Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:22

Украина: Орусия "Кинжалдар" менен сокку урду. Белгороддо 300дөй киши эвакуация болду


Орус армиясынын чабуулунун кесепети. Днепро шаары, 6-январь, 2024-жыл.
Орус армиясынын чабуулунун кесепети. Днепро шаары, 6-январь, 2024-жыл.

Орус армиясы Украинанын аймактарына өтө тез ылдамдыктагы “Кинжал” ракеталары менен кайрадан сокку урду. 8-январга караган түнү Украинанын бардык аймактарында сиреналар жаңырды.

Кеминде үч кишинин өмүрү кыйылып, 30дан ашуун адам жараат алып, жарандык инфратүзүмдөргө зыян келтирилгенин украин бийлиги билдирди. Ал арада Украина менен чектеш Орусиянын Белгород облусунда аткылоолордон улам 300дөй киши эвакуацияланганы кабарланды.

8-январдын таңында Киевдин миңдеген тургундары бомбадан калкалоочу жайларга, метролорго түшүүгө аргасыз болушту. Украин бийлиги билдиргендей, орус күчтөрү дрондор, канаттуу ракеталар, анын ичинде үндүн ылдамдыгынан тез учкан “Кинжалдар” менен сокку урду. Маалыматка караганда, абадан коргонуу системалары 18 ракетаны жана сегиз “Шахед” учкучсуз аппаратын атып түшүрдү.

Харьков, Днепропетровск, Хмельницкий жана Запорожье облустарында жардыруулар катталды. Хмельницкий облусунда эки карапайым тургундун өмүрү кыйылды.

Запорожье облусунун губернатору Юрий Малашко беш жарылуу болуп, эки киши жараат алганын, карапайым тургундардын турак жайлары жабыркаганын жазды.

Орус армиясынын Украинанын Запорожье облусуна жасаган чабуулунун кесепети. 8-январь, 2024-жыл.
Орус армиясынын Украинанын Запорожье облусуна жасаган чабуулунун кесепети. 8-январь, 2024-жыл.

Кривой Рог шаарында орус күчтөрүнүн чабуулунан бир аял набыт болгону кабарланды. Жергиликтүү Телеграм-каналдардын жазышынча, ракета соода борборго тийген.

Днепропетровск облусунун Новомосковск шаарында жардыруудан улам коомдук транспорт кырсыкка учурап, үч административдик имарат, эки май куюучу жай жана беш кабаттуу үй талкаланганын облус губернатору Сергей Лысак билдирди. Анын айтуусунда, жалпы 24 киши, анын ичинде беш бала жараат алып, ооруканага жеткирилди.

Украинанын экинчи чоң шаары саналган Харьков шаарынын мэри Игорь Терехов “Таң жардыруулар менен башталганын” Телеграмга жазды.

Харьков облусунун губернатору Олег Синегубов билдиргендей, калаага кеминде төрт ракета менен сокку урулган. Өндүрүш ишканасы, билим берүүчү жай жабыркаган. Урандылардын алдында тургундар бар экени кабарланды.

Харьков облусунун Змиев кыштагында орус күчтөрүнүн соккусунан жабыркаган үйдүн урандыларын тазалап жатышат.
Харьков облусунун Змиев кыштагында орус күчтөрүнүн соккусунан жабыркаган үйдүн урандыларын тазалап жатышат.

Одесса облусунун губернатору Олег Кипер жети дрон абадан атып түшүрүлгөнүн, жабыркагандар жок экенин кабарлады.

Орусиянын Коргоо министрлиги жогорку тактыктагы курал-жабдык, анын ичинде “Кинжал” ракеталары менен Украинанын аскердик өндүрүш комплекстерине сокку урганын билдирди. Көптөгөн фото жана видео далилдерге карабастан орус бийлиги жарандык жайларга чабуул койгонун танып келет. Украинанын президенти Владимир Зеленский 7-январда Орусияны жеңсе болорун дагы бир ирет кайталады.

"Мен ишенем жана биздин жыйынтыктар көрсөткөндөй, Орусияны дагы эл аралык укуктун алкагына кайтарса болот. Анын агрессиясын жеңсе болот", - деди ал Швецияда өткөн конференцияга онлайн байланыш аркылуу катышып жатып.

Белгороддо 300дөй тургун коопсуз жайга көчүрүлдү

Ал арада Украина менен чектеш Орусиянын Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков аткылоолордон улам 300дөй киши өз ыктыяры менен коопсуз жайга көчүрүлгөнүн билдирди.

"Азыр адистерибизди жиберип, балдарды жайгаштыруучу жайларды караштырабыз. Аларды атайын топторго бөлүштүрүп, жөнөтөбүз. Старый Оскол, Губкин жана Корочанский райондорундагы убактылуу баш калкалоочу жайларында учурда Белгороддун 300дөй тургуну бар. Алар өзүлөрү убактылуу коопсуз жайга көчүүнү чечишти",- деди Гладков.

Орусиянын Белгород облусу Москва Украинага согуш ачкандан бери аткыланып келет. Өзгөчө чек арага жакын жайгашкан Шебекино сыяктуу айыл-кыштактар ар кандай чабуулдарга дуушар болуп турат.

Былтыр 30-декабрда аткылоодон 25 кишинин өмүрү кыйылып, 100дөн ашуун адам жараат алганын орус бийлиги кабарлады. 2-январда чабуулдар уланып, жоготуулар катталганы маалымдалды. Жергиликтүү тургундар бомбадан калкалоочу жайлардын жоктугуна нааразылыгын билдирип жатышат. Орус бийлиги Белгород облусуна жасалган чабуулдарды Киевден көрүп келет. Украин бийлиги бул тууралуу комментарий бербейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG