Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:48

"Гүлипа Москвада жанын кыйды". Стресске кабылган мигранттар


Орусиянын баш калаасы Москвада Кыргызстандын элчилигинин алдында кризистик борбор ачылды. Анда турмуштук жагдайы оор кыргыз жарандарына, айрыкча мигрант кыз-келиндерге психологиялык колдоо көрсөтүлөт.

Мекенден, үй-бүлөдөн алыс жүрүп, 11-12 сааттык оор жумушта иштеген кыз-келиндер үчүн мындай борбор керек экенин мигранттар өздөрү да белгилешүүдө.

Мигранттар үчүн кризистик борбор. Москва. 31-июль, 2023-жыл
Мигранттар үчүн кризистик борбор. Москва. 31-июль, 2023-жыл

"Жылуу сөзүмдү аяганыма өкүндүм..."

Москвада көп жылдан бери иштеп жүргөн кыргызстандык Самара классташтардын 20 жылдык майрамына аз калганда көз жумган курбусун эскерип отурду.

"Гүлипа Москвага менден үч-төрт жылдан кийин келген. Ал кезде азыркыдай жеңилдиктер жок эле. 11-12 сааттык кара жумуштарда - негизинен пол жууп же жашылча сорттоп иштечүбүз. Менин жаныма келип иштеп, мен жашаган бөлмөдө баш калкалап жүрдү. Кызыл камчы күйөөсүнүн токмогуна чыдабай, бир кызы менен ажырашканын, бир жаштан жаңы ашкан кызын бир тууган эжесине калтырып, бир жагынан күйөөсүнөн качып, экинчи жактан кызы экөөнүн келечеги үчүн иштегени келгенин айтып, буркурап ыйлап жүрдү. Кызын көп сагынчу эле. Көп ыйлачу. Башында аны түшүнүп, көңүлүн жубатып жүргөм, кийинчерээк кайгы-муңун уккандан тажап калдым. Себеби, өзүмдүн тагдырым деле оңой эмес болчу. Анын үстүнө иштен чарчайсың. Мен деле айылда калган балдарымды сагынчумун. Күйөөмдүн ичкени, полицияга улам кармалып, түн ичинде участоктон акча берип бошотуп келгеним - мунун баары өзүмдү стресс кылчу. Гүлипа көп өтпөй башка жакка көчүп кетти. Кийин бир жигит менен көрдүм. Көп өтпөй телефон чалып кош бойлуу болуп калганын, "чогуу жашайбыз, сага үйлөнөм" деген жигиттин Кыргызстанда үй-бүлөсү бар экенин айтып ыйлады. Эч кандай жардам бере албадым, азыраак акча салдым болгону. Ошол боюнча кабарсыз кеткен. Мен деле күнүмдүк ташпиш менен болуп, кээде эстеп койгонум болбосо, байланышкан эмесмин. Бир күнү полициядан "сөөктү тааныганга жардам бериңиз" деп чалышты... Бечара классташым өз жанын кыйган экен... Ошондо Гүлипаны убагында угуп, көйгөйүн чечүүгө жардам бере албасам да, жылуу сөзүмдү аяганым үчүн өзүмдү күнөөлүү сезип, жемеледим...".

Орусияда жашоодогу түрдүү кыйынчылыктарга туруштук бере албай же оңоюраак жол менен арбын акча табуу сунушуна азгырылып, кармалып, түрмөдө отурган кыргызстандыктар жыл өткөн сайын көбөйүп жатканын статистикалык маалыматтар ачыктап турат.


Ушул тапта орус түрмөлөрүндө 1100дөн ашуун кыргызстандык жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Мындан сырткары 900дөйү убактылуу кармоочу жайларда. Ар кандай кылмышка кириптер болуп абакка кесилгендер арасында кыз-келиндер дагы бар. Соңку учурда курьерлик кылам деп маңзат соодасына аралашкан же алданып түрмөгө кесилгендер көбөйгөн.

Былтыр августта Екатеринбург шаарында, андан мурдараак Москвада баласын сатууну көздөгөн кыргызстандык келиндер кармалып, камалган. Мигрант активисттер алар бул кадамга аргасыз барышканын жазып чыгышкан.

"Туңгуюкка кабылгандарга жардам беребиз"

Жакында Москва шаарында Кыргызстандын элчилигинин алдында кризистик борбор ачылды. Бул борбор оор турмуштук кырдаалга туш болгон кыргызстандык кыз-келиндерге колдоо көрсөтүү багытында иш алып барат.

Элчиликтин басма сөз катчысы Назгүл Жусубакунова "Азаттыкка" билдиргендей, учурда борбордо психолог менен юрист иштеп жатат.

Назгүл Жусубакунова.
Назгүл Жусубакунова.

"Кризистик борбордун ачылышы 31-июлда болгону менен, борбор апрель айынан бери эле иштеп жатат. Турмуштук оор кырдаалга кабылып жаткандар, алардын ичинен аялдар менен балдардын абалы эске алынды. Борбордо, зомбулукка кабылган, адам сатуунун курмандыгы болгон же дагы башка оор жагдайды баштан кечирип жаткан мигрант айымдарга психологиялык, юридикалык жардамдар берилет. Кризистик борбор бир убакта бир нече адамга бир канча күнгө башпаанек да сунуштай алат. Учурда кошумча адистерди, дарыгерлерди, балдар дарыгерлерин тартуу да пландалган".

Борборду түзүү демилгесин Кыргызстандагы мигрант аялдар менен иштеген "Инсан-Лейлек" коомдук фонду көтөрүп, Орусиядагы элчиликтин жардамы менен ишке ашкан.

Алмагүл Насырова, мигранттар үчүн кризистик борбордун юристи. Москва. 31-июль, 2023-жыл
Алмагүл Насырова, мигранттар үчүн кризистик борбордун юристи. Москва. 31-июль, 2023-жыл


31-июлда ачылышы болгон борборду кыргызстандык айрым мигранттар да кубануу менен кабыл алганын билдиришти.

"Миграцияда жүргөндүн - өзү стресс"

Москвадагы активист мигрант Назира Акбаралиева миграция аялды депрессия кыларын белгиледи.

Назира Акбаралиева, мигрант, активист. Москва, Орусия.
Назира Акбаралиева, мигрант, активист. Москва, Орусия.

"Балдарын сагынып, куса болуп, жашоосун өткөрүп жатышат. Бөтөн эл, бөтөн жерде, өмүрү тааныбаган, билбеген адамдар менен табакташ болуп, бир бөлмөдө чогуу жашап, оор иштерде 10-12 сааттап иштөөнүн өзү стресс. Көп аялдар кыйынчылык басканда майышып, депрессияга кабылат. Адашып, жолун таппай калган жаш кыздар психологго барышты деле билбейт. Ушул жакта жүрүп, зомбулукка кабылып, кайда барып, кимге арызданышты, кайгы-муңун кимге айтышты билбеген аялдар бар. Миграцияда жүргөн аялдын карегинен тунуп калган кайгыны көрөсүң. Кризистик борбордун ачылганы кайда барышты билбей кыйналгандар үчүн жакшы болду".

Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлигинин маалыматына караганда, чет жакка чыгып кеткен мигранттардын 53% аялдар. Мигрант кыз-келиндер укуктук жана моралдык колдоого муктаж экенин жарандык активисттер да айтып келишет.

"Айласы түгөнгөндө аялдар кылмышка барат"

Москвада түрдүү кылмыштарга шек саналып кармалган мигранттарга котормочу болуп иштеген Салтанат Митиева кризистик борбор ачылганы тууралуу маалымат мигранттардын көбүнө жетпегенин билдирди.

Салтанат Митиева
Салтанат Митиева

"Миграцияда жүргөн аялдар зомбулукка көп кабылат. Үй-бүлөдөгү жакындары, жетекчиси, чогуу жашаган бөлмөлөш адамдар, көчөдөн "чурка" деп сөгүп кеткендер... Айтор, жашоосу оңой эмес. Күйөөсүнүн экинчи аял алганына өчөшүп, жаңы төрөлгөн жетинчи баласын таштандыга ыргыткан кыргызстандык аял дагы "ошол кезде кайда барышты, эмне кылышты билбедим. Сүйлөшөргө адамым жок, өзүмдү өзүм билбеген абалда элем" деп жатат. Мындай борбор өтө керек. Бирок мигранттардын көбүнө борбор ачылганы тууралуу маалымат жеткен эмес. Элчиликтин Фейсбуктагы баракчасынан көрүп сурасам, көпчүлүк мекендештер билбейт экен. Айрымдар "кандай жардам берет экен?" деп менден сурап жатышат. Элчилик кризистик борбордун иши, ага кимдер, кандай учурда кайрылса болот жана башка толгон-токой суроолорго жоопту жакшылап даярдап, маалымат берип турушу керек".

Быйыл май айында эле Орусиядан Кыргызстанга төрт мигранттын сөөгү жеткирилгенин Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалымдаган.

2022-жылы чет мамлекеттерден 350 кыргызстандыктын сөөгү мекенине алып келинген, алардын 200дөн көбү Орусияда каза болгондор. Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) расмий маалыматына караганда, 2021-жылы Кыргызстанга четтен 540 адамдын сөөгү “Жүк-200” болуп келген.

Кыргызстандын 7 миллиондон ашуун калкынын 1 миллиондон көбү миграцияда жүрөт. Алардын басымдуу бөлүгү Орусияда.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG