Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:03

ЕРӨБ Ысык-Көл айланма жолун жакшыртууга 47,4 млн евро насыя берет


Корумду - Балбай жолунун курулушуна даярдык. Транспорт жана коммуникация министрлиги тараткан сүрөт.
Корумду - Балбай жолунун курулушуна даярдык. Транспорт жана коммуникация министрлиги тараткан сүрөт.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Ысык-Көл айланма автожолун жакшыртуу үчүн Кыргызстанга 47,4 млн евро насыя берет. Бул тууралуу 6-майда, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев билдирди. Анын айтымында, 47,4 млн евронун 44,20 млн евросу насыя, 3,2 млн евросу грант. Насыянын мөөнөтү 20 жыл, анын 5 жылы жеңилдетилген мезгил болуп эсептелип, пайыздык чени 1 пайызды түзөт.

Буга байланыштуу мыйзамдын долбоору комитетте экинчи окууда каралып, жактырылды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров былтыр ноябрда Лондонго барган учурда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Кыргызстанга жалпы 70,43 млн евро бөлөрүн маалымдаган. Анын 47,3 млн евросу Ысык-Көл айланма жолун реконструкциялоого (Балбай баатыр айылынан – Каракол шаарына чейин), 14,63 млн евросу Кыргызстанда электр тармагын санариптештирүүгө, 8,5 млн евросу Базар-Коргон шаарын суу менен камсыздоо тутумдарын оңдоого жумшалары маалымдалган.

Марттын башында президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) ортосундагы кредиттик жана гранттык макулдашууларды ратификациялоо боюнча мыйзамга кол койгон. Маалыматка ылайык, Кадамжай, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак жана Айдаркен шаарларында суу секторунун туруктуулугун жогорулатуу программасы үчүн насыя жана грант алуу боюнча макулдашууларга 2023-жылы 16-майда Самарканд шаарында кол коюлган. Макулдашууларда көрсөтүлгөндөй, ЕРӨБ Кыргызстанга 8 млн евро насыя, 8 млн евро грант жана 2,6 млн евро өлчөмүндө техникалык гранттык каражат берет.

ЕРӨБ 2021-жылы тараткан маалыматында Кыргызстан эгемендик алгандан бери грант жана насыя катары Бишкекке 1 миллиард доллардан ашык каражат бергенин билдирген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG