Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:03

АКШ: Жогорку Сот Трамптын шайлоого катышуу укугу жөнүндө арызын карайт


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШда Жогорку Сот мурдагы президент Дональд Трамптын Колорадо штатынын Жогорку Сотунун чечими тууралуу арызын карайт. Би-Би-Си иш келерки айда, февралда караларын, анда чыгарылган чечим бүтүндөй өлкө үчүн аткарууга милдеттүү болорун жазды.

Өткөн айда Колорадодо Жогорку Сот Трамптын президенттикке талапкерлигин жокко чыгарып, анын атын добуш берүү бюллетенине киргизүүгө тыюу салган. Мындай чечим экс-президенттин 2021-жылдын 6-январындагы окуяларга тиешеси бардыгы менен негизделген. Ал күнү Трамптын тарапкерлери шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу максатында Конгресстин имаратына кирип барып, тополоң салган.

Трамптын шайлоо штабынын өкүлдөрү сот чечимин “Колорадонун шайлоочуларын өз талапкери үчүн добуш берүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу аракети жана шайлоо жараянына кийлигишүү” деп сыпаттаган.

Мындан көп өтпөй Мэн штатында дагы Трампка президенттикке талапкерлигин коюуга тыюу салынган. Штаттын мамлекеттик катчысы Шенна Беллоуз мындай чечимин АКШнын Конституциясындагы козголоң тууралуу беренеге негиздеп чыгарганы маалымдалган.

Трамптын президенттикке талапкерлигин жокко чыгаруу аракетин буга чейинки соттордун дээрлик баары четке кагып келген. Мичигандын Жогорку Соту Трамптын президенттик шайлоого катышуусуна уруксат берген чечимди күчүндө калтырган.

АКШнын 45-президенти, өлкөнү 2017-2021-жылдары башкарган республикачы, 77 жаштагы Трамп быйылкы шайлоого дагы катышканга аракет кылып жатат. Ага жалпысынан төрт кылмыш иши козголгон. Экс-президент коюлган айыптардын баарын четке кагып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG