмушка чыгып, үйдө отурушу керек деген тыюуларга көп кабылдым. Ал учурда атам колдоо көрсөткөн. Мындай колдоону эмгек миграциясына же билим алууга кеткен ар бир кыз эле сезе бербейт. Анын үстүнө башка өлкөнүн тили, маданиятына көнүп кетүү оңой эмес. "Данакер" дал ошол кыргыз аялдарынын Европада интеграция болушуна колдоо көрсөтүүнү көздөйт. Биздин миссиялардын бири мына ушул", - дейт ал.

"Данакер" уюмунун мүчөлөрү.
"Данакер" уюмунун мүчөлөрү.

"Биздин уюмдун мүчөлөрү Варшава эле эмес, Польшанын башка шаарларында да бар. Бул жактагы мекендештер арасында эле "эмне үчүн аялдар өзүнчө бөлүнүп диаспора ачат?" деген түшүнбөстүктөр пайда болду. Биз аларга бул жерде эч кандай бөлүнүү жоктугун, болгону кыздарга, аялдарга жардам көрсөтөлү деп ачылганыбызды айттык. "Данакер" толугу менен социалдык долборлорду ишке ашырат. Польшада жаштар, студенттер көп. Кыргызстандык студенттер арасында топтор пайда болгон. Биз бул жакка келгендерге Европа маданияты, эли, жашоосу менен таанышкыла, окуу жана кошумча тажрыйба алуу мүмкүнчүлүктөрүн издегиле деп айтабыз. Социалдык тармактардагы баракчаларыбызда жалаң ошондой билим, кошумча мүмкүнчүлүк, карьералык өсүүгө багытталган маалыматтарды бөлүшүп турабыз. Ушул тапта Орусия же кыргызстандык мигрант аялдар көп өлкөлөрдүн диаспоралары менен сүйлөшүп жатабыз. Ал жактагы аялдарды Европага жумушка тарткыбыз келет. Анткени баары бир бул жакта мамиле жана шарт жакшыраак деп эсептейм. Ошол эле кезде Кыргызстандагы аялдар менен иштеген уюмдар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Европадагы долбоорлорду ал жакка алып барып иштетсек деген оюбуз бар", - деди Айтолгон Боронбаева.

Айтолгон Боронбаева.
Айтолгон Боронбаева.

"Польшада аялга баласын алып бердик..."

Ал чет өлкөгө мыйзамдуу жолдор менен гана баруу керектигин сунуш кылат.

"Европада ар кайсы өлкөдөн келген мигрант аялдар көп. Бирок аялдар аял болгону үчүн, анан мигрант болгону үчүн эки эсе тоскоолдуктарга учурайт экен. Европадагы мигрант аялдардын абалы, албетте, Орусия же Түркиядагыдай эмес. Бирок бул жакта деле толугу менен гендердик теңдик бар деп айта албайбыз. Биз мыйзамдуу миграция болушун, бул жакка келген кыз-келиндер өлкөнүн эреже, мыйзамдарын эске алышын каалайт элек. Жакында эле бир учур болду. Кыргызстандык аял күйөөсү менен таарынышып кетип, бул жакка кош бойлуу кезинде иштегени келет. Бирок камсыздандыруу кагазын алган эмес экен. Польшанын Познань шаарында көз жарат. Ага оорукана 2000 доллар каражат төлөшү керектигин айтып, ага чейин ооруканадан баланы алып кетүүгө болбойт деген. Биз дүйнөнүн булуң-бурчунан акча чогултуп, аны баласы менен ооруканадан чыгардык. Азыр эми учакка билет алып, Кыргызстанга жиберели деп жатабыз", - деди Боронбаева.

"Данакер" диаспорасы жакында эле Европа Биримдигинин "Эразмус плюс" программасынын алкагында 60 000 евролук грант утуп алган. Кыздар сунуштаган долбоор мигрант аялдарга болгон мамилени жакшыртууну көздөйт:

"Бул чакан грант. Биз Европадагы мигрант аялдарга болгон сезимтал мамиле тууралуу долбоорду сунуштаганбыз. Көп учурда мигрант аялдын психологиялык абалын же дагы башка жагдайларды эске алышпайт. Азыр муну түшүндүргөн атайын нускама иштеп чыгабыз. Аялдардын укуктары же абалын жакшыртуунун негизги жолу - билим берүү, окутуу, жол көрсөтүү. Былтыр күздө Брюсселде дагы бир долбоорду сунуштап, акчалай грант жеңгенбиз. Ал устат-шакирт долбоору. Анда Европадагы тың айымдар бул жакка жаңы келген кыздарга же эжелерге ментор болуп, жол көрсөтүшөт".

Айтолгон Боронбаева. Брюссель.
Айтолгон Боронбаева. Брюссель.

Польшада расмий маалымат боюнча кыргызстандыктардын саны 8000ден ашык. Алардын көбү бул өлкөгө билим алуу үчүн келген студенттер экени айтылып жүрөт.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG