Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:58

Башкырстан: миңдеген киши активистти колдоп митингге чыкты


Орусия. Баймактагы акция. 17-январь, 2024-жыл
Орусия. Баймактагы акция. 17-январь, 2024-жыл

Башкырстанда жергиликтүү экоактивист, Орусияда тыюу салынган "Башкыр" уюмунун мурдагы жетекчиси, Куштау тоосун коргоп чыккандардын бири Фаил Алсыновдун төрт жылга соттолушу миңдеген кишинин митингге чыгуусуна түрткү болду. Чогулган элге полиция көздөн жаш агызуучу газ чачканы кабарланууда.

Алсыновдун соту өткөн Баймак шаарындагы митингдин катышуучуларына массалык баш аламандык боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу “Башинформ” басылмасы өлкөнүн Ички иштер министрлигинин коомдук кеңешинин жетекчиси Рафаил Диваевге шилтеме берип жазды.

Диваев басылмага берген комментарийинде «массалык башаламандыктар өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирет, ошондуктан бул берене боюнча жаза өтө оор» деп билдирген.

Орусиянын Кылмыш жана жаза кодексинин 212-беренесине ылайык, массалык башаламандыкка катышкандар 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Ар кандай маалыматтар боюнча, Фаил Алсыновду коргоп, эки күндөн бери уланып жаткан митингге бир миңден беш миңге чейин адам чыкты. Бул Орусия Украинада согуш баштагандан берки эки жылдагы өлкөдөгү эң ири акциялардын бири.

Жергиликтүү "Куштау Байрам" Телеграм-каналы укук коргоо кызматкерлери кармалгандары союл менен уруп жаткан видеолор менен бөлүштү.

“Азаттыктын” татар кызматы кабарлагандай, митингчилер менен полициянын ортосунда кагылышуу орун алып, эл укук коргоо кызматкерлерин бир нече метр артка сүрүүгө үлгүргөн.

Соңку маалыматтарга караганда, 17-январда (Бишкек саааты боюнча 17.00) Баймактагы митингде ондогон адамды полиция кармап кетти. Sota телеграм каналы сот имаратына тез жардам унаалары келип, кеминде 20га жакын жабырлануучуга жардам көрсөтүлгөнүн жазды.

Башкырстандык активист - Фаил Алсыновго "жек көрүүчүлүктү же кастыкты козутуу" деген берене менен иш козголгон. Тергөө экоактивист "Кавказдын жашоочулары", "Орто Азиянын" жана "армяндар" деген сөздөрдү айтып, адамдарды кемсинткен деп эсептей турганын билдирген. Прокурор активистти төрт жылга жатак абакка кесүүнү сунуш кылган. Өкүм жарыяланып жаткан учурда да соттун алдында бир нече миң киши топтолуп, "Боштондук!" жана "Фаил, биз сени менен!" деп коштоп турушту.

Ошондой эле анын тарапташтары Баймакка келчү жолдорду жаап, лидерин колонияга алып барууга жол бербей турганын айтып жатышат.

Активисттин жактоочусу Ильнур Суюндуков чогулгандарга сүйлөп жатып, активистке тагылган айып тууралуу буларды айтты:

"Бул билдирүүлөрдүн эч кандай терс же мыйзамсыз сыпаттамасы жок. Балким менин жактоочулук ишмердүүлүгүмө тыюу салуу өңдүү мага да каршы кандайдыр бир санкция болушу мүмкүн. Бирок андай чечимге да даярмын. Анткени чындык тууралуу үн катпасак, жашоонун маңызы эмнеде?"

Алсыновдун жактоочусунун айтымында, айыптоо анын “кара эл” деген сөз айкашын колдонгонуна негизделген. Адвокат "кара эл" азыркы түрк тилдеринде "жалпы эл" деген мааниде колдонуларын кошумчалады.

Акыркы жылдары Алсынов башкыр тилин коргоп чыкканы менен да белгилүү. Ал буга чейин Орусиядагы аскердик мобилизацияны “башкыр элинин геноциди” деп атап, Орусиянын Украинага басып киргенин “биздин согуш эмес” деп айткан.

Фаил Алсынов.
Фаил Алсынов.

Sota телеграм каналы соттун чечиминен кийинки Алсыновдун пикирин жарыялады. Анда ал ага коюлган айыпка макул эместигин билдирген:

"Мен күнөөмдү мойнума албайм, мен ар дайым адилеттик үчүн, элим үчүн, республикам үчүн күрөшүп келгенмин.

Активист менен бирге "Башкыр" уюмун негиздеген Руслан Габбасов Фаил Алсынов улутук лидерге айланганын айтат:

«Фаил Алсынов башында башкыр улуттук кыймылынын лидери болсо, Куштоодогу окуялардан кийин ал республикалык лидерге айланган, Куштоодо нааразылык акциясын уюштуруп, күч органдарына каршы күрөшкөндөрдүн бири болгон. Азыр митингге болгон реакция ачык көрүнүп турат. Элге басым жасап, камашат. Менимче, биз каршылыкты улантышыбыз керек».

Орусиялык саясат таануучу Дмитрий Орешкиндин баамында, Башкырстандагы нааразылык акцияларга активист гана эмес, аймактагы жалпы Москванын саясатына, атап айтканда, Украинага каршы согуштагы жоготууларга нааразылык да себеп болду:

"Активисттин же Куштоо тоосунун айланасындагы окуялар элдин чыгышына себеп гана болду. Анткени элде “Москва, орустар бизди басынтты” деген түшүнүк пайда болгон. Бул ойго Орусиянын Украинага каршы согушу да түрткү берди. Анткени жоготуулар негизинен Бурятия, Тыва, Дагестанга туура келет. Улуттар аралык жана эл аралык деңгээлдеги мындай агрессивдүү мамиле күтүлгөн эле нерсе болчу. Андан кутулуу мүмкүн эмес", - деди ал.

Активистке карата кылмыш иши Башкырстандын башчысы Радий Хабировдун кайрылуусунан кийин козголгон. Хабиров Фаил Алсыновду "мамлекетке каршы нааразылык акциялары" жана "экстремисттик иш-аракеттерди жүргүзүү", ошондой эле "Орусия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүн дискредитациялоо" боюнча айыптаган.

Фаил Асыновдун камалышын айрымдар анын активисттик ишмердүүлүгү менен байланыштырып жатышат.

16-январда күч органдары Баймактагы сот имаратынын алдында Алсыновду колдоо митингине катышкан төрт активистти кармап кеткен. Алар: “Башкыр” коомдук уюмунун экс-жетекчиси Ильнар Галин жана активисттер Юлай Аралбаев, Рафаил Абдрахманов жана Фанзил Ахметшин.

Кармалгандарга кандай айып тагылганы азырынча белгисиз.

Орусиянын курамындагы Башкырстандын калкы 4 миллионго жетет. "Азаттыктын" татар кызматынын маалыматында Украинадагы согушта 1323 башкырстандык жаран каза тапкан.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG