Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:27

"Чеченстанда кыйноо күтүп турат". Мовлаев кыргыз абагында жаза өтөөнү суранды


Мансур Мовлаев, чеченстандык активист
Мансур Мовлаев, чеченстандык активист

Кыргызстанда кармалып, камалган чеченстандык активист Мансур Мовлаев коопсуздук кызматынын тергөө абагында кыйноого кабылганын билдирди. Анын адвокаты бул боюнча прокуратурага жана Кыйноолорго каршы улуттук борборго кайрылганын маалымдады.

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровду сындап жүргөн активист мекенинде өзүн катаал жаза күтүп турганына кооптонгонун билдирип, канча жыл болсо да Кыргызстанда жазасын өтөөнү суранган. Бишкекте аны өз мекенине өткөрүп берүү боюнча сот жараяны жүрүп жатат.

"Мени соттон баш тартууга мажбурлап жатат"

Мансур Мовлаев коопсуздук кызматынын тергөө абагында кыйноого кабылганын 31-октябрда Бишкек шаардык сотунда жараян башталардын алдында айтып үлгүрдү:

"Урматтуу судья, мени тергөө абагында кыйнап жатышат. Мени соттон баш тартууга мажбурлашууда".

Мовланов сөзүн аягына чыгара алган жок. Анткени соттук коллегиянын төрагасы жоопкер тараптын апелляциялык арызы сот өндүрүшүнө келе электигин айтып, жараянды 16-ноябрга дайындады.

Адвокат Бакыт Автандил Мансур Мовлаевдин билдирүүсү боюнча прокуратурага жана Кыйноолорго каршы улуттук борборго кайрыла турганын маалымдады:

"Анын кыйноого кабылганын мен да бүгүн сотто уктум. Бул боюнча биз прокуратурага жана Кыйноолорго каршы улуттук борборго кайрылып, тиешелүү чараларды көрүүсүн сурайбыз".

Украинадагы согушка каршы пикирин ачык билдирип, чечен президентин сындап келген активист Мансур Мовлаев былтыр өмүрүнөн кооптонуп, Орусиядан качып чыккан.

Быйыл августта Кыргызстандын коопсуздук кызматы аны Ысык-Көлдөн кармаган. УКМК Мовлаев бир жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөнүн, атайын кызматтын террордук уюмдарга бөгөт коюу ишинин алкагында колго түшүрүлгөнүн билдирген.

Коопсуздук кызматынын маалыматында 28 жаштагы Мовлаев Сириядагы эл аралык террордук уюмду каржылоо максатында Кыргызстандагы колунда бар адамдарды карактоо ниетин көздөөгө шек саналганы жазылган. Мекеме ошондой эле ал быйыл январда Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп, орус жарандыгы тууралуу жасалма паспорт менен жүргөнүн кошумчалаган.

Мовлаевге "Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузуп өтүү" беренеси менен айып тагылып, 4-октябрда ал Биринчи Май райондук сотунун чечими менен мекенине депортациялоо менен алты айга эркинен ажыратылган.

"Жаза мөөнөтүн узартып берүүнү сурадык"

Активист соттогу акыркы сөзүндө Чеченстанга депортацияланса, чечен күч органдарынын кыйноосуна кабыларын айтып, канча жыл берилсе да, бул жакта жазасын өтөөнү суранган.

Апелляциялык арызда да бул айып боюнча эң жогорку жазага, эки жылга эркинен ажыратуу суралган. Сот аны алты айга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.

Мансур Мовлаев Биринча-Май райондук сотунда. 4-октябрь, 2023-жыл.
Мансур Мовлаев Биринча-Май райондук сотунда. 4-октябрь, 2023-жыл.

Кыргызстандын Кылмыш-процессуалдык кодексине ылайык, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө абагында кармалган бир күн эки күн деп эсептелет. Демек, Мовлаевдин бул жактагы жаза мөөнөтү 20-ноябрда аяктоого тийиш.

Мовлаевдин адвокаты Бакыт Автандил мекенинде анын өмүрү коркунучта экенин кайталады:

Бакыт Автандил
Бакыт Автандил

"Мовлаевди Орусияга депортациялоо кызыкчылыгы байкалып жатат. Бизге жеткен маалыматтарга ылайык, ал үчүн чечен бийлиги көп суммадагы акча бөлгөн. Өзүңүздөргө белгилүү, Мовлаев кармалгандан кийин соту өтө тездик менен өтүп, кылмыш беренесиндеги эң жеңил жаза - алты айга эркинен ажыратуу берилди. Ал жаза мөөнөтү бүткөндөн кийин мекенине депортация болот. Биз болсо ал айыпталып жаткан беренедеги эң катаал жаза - эки жылга эркинен ажыратууну сурап кайрылганбыз. Биз ал Кыргызстанда жок дегенде дагы эки жыл жашасын деген үмүттөбүз. Бул жолу жактоочу тарап менен прокуратуранын дооматтары дал келген сейрек учур, анткени алар дагы Мовлаевге эки жылдык жаза мөөнөтүн сурап кайрылган".

Анын Кыргызстандагы абактагы кыйноого кабылганы боюнча билдирүүсү жаңыдан гана териштириле баштады. Кыйноолорго каршы улуттук борбор азырынча Мовлаевдин адвокатынан өтүнүч келип түшпөгөнүн, келсе, тиешелүү чара көрүлөрүн "Азаттыкка" билдирди.

УКМКнын басма сөз кызматы Мовлаевдин соңку билдирүүсү боюнча комментарий бере элек. "Азаттыктын" бул тууралуу суроосу азырынча жоопсуз турат.

Мансур Мовлаев Орусия Украинага кол салгандан кийин мекенинде адам уурдоолор көбөйгөнүн айтып чыккан. Аны менен чогуу бир катар активисттер кийинчерээк уурдалган адамдардын айрымдары Украинадагы согушка тартылганын аныкташкан. Маалыматка ылайык, уурдалган адамдарды Украинага согушка барбаса, жасалма кылмыш иштеринин негизинде камалып, түрмөлөрдө кыйноого кабыларын айтып коркутушкан.

Мовлаев өзү бир нече ирет уурдалып, кыйноого кабылганын билдирген. Анын сөзүнө караганда, апасын, бир туугандарын да уурдап кетишип, маңзат сатууга байланышкан жасалма кылмыш ишин мойнуна албаса, жакындарынын иши жаман болорун айтып опузалашкан.

Кыргызстанда кармалган, уурдалган чет элдик активисттер

Өмүрү үчүн кооптонуп жер которуп келген орусиялык активисттер үчүн Кыргызстан коопсуз эмес экенин жергиликтүү укук коргоочулар айтып келет. Буга чейин да Орусиянын бийлигин сындаган активист, саясатчыларды Бишкектен Кыргызстандын күч органдары кармап, өткөрүп берген учурлар болгон.

Алсак, орусиялык активист Лев Скорякинди Бишкекте 17-октябрдын түнү белгисиз адамдар уурдап кеткени кабарланган. Орусиядан былтыр жайында чыгып кеткен Скорякин быйыл июнда Бишкекте кармалып, убактылуу тергөө абагына камалган. Укук коргоочулардын айтымында, ал сентябрда камактан чыгарылган. Скорякин башпаанек сурагандыктан, Кыргызстандын Башкы прокуратурасы аны Орусияга экстрадиция кылуудан баш тарткан.

6-июнда согушка каршы чыккан активист Алексей Рожков Кыргызстандан Орусияга экстрадицияланган. Ал мекенинде "аскердик комиссариаттын имаратына өрт койгон" деп шек саналууда.

Кыргызстанда камакка алынган орусиялык активист Алена Крылова июндан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында жатат.

Жарандык активист Бурул Усманали кыргыз бийлиги адам укуктары, качкындардын укуктары жаатындагы дүйнөлүк коомчулук алдында, Эл аралык конвенциялардын алкагында алган милдеттенмелерин так аткарууга тийиш деп эсептейт:

Бурул Усманали
Бурул Усманали

"ФСБ - Орусиянын коопсуздук кызматы же башка бир мамлекеттин тыңчы кызматы биздин өлкөдө кенен-кесири ишмердигин жүргүзүп келет. Аларга биздикилер ооз ача албайт. Тескерисинче, кармап, камап же мекенине депортациялап, көмөктөшүп жүрөт. Бул эң биринчиден бийликтин аракетинен күмөн саноого аргасыз кылат. Быйыл эле Путиндин согуш саясатына каршы чыккан бир канча активист Кыргызстанда кармалды. Демек, биздин өлкө дагы өмүрүнөн кооптонуп баш калкалап, качып келген чет өлкөлүктөр үчүн коопсуз болбой калды".

Орус президенти Владимир Путин 12-13-октябрдагы Кыргызстанга сапарынын алкагында орусиялык журналисттер үчүн уюштурулган маалымат жыйынында сыртка чыгып кеткен жарандар жөнүндө суроого жооп берген. Путин орус мыйзамдарын бузгандар кайда болбосун жоопко тартыларын белгилеген.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG