Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:04

АКШ: Трамп кайрадан Байден менен беттешүүгө дагы бир кадам таштады


Доналд Трамп. Нью-Гэмпшир. 21-январь, 2024-жыл
Доналд Трамп. Нью-Гэмпшир. 21-январь, 2024-жыл

АКШнын Нью-Гэмпшир штатында республикачылардын баштапкы шайлоосунда (праймеризде) экс-президент Доналд Трамп жеңди. Ноябрда партиянын атынан президенттик шайлоого катышуу үчүн жарышта Трамптын жападан жалгыз атаандашы Никки Хейли күрөштү улантарын билдирди.

Трамп баштапкы шайлоодо эки штаттан тең жеңди

Дээрлик бардык бюллетендер саналып чыккандан кийинки маалыматка караганда, экс-президент Трамп республикачылдардын 55% добушун алып, БУУдагы мурдагы элчи Никки Хейлиден 11% озуп чыкты. Байкоочулар сурамжылоодо Хейлиге мындан да аз добуш тиерин болжолдонгонун белгилешет.

Трамптын пайдасына жарыштан чыккан Флориданын губернатору Рон Десантис
Трамптын пайдасына жарыштан чыккан Флориданын губернатору Рон Десантис

Эми Трамп кеминде 11 республикачыл делегаттын добушун алса атаандашы сегиз добушка ээ болот. Бардыгы болуп бул штатта республикачылардын 22 делегаты бар.

Партиянын атынан президенттикке талапкер болуп ат салышуу үчүн 1 миң 215 делегаттын добушун алуу зарыл. Улуттук шайлоодо демократтар менен ат салыша турган талапкер партиянын июлдагы курултайында белгилүү болмокчу.

Нью-Гэмпширдеги праймериздин мааниси чоң. Анткени бул штатта уткан үмүткөр адатта шайлоо жарышында алдыңкы сапка чыгат.

77 жаштагы Трамп добуш берүүдөн кийин тарапташтарынын алдында сүйлөгөндө дагы бир ирет атаандашын катуу сындап, аны атүгүл жеңишти өзүнө ыйгарып алууну каалаган “алдамчы” деп атады. Добуш берүү алдында экс-президент Truth Social социалдык тармагына Хейли тууралуу бир нече пост жазганда, экс-элчини “реалдуулуктан алыс” деп сындаган.

Никки Хейли жарыштан чыкпайт

Рейтерс агенттиги жазгандай, Хейлинин Нью-Гэмпширдеги көз карандысыз шайлоочулардын калың тобу ага артыкчылык берет деген үмүтү акталбай калды.

Никки Хейли. Айова. 29-декабрь, 2023-жыл
Никки Хейли. Айова. 29-декабрь, 2023-жыл

Хейли Трампты жеңиши менен куттуктады, бирок күрөштү улантарын айтты: “Нью-Гэмпшир – биринчи, бирок акыркы штат эмес. Жарыш соңуна чыккан жок. Алдыда дагы ондогон штат турат. Эмкиси - менин сүйүктүү Түштүк Каролинам”.

52 жаштагы Хейли Түштүк Каролинада эки мөөнөт губерантор болуп турган.

16-январда Трамп Айова штатында ички партиялык шайлоонун алгачкы айлампасында уткан. Ошентип, экс-президент 1976-жылдан бери бул эки штатта жеңген биринчи республикачыл болуп калды.

Айовадагы добуш берүүдөн кийин Флориданын губернатору Рон Десантис Трамптын пайдасына жарыштан чыккандан кийин, Хейли президенттикке талапкер болуу үчүн партиялык күрөштө Трамптын жападан жалгыз атаандашы болуп калды.

Буга чейин экс-элчинин өкүлдөрү ал жарышты кеминде 5-мартка чейин улантарын айтышкан. Супер-шейшемби деп аталган күнү 50 штаттын 16сында праймериз өтмөкчү.

Байден Трамптын саясаты АКШны коркунучка кептээрин эскертти

Декабрда Колорадонун жогорку соту 2021-жылдын 6-январындагы башаламандыктарга байланыштуу мурдагы мамлекет башчынын штаттагы праймеризге катышуусуна тыюу салган. Трамп ага каршы апелляция берген. Эми февралда АКШнын Жогорку соту анын президенттик шайлоого катышар-катышпасын чечмекчи.

Демократтар лагеринде Байденге добуштардын 67 пайызга жакын бөлүгү берилди. Партиянын чечими менен анын аты бюллетендерге киргизилген эмес, бирок тарапташтары колго жазып жатышты. Жакынкы атаандашы Дин Филлипс 50 пайызга азыраак добуш алды.

Праймеризден кийин Байден Трамп республикачылдардын талапкери болоору “эми анык” деп билдирди жана АКШнын демократиясы менен экономикасы “коркунучка кептелгенин” эскертип, “көңүлү калган” республикачыларды ноябрда өзүнө добуш берүүгө чакырды.

Байден Трампты мындан төрт жыл мурунку шайлоодо жеңген. Быйыл АКШда шайлоо 5-ноябрга белгиленген.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG