Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:12

"Запкы тартып, алдангандар көп". Түркияда кыз-келиндер кабылган кыйынчылыктар


Султанахмет мечитинин жанында сүрөткө түшкөн кыздар. Стамбул шаары.
Султанахмет мечитинин жанында сүрөткө түшкөн кыздар. Стамбул шаары.

Соңку айларда маалымат каражаттары Түркияда дайынсыз кеткен кыргызстандык кыз-келиндер тууралуу утур-утур жазып жатат. Алардын көбү алданып калган, психологиялык басым көргөн, ур-токмокко кабылган деген маалымат бар. Түркияда чет өлкөлүктөрдүн виза алышына байланышкан маселе бар. Экономикалык абалдан улам үйүнө акча сала албай жаткан мигранттар да бир топ.

Анталия шаарындагы "Кыргыз айымдары" коомунун жетекчиси Периза Асанаалиева бул өлкөдө иштеген кыргызстандык кыз-келиндердин көйгөйүн "Азаттыкка" айтып берди.

- Периза, саламатсызбы! Бүгүнкү маегибизде акыркы күндөрү Түркияда дайынсыз кеткен кыргыз кыз-келиндердин абалына токтололу. Анткени соцтармактарда дал ушул кабарлар чоң талкуу жаратып жатат.

- Саламатсызбы. Ооба, туура айтасыз. Учурда Анталия шаарында иш алып баргандыктан бул көйгөйдү ичинен билип, көрүп отурабыз. Түркияда 20-30 миң кыргызстандык иштесе, ошонун 8-9 миңи Анталияда эмгектенет. Алардын дээрлик көпчүлүгү аялдар. Айрымдары иштей турган жерин билип, тактап келсе, айрымдары билбей эле келип калышкан.

Периза Асанаалиева.
Периза Асанаалиева.

Ал эми миграцияга кетип аткан кыргызстандыктардын көйгөйлөрү бирдей. Алсак, АКШ, Орусия, Түркияга кетип жаткандар ошол өлкөнүн жашоо-шартын, тилин, жумушун так билбегендиктен, аянычтуу абалга туш болуп атышат. Азыр Түркияга көбү интернеттен маянасы өтө чоң деген жарнамаларды көрүп келишет. Жумушка чакыргандарды билип-билбей алданып келгендер да бар. Ошентип, өкүнүчтүү окуяларга кабылууда.

Мисалы, соцтармактардан баарыбыз эле "18-19 жаштагы кыргыз кыздар Түркияда дайынсыз кетти" деп окуп жатабыз. Алар жоголгондон кийин ата-энеси ызы-чуу болуп издеп башташат. Консулдук, элчилик, мамлекетти күнөөлөшөт. Алар жаш кыздарды иштегени эмес, билим алууга жөнөтүшсө жакшы болмок. Же ата-энелер өздөрү келип иштесин, көйгөйлөрдү көрсүн. Бул жакта жакшы жумуш таап иштөө оңой эмес. Жаш кыздарын чет өлкөгө жөнөтүп жаткан ата-энелер жети өлчөп бир кесип, ойлонуп анан иш кылышса дейм.

- Түркиянын расмий статистикасын карасак, зордук-зомбулукка кабылган жергиликтүү аялдардын да саны аз эмес экенин көрөбүз. Кыргызстандан бараткан мигранттар Түркиядагы абалды, ал жакта өзүнүн укугун, мыйзамдарды, деги эле элдин жашоо турмушун билип келишеби? Эмне себептен зордук-зомбулукка кабылышат?

- Мисалдар абдан көп, бирок баса белгилеп кетчү нерсе - учурда Кыргызстандагы айылдардан түз Түркияга иштегени келген мигранттардын саны көбөйдү. Кыргызстанда туруп айылдан шаарга келип иш табуу, ал ишке көнүү кандай оор болсо, түп-түз айылдан Анталияга иштегени келген кыз-келиндердин адаптациясы ого бетер оор. Анткени тил билбейт, бул жактын маданияты, жашоо-шарты башка. Бирөө жакшы маянасы бар десе, кете бергендер көп.

Мисалы, үч жыл мурун Анталиянын автобекетинен мага бирөө чалып, "үч кыргыз аял кайда барарын билбей ушул жерде түнөп калды" деди. Мен барып алар менен жолуктум. Көрсө, алар Ош базарындагы радиотүйүндөн "Түркияда иш бар" деген жарнаманы угуп эле келе беришиптир. Жумушка чакырган киши аларды "Анталияда кары-картаңдарды карайсыңар, үй жыйнайсыңар, көп суммада айлык бар" деп жиберген экен. Түркияга келгенде аларды таптакыр башка оор жумушка салыптыр. Кээде "сабатсыз миграция" деп айтып калабыз го, бирок бул үч кыргыз аял көп жылдан бери мугалим болуп иштеген сабаттуу эле эжелер болуп чыкты. Аларды жумуш бергендер сурабай эле Газиантеп деген шаарга жөнөтүп, оор жумушка мажбурлашкан. Көп убакыттан кийин алар эптеп жолун таап качып, Анталияга келгенде биз жолугуп, башка жумуш тапканга жардам бергенбиз.

Түркия: кыргызстандык мигранттар кабылган кыйынчылык
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:48 0:00

Кечээ жакында Манавгат шаарынан колунда төрт айлык баласы менен кыргыз келин жардам сурап кайрылды. Ал түрк жаранга турмушка чыккан экен, бирок расмий никеси, баласынын документтери да жок. Башында турмушу жакшы болгону менен, кийин күйөөсү ичип, сабай баштаптыр. Мен ал келин менен жолукканда, тиштери калбай калыптыр, айтор запкы тартыптыр. Айла жок, аны Кыргызстанга баласы менен качырып жибердик. Анткени күйөөсү аны тапса өлтүрүп коймок.

Буга чейин Анталиядагы кыргыз коомдору ар бирибиз өзүбүздүн күч менен мекендештерге жардам берип келсек, эми башкы консулдук ачылып, колубуз узарып калды. Жакында эле Сиде деген шаардан Анталиядагы консулдуктун кызматкерлери бир кыргыз келинди таап келишти. Аны өзүбүздүн эле мигрант мекендештер үйүнө алып келип, жуунтуп-тазалап жардам беришти. Ал келиндин абалы өтө кейиштүү. Психологиялык жактан өтө жабыркаган, эмне деп сүйлөп жатканын өзү билбейт. Консулдук Кыргызстандагы туугандары менен байланышып, билетин алып берди. Бирок аэропортто ал келин учакка алынбай калганда, кызматкерлер аны менен сүйлөшүп, эптеп Бишкекке учурушкан. Ал келин мындай абал менен Түркияда калса жашай алмак эмес деп ойлойм.

Негизи Түркияга келген ар бир эле мигрант үй-бүлөсүн багайын деп келет. Алардын көбүнүн моюнунда насыя бар, балдарынын окуусу бар, жада калса иштебеген күйөөсүн баккан кыргыз аялдар да бар. Алар акчаны асмандан таппайт. Күнү-түнү оорулуу, кары-картаң кишилерди, балдарды карап, үй тазалап иштешет. Байкасам, төшөктө жаткан оорулуу кишилерди багып иштеген кыз-келиндер көп өтпөй психологиялык жактан чөгүп кетишет экен. 24 саат бою оорулуу кишини багыш деген оңой иш эмес.

Айрыкча соцтармактарда "Түркияга кеткен келиндердин баары бузулган" деген сөздөрдү окуп жаның кейийт. Албетте, арабызда жеңил ойлуулар жок эмес. Бул чындык. Алардын көбү жаш кыздар. Бирок күнү-түнү өзүнүн ден соолугун ойлобой, оор жумуштарда иштеген эже-сиңдилер миңдеп саналат. Алардын баары Кыргызстандагы бала-бакырасын багайын, батир алайын, туугандарымды багайын деген максат менен иштеп жүрөт.

- Акыркы күндөрү Түркияда солгундап бараткан экономикалык абал, туруктуу жашоого уруксаттын берилбеши сыяктуу маселелер кыргызстандык мигранттарга кандай таасирин тийгизди?

- Азыр Анталияда эле эмес, жалпы Түркияда иштеген мигранттарга өтө кыйын болуп атат. Күндөн-күнгө баалар кымбат болуп баратат. Мурун 1-2 жылга бериле турган туруктуу жашоого уруксат азыр берилбей калды. Документтерин тапшырып, айлап-жылдап күткөн мекендештер бар. Балдары мектепте, университетте окуган кыргызстандыктарга да виза чыкпай жатат. Албетте, иштегени келгенден кийин эмгек визасын алыш керек. Аны алуу кыйын жана кымбат. Иш бергендер социалдык камсыздандырууну өздөрү төлөшү керек, бирок көбү мигранттарга төлөтөт. Айлыгы 500 доллар болсо, анын 250 доллары эле ошол камсыздандырууга кетип калат. Анан тапканынын жарымын берип койсо, бала-чакасына кайсы акчаны салат? Учурда орточо айлык акы 500 доллар. Аны Кыргызстанга салса аз эле болуп калат.

- Түркияда ар түрдүү оор абалга кептелген кыргызстандыктарга кандай колдоо көрсөтүлөт?

- Учурдан пайдаланып Түркияда жакындары зомбулукка кабылган же өздөрү бул өлкөдө көйгөйгө кептелген мекендештериме расмий катталган коомдордун социалдык тармактардагы баракчаларына жазышсын деп айтар элем. Стамбулдагы, Анталиядагы консулдуктарга, Анкарадагы элчиликке кайрылышса болот. Алар мигранттар кабылган окуяларга тез реакция кылып, жеринен жардам бергенге аракет кылып атышат. Ал үчүн Түркияда туруктуу жашаган ар бир кыргызстандык консулдук каттоого турушу керек. Мындай каттоонун зарылдыгын февралдагы зилзалада билдик.

- Маегиңизге чоң рахмат!

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG