Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:13

Авдеевкадагы кармаш Бахмуттагы кыргынга айланабы?


Авдеевка шаары. 17-октябрь, 2023-жыл.
Авдеевка шаары. 17-октябрь, 2023-жыл.

Орус аскерлери соңку бир аптадан бери Авдеевка шаарына чабуул коюп келатат. Украинанын президенти Владимир Зеленский айтылган аймакта айыгышкан кармаш жүрүп, аскерлер туруштук берип жатканын айтты.

Ал эми серепчилер Авдеевкадагы кармаш Бахмуттагы кыргындан эч айырмасы жок экенин белгилешет.

25-октябрда Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы соңку бир суткада "80 куралдуу кагылышуу" болгонун кабарлады. Анда украин күчтөрү өлкөнүн чыгышындагы Донецк облусундагы бомбалоодон улам урандыга айланган Авдеевка шаарында жана анын айланасында 10дон ашуун чабуулдун мизин кайтарганы айтылат.

"Душман эки түн бою 40ка жакын алыстан башкарылуучу бомба таштады. Бирок жердеги соккулардын саны кечээки жана мурунку күнгө караганда эки эсе азайды. Бул таң калыштуу эмес, анткени акыркы беш күндө душман Донецк облусунда 2400гө жакын кишисинен айрылды", - дейт Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын басма сөз катчысы Александр Штупун.

Анын сөзүнө караганда, бул жоготуулардын көбү Авдеевка жана ага жакын жайгашкан Марьинка шаарында болгон.

Авдеевканын аскердик администрациясынын башчысы Виталий Барабаш шаар тынымсыз атылган оор артиллерияга жана аба чабуулдарына туруштук берип атканын белгиледи:

"Душман шаарды курчоого алуу аракетин көрүп, түндүк менен түштүктөн жаңы күчтөрдү тартып келүүдө. Эки күн бою алар негизинен чакан топторго бөлүнүп, коргонуудагы жылчыктарды табууга аракет кылышты, бирок майнап чыккан жок. Коргоо линиясы күчүндө", - дейт Барабаш.

25-октябрда Украинанын президенти Владимир Зеленский: "Купянскиде, Авдеевкада катаал салгылашуулар уланууда, бирок биздин жоокерлер өз позицияларын кармап турат", - деп жазды Телеграмга.

Авдеевка экинчи Бахмут болобу?

Ал эми шаар тургундары жана аны коргогон аскерлер Авдеевкадагы абалды Бахмут менен салыштырууда. Орус армиясы күн сайын эл жашаган аймакты урандыга айландырууда.

Аскердик эксперт Иван Киричевский "Настоящее время" телеканалына берген маегинде "орус армиясына Авдеевка эмне үчүн маанилүү?" деген суроого жооп берди.

"Авдеевка азыр орус аскерлеринин саны аз болсо да, шаарды курчап алуу мүмкүнчүлүгү бар жападан жалгыз жер. Фронттун башка райондорунда алардын мындай мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан орустар ал жерде катуу аракет жасап жатышат, башкача айтканда, жөө аскерлерди алдыга салып, авиацияны кеңири колдонууда. Авдеевка жана Марьинка Донецкиге басып кирүүнү көзөмөлдөйт. Ошондуктан орус аскерлер эки багытта тең бирдей интенсивдүү иш алып барууда. Марьинкадан дээрлик эч нерсе калган жок. Ал эми Авдеевка үчүн дагы деле күрөшө турган нерселер бар".

Иван Киричевский Авдеевкадагы кармаш Бахмуттагы кырдаалдан эч айырмасы жок экенин жашырбайт.

"Чындыгында азыр Авдеевканын жанында болуп аткан нерселердин бардыгын, тилекке каршы, Бахмутта да көргөнбүз. Орустардын Бахмуттагы "жаңылыгы" курчоого алынган шаарлардагы инфраструктураны абадан бомбалап талкалап, шаарды коргоочуларды алсыратканы эле. Жөө аскерлердин чабуулу да орустардын ойлоп тапканы, алар ушундай эле ыкманы Бахмуттун жанында көрсөтүшкөн. Колдо болгон бардык күч-аракетти бир аймакта, кайсыл бир шаардын аймагында топтоону, тилекке каршы, орустар Бахмутта көрсөткөн", - дейт эксперт.

Согуш башталганга чейин 25 миңдей адам жашаган Авдеевка шаарында азыр 1600дөй тургун калган.

Авдeевка. 17-октябрь, 2023-жыл.
Авдeевка. 17-октябрь, 2023-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин 15-октябрда мамлекеттик телеканал аркылуу сүйлөп жатып, орус армиясы "активдүү коргонуу" позициясында экенин, "кеп Купянск, Запорожье жана Авдеевка тууралуу болуп жатканын" айткан.

24-октябрда Украинанын Реинтеграция министрлиги Донецк жана Херсон облустарынын Киевдин көзөмөлүндөгү айрым жерлеринен балдар эвакуация болорун жарыялады. Мекеменин каналында айтылгандай, орус армиясы аймакты аткылап, кирип барышы ыктымалдыгынан улам мындай чара көрүлүүдө.

Донецк облусунун Бахмут жана Покровск райондорунан 250гө жакын тестиер чыгарылат. Адегенде аларды гуманитардык хабга алып келип, зарыл болгон жардам берилгенден кийин Житомирге жөнөтүшөт. Херсондогу 23 жерден 802 бала Николаев, Одесса жана Львов облустарына эвакуацияланмакчы.

Орусиянын дрон чабуулунан 16 киши жабыркады

Орусиянын армиясы 25-октябрга караган түнү Украинанын Хмельницкий облусунда да "Шахед" жанкечти-дрондору менен аткылоону улантты. Аларды абадан атып түшүргөндө, сыныктарынан Шепетовский районунда 16 киши жабыркаганын облустун аскердик администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары Сергей Тюрин билдирди.

Анын сөзүнө караганда, дрондун сыныктары карапайым тургундар жашаган аймакка түшкөн. Бир катар турак жайлар, автоунаалар дагы зыян тартты.

Ал эми Украинанын ички иштери министри Игорь Клименко тогуз жер там жана 11 көп кабаттуу үй, эки окуу жайы, административдик имарат, дүкөн жана автоунаалар жабыркаганын тактады. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, Орусиянын армиясы Хмельницкий облусуна төртүнчү сутка катары менен чабуул коюуда.

Украинанын түштүгүндөгү Херсон облусуна шаршембиде эртең менен абадан соккуда бир киши мүрт кеткенин облус губернатору Александр Прокудин Телеграмга жазды.

Украин күчтөрү былтыр ноябрда орус аскерлерин бир нече айга созулган кармаштан кийин дал ушул Херсон аймагынан сүрүп чыккан. Бирок орус армиясы Днепр дарыясынын аркы өйүзүнөн шаардын борборун жана анын айланасындагы аймактарды аткылоону улантууда.

Прокудиндин айтымында, акыркы 24 саатта орус күчтөрү Херсон аймагына 35 жолу абадан чабуул жасаган.

Орус аскерлери дээрлик күн сайын Херсон облусунун басып алган бөлүгүн аткылашууда. Бирок Москва согуш башталгандан бери карапайым элге багытталган чабуулду четке кагып келет.

Орусиянын Коргоо министрлиги бул кол салуу боюнча комментарий бере элек. Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG