Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:23

"Көмүскө импорт жана жамап-кураштыруу менен иш бүтпөйт". Орусияда учуу коопсузбу?


"Россия" авиакомпаниясынын Sukhoi Superjet 100 учагы конуу учурунда кыймылдаткычтын капкагын толук жаба алган эмес.
"Россия" авиакомпаниясынын Sukhoi Superjet 100 учагы конуу учурунда кыймылдаткычтын капкагын толук жаба алган эмес.

2023-жылы Орусияда аба кокустуктарынын саны кеминде үч эсеге өскөн. Эксперттер жыл башында "Иран сценарийинин" коркунучу тууралуу эскертишкен. Санкциялар киргизилген соң Иранда аба кокустуктарынын саны көбөйүп, кийин бир катар кырсыктар болгон эле.

Эксперттер Орусияда 2024-жылы да кырсык болорун болжолдошууда, ал эми Федералдык аба транспорт агенттиги көйгөйгө көңүл бурбай коюуда деп жазат "Сибирь.Реалии".

Орусия учак кырсыктарынын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат

2023-жылы ноябрда Федералдык аба транспорт агенттигинин башчысы Дмитрий Ядров Орусиянын жарандык авиациясы санкцияларга ыңгайлашып алганын билдирген. Ал Орусия учуу коопсуздугу боюнча дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн катарында турат деп ишендирген болчу.

Орусия Федерациясындагы аба кырсыктарын жана жарандык учактар менен болгон кокустуктарды иликтөө эрежелерине ылайык, учакка байланышкан чукул кырдаалды авиакырсык деп атоо үчүн кимдир бирөө каза болушу же учактын өзүнө өтө олуттуу зыян келтирилиши керек. 9-январда Магаданга учуп баратканда 2900 метр бийиктикте ичкериге сырттан аба кирип кеткенде, "ИрАэро" авиакомпаниясына тиешелүү Ан-26 учагынын жүргүнчүлөрү зыян тарткан жок.

21-июлда кыймылдаткычынын каптамасынын бир бөлүгү асмандан кулап түшкөндө, "Азимут" авиакомпаниясынын Superjet-100 учагы Минводы аэропортуна аман-эсен кайтып келди. Ал эми 12-сентябрда «Уральские авиалинии» авиакомпаниясынын Airbus A320 учагынын эки гидравликалык системасы иштен чыгып, учак учуп-конуу тилкесине эмес, түз эле жүгөрү талаасына конуп, адамдары аман калган.

2021-жылы Орусия аба кырсыктарынын саны боюнча дүйнөлүк рекорд койгон. Ал эми 2022-жылы сентябрда Эл аралык жарандык авиация уюму (ICAO) учуу коопсуздугу боюнча аудиттин жыйынтыгына ылайык Орусияны “кызыл желек” менен белгилеген. 193 өлкөнүн ичинен учуу коопсуздугу Бутан, Конго жана Либерия сыяктуу дагы үч өлкөдө өтө төмөн экендиги аныкталган.

Жалпысынан, Орусия акыркы 20 жылда авиакырсыктан каза болгондордун саны боюнча бул тизмедеги калган лидерлерден чоң айырма менен дүйнөдө биринчи орунда турат. 2000-жылдан бери Орусияда учак кырсыгынан кеминде 1712 адам каза болгон. Орусияда каза болгондордун саны менен ташылган жүргүнчүлөрдүн санынын катышы АКШга караганда 18 эсе көп, башкача айтканда, орусиялыктардын учак кырсыгынан каза болуу коркунучу 18 эсе жогору.

2023-жылы 9-декабрда америкалык Newsweek басылмасы 2023-жылы орусиялык учактардагы мүчүлүштүктөрдүн саны үч эсеге көбөйгөнүн көрсөткөн изилдөөнүн жыйынтыгын жарыялады. Басылманын маалыматы боюнча, сентябрдан 8-декабрга чейин эле Орусияда тетиктердин жетишсиздигинен улам коммерциялык учактарда жалпысынан 60 аба кокустугу жүз берген. Ал эми декабрдын алгачкы сегиз күнүндө кеминде сегиз учак бузулган. Салыштыруу үчүн: 2022-жылы 61 кокустук катталган эле.

Newsweekтин корутундусун өлкөдөгү жүргүнчүлөрдү ташуучу авиациянын аянычтуу абалына көңүл бурдурууга аракет кылган орусиялык көз карандысыз маалымат каражаттарынын маалыматтары да тастыктайт. 20-сентябрда "Новая газета Европа" өз иликтөөсүн жарыялады, ага ылайык, 2023-жылы орусиялык авиакомпаниялардын учактары учуп жүргөн убакта акыркы беш жылдагыдан эки эсе көп бузула баштаган.

Бир күндө беш аба кырсыгы

Журналисттер 2023-жылдын акыркы айындагы жабдуулардын сынышынан же иштен чыгышынан улам келип чыккан аба кокустуктары боюнча өз тизмелерин түзүү үчүн ЖМК, Telegramдагы адистештирилген сайттардын жана каналдардын маалыматтарын, РФ Тергөө комитетинин жана ташуучулардын өздөрүн билдирүүлөрүн иликтеп чыгышты. Бул тизмеге тик учактар, жүк ташуучу жана аскердик учактар менен болгон аба кокустуктары кирген эмес. Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна коркунуч келтирбегендиктен, учак учуп-конуу тилкесине чыга электе эле бузуктугу аныкталган учурлар да эске алынбады. Учуп-конуу тилкесинде бөтөн нерселердин болушунан же канаттуулар менен кагылышуудан келип чыккан окуялар да каралган эмес, анткени мындайлар санкцияларга карабай ар бир өлкөдө боло бериши ыктымал. Баардык аталган чектөөлөргө карабастан, тизме баары бир абдан чоң болуп чыкты. Бул жерде алардын айрымдарын гана келтирдик.

1-декабрда бир эле учурда беш аба кырсыгы катталды. Конууга аз калганда «Уральские авиалинии» авиакомпаниясынын сентябрь айында Новосибирскинин жанындагы жүгөрү талаасына учагы конгон учагынын эки жери бузулган. Эртең менен Екатеринбургдан учуп келаткан А-321 учагынын гидравликалык системасы Сочиге конуп жатканда иштен чыкса, кечинде Москвадан учуп чыккан дагы бир А-321 учагы Калининградга конуп жатканда башкаруу рычагдары иштебей калган.

Москвадан Калининградга учуп бараткан «Аэрофлот» авиакомпаниясынын А-321 учагы учкучтардын кабинасы муздап калгандыктан, Санкт-Петербургдун Пулково аэропортуна конууга аргасыз болгон.

Ошол эле күнү Москвадан учуп келген «Аэрофлоттун» учагы Boeing 777 шасси дөңгөлөктөрүнүн бириндеги басымдын төмөндөшүнөн улам Южно-Сахалинск аэропортуна шашылыш конду.

Ал эми "ИрАэро" авиакомпаниясынын Superjet-100 учагы Новосибирскиден Талаканга учуп баратканда канатындагы эки тетиги жана автопилоту иштебей калып, Толмачево аэропортуна кайтууга аргасыз болгон.

Новосибирскиден Талаканга учуп бараткан "ИрАэро" авиакомпаниясынын учагы техникалык мүчүлүштүктөн улам Толмачевого кайтып келди. Сүрөт булагы: Батыш Сибирь транспорт прокуратурасынын телеграм каналы.
Новосибирскиден Талаканга учуп бараткан "ИрАэро" авиакомпаниясынын учагы техникалык мүчүлүштүктөн улам Толмачевого кайтып келди. Сүрөт булагы: Батыш Сибирь транспорт прокуратурасынын телеграм каналы.

2-декабрда Санкт-Петербургдан учуп келген «Аэрофлот» авиакомпаниясынын А-321 учагы 3600 метр бийиктикте сол кыймылдаткычы иштен чыгып, Москванын Шереметьево аэропортуна авариялык режимде конгон.

Ал эми Ноябрьск шаарынан Уфага учуп бараткан «Ямал» авиакомпаниясынын Superjet 100 учагы Тюмень облусуна авариялык режимде конууга мажбур болгон.

5-декабрда Москва-Казань каттамын аткарган «Победа» авиакомпаниясынын Boeing-737 учагы гидравликалык системадагы мүчүлүштүктөн улам Шереметьево аэропортуна кайтып келди.

Ошол эле күнү «Победанын» дагы бир Boeing 737си алыстыкты көрүүнү өлчөөчү аспаптары толук иштен чыгышынан улам Минводыга авариялык режимде конууга мажбур болду.

Певектен Хабаровскиге учуп бараткан Чаплыгин атындагы Сибирь илим-изилдөө авиация институтуна таандык Ан-12 учагынын рулду тескөө системасы иштен чыккандыктан, Комсомольск-на-Амуре аэропортуна конууга аргасыз болгон.

6-декабрда Москвадан Бакуга учкан «Аэрофлот» авиакомпаниясына таандык Boeing 737 учагынын канатынын механизациясы конуу учурунда иштен чыккан.

Игаркадан учуп келе жаткан «Ютэйр» авиакомпаниясына таандык Boeing 737-800 учагы Внуково аэропортуна жакындаганда, гидросистемасы иштебей калган.

7-декабрда «Аэрофлоттун» Боинг-777 учагы Москвадан Камчаткага уча алган жок. Каттамды адегенде учактын бир тетиги сынгандыктан, кечиктиришкен, ал эми жүргүнчүлөр жайгашып, учак учуп жатканда, отургучтардын бири күйүп кеткен. Кыязы, кыска туташуудан улам болсо керек.

Ошол эле күнү Москвадан Новосибирскке учуп бараткан «Якутия» авиакомпаниясынын Boeing 737 учагы конуп жатканда алдыңкы тирөөчүнүн тескегичи иштебей калган.

2023-жылы 9-январда "Победа" авиакомпаниясына таандык Boeing 737-800 учагы Пермде учуп-конуу тилкесинен чыгып кеткен.
2023-жылы 9-январда "Победа" авиакомпаниясына таандык Boeing 737-800 учагы Пермде учуп-конуу тилкесинен чыгып кеткен.

8-декабрда Екатеринбургдан Нижний Новгородго учуп бараткан «Ред Вингс» авиакомпаниясына таандык RRJ-95LR-100 учагы конуу учурунда шассисин түшүрө албай калган. Экинчи жолкуда гана конгон.

Москвага учуп бараткан S7 авиакомпаниясына таандык Boeing 737 учагы кыймылдаткычтарынын иши үзгүлтүккө учурагандыктан, шашылыш түрдө Новосибирск аэропортуна кайтып келген. Жүргүнчүлөр учакты ылдамдатуу учурунда жарылууларды укканын, турбиналардагы жалынды көрүшкөнүн, ал эми конгондо учактын “тормоздору күйүп” кеткенин билдиришкен.

Минеральные Водыдан Санкт-Петербургга учуп бараткан «Россия» авиакомпаниясына таандык Airbus A319 учагы ичкериге сырттан аба кирип кеткендиктен учуп чыккан аэропортко чукул кайтып келген. Учакта учуп бараткан жүргүнчүнүн айтымында, конуу учурунда балдардын кыйкырыгы жана аялдардын дуба окуганы угулган.

8-декабрдан 23-декабрга чейин да техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам абадагы кокустук болбогон күн болгон жок. Ошентип, декабрь айынын аягына жетпеген убакытта алардын жалпы саны 58ге жетти. Салыштыруу үчүн: 2022-жылы 61 аба кокустугу жүз берген.

"Эң жаманы – алар фактыларды жашыра башташты"

2023-жылдын башында эксперттер транспорт министри Виталий Савельевдин Орусия «иран сценарийи» боюнча санкцияларга туруштук берет деген билдирүүсүнөн күмөн санашкан. Алар Иранга каршы санкциялар киргизилгенден кийин аба кокустуктарынын саны көбөйгөнүн эске салышты.

"Тилекке каршы, бул жааттагы божомол да чын болуп чыкты, – деп билдирди RunAvia учуулардын коопсуздугун камсыздоо кызматынын негиздөөчүсү Андрей Патраков. – Ирандын жарандык аба каттамдарына каршы санкциялар киргизилгенден кийин кокустуктардын көбөйүшү бир катар аба кырсыктарына алып келди. Орусияда азыр бүткүл эксперттик коомдоштук мындай кырсыктарды болтурбоо үчүн иштеп жатат. Анткени жаңы божомолдор аба кокустуктарынын өсүшүнүн мындай динамикасы 2024-жылы эле чоң кырсыктарга алып келиши мүмкүн экенин ачык-айкын көрсөтүп турат".

Андрей Патраковдун айтымында, бул жагдайдын эң жаманы – Орусиянын расмий авиациялык бийликтери аба кокустуктарынын көбөйүш көйгөйүн моюнга албастан, тескерисинче, баары ишеничтүү деп ырастоого аракет кылып жатышат:

"Эң жаманы, алар фактыларды жашырып, бардык кокустуктарды расмий түрдө каттабай жатышат, – деп баса белгилейт Андрей Патраков. – Орусия Федерациясындагы учуу коопсуздугунун чыныгы абалын көз жаздымда калтырууга аракет кылуу жана кокустук фактыларын жашыруу менен Орусиянын авиация бийликтери кырдаалды ого бетер курчутуп жатат. Маалыматтын жетишсиздиги кырсыкты алдын алуу жана бир катар аба кырсыктарын болтурбоо үчүн учуу коопсуздугунун опурталдуу тобокелдигин аныктоо боюнча ишибизди өтө кыйындатууда".

Авиация боюнча эксперт Сергей Петров да Аба транспортунун федералдык агенттиги аба кокустуктары болгон фактыларды жашыра баштаганы чын дейт (ал аты-жөнүн өзгөртүүнү суранды, анткени ал иштеген ЖОЖдун жетекчилиги иштен бошотом деп коркутуп, чет элдик өкүл деп аталган ЖМКларга комментарий берүүгө тыюу салат).

«Эмне болуп жатканын так билүү үчүн ар бир баш тартуунун себептерин аныктоо керек. Муну федералдык аба транспорт агенттигиндегилер деле билбейт го. Биздин кудай эле сактасын деген тармакта ар кандай маалымат эртеби-кечпи баары бир угулбай калбайт, ачыкка чыгарбоонун эң жакшы жолу – эч кандай маалыматтын жоктугу», – деп какшыктайт эксперт.

Андрей Патраков ыктымал кырсыктарды алдын алуунун эң майнаптуу жолу - учуу коопсуздугу өтө ишеничсиз болуп калган учактардын ишин токтотуу деп эсептейт.

Авиаканнибализм жана көмүскө импорт маселе чечпейт

Бирок мындай учактарды колдонуудан чыгаруу күндөн күнгө кыйын болуп баратат, себеби камдык бөлүктөрдүн жетишсиздигинен улам алардын саны азайып баратат. Бир учакты оңдоо үчүн башкасын бузуу (авиаканнибализм) ыкмасы да көмүскө импорт сыяктуу эле маселени чечпейт.

2024-жылы Орусия Федерациясында чехиялык L-410 учактары биротоло учпай калышы мүмкүн. 2023-жылы сентябрда Орусиянын эки аймагы алардан толугу менен баш тартты: Комиден кийин эле Камчатка камдык бөлүктөрдүн жетишсиздигинен улам каттамдарын токтотту. Жетүү эң кыйын жана алыскы аймактарга учкан L-410 учактарын алмаштыруу үчүн аймактар эми тик учактарга өтүшү керек, бирок алар менен жүргүнчүлөрдү ташуу бир топ кымбатка турат.

"Санкциялардан улам америкалык кыймылдаткычтарды тейлөө мүмкүн болбогондуктан, S7 компаниясы эң жаңы Airbus A320 NEO моделдерин колдонууну токтоткондугун расмий жарыялады, – дейт Андрей Патраков. – Атүгүл иштеп жаткан ата мекендик Superjet 100 учактары буга чейин эки эседен ашык кыскарган. Мунун башкы себеби – алардын кыймылдаткычтарынын француз бөлүгүн тейлөө кыйын экендиги".

Иликтөөчү журналист орус авиакомпаниялары санкциялардын алкагында тетиктерди кайдан алып жатканы тууралуу айтып берди.

"Учактын түрү канчалык кеңири таралган болсо, ал үчүн тетиктерди, айрыкча эскире элек тетиктерди сатып алуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору, - деп ырастайт Сергей Петров. - Бирок оригиналдуу эмес камдык бөлүктөрдү коопсуз колдонуу үчүн Орусиянын авиация жетекчилери аларды сертификациялоо системасын түзүшү керек болчу. Бир жыл өттү, бирок эч ким эч нерсе кылган жок, орус авиация башчылары жөн гана жоопкерчиликти PMA компоненттери келчү өлкөлөрдүн авиакомпанияларына жана авиация бийликтерине оодарышты. Ошентсе да мен дүйнө ак-кара эместигин, чыныгы жагдай импортту ийгиликтүү алмаштыруу менен «эми алардын баары кулайттын» ортосунда экенин баса белгилегим келет.

Материалды толугу менен Сибирь.Реалии сайтынан окуса болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG