Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:21

АКШ Украинага ATACMS ракеталарын берди


Шейшембиде Украинанын президенти Владимир Зеленский америкалык ATACMS ракеталарын колдонгонун ырастады. Бир күн өтпөй Орусиянын президенти Владимир Путин мындай соккулардын мизи кайтарыларын айтты.

Ал эми айрым басылмалар Пентагон эски үлгүдөгү ATACMS ракеталарын Украинага жөнөткөнүн жазып чыгышты.

Сокку Запорожьедеги беш кабат үйгө тийди

Соңку күндөрү Орусия Украинанын шаарларын тынымсыз аткылап, абадан сокку уруп, жарандык жана энергетикалык инфратүзүмгө чоң зыян келтирүүдө.

18-октябрга караган түнү Украинанын түштүгүндөгү Запорожье шаарына Орусиянын армиясы жасаган аба чабуулунан эки карапайым тургун мүрт кетип, төрт киши жараат алды. Үч кишинин дайыны табылбай жатканын украин бийлиги билдирди.

Украиналык куткаруучу. 18-октябрь, Запорожье.
Украиналык куткаруучу. 18-октябрь, Запорожье.

Жардыруудан шаардагы көп кабаттуу үйдүн 3, 4 жана 5-кабаттары кыйрап, 50дөй тургун эвакуацияланганын Запорожье шаардык кеңешинин катчысы Анатолий Куртев Телеграмга жазды.

Аймактагы журналисттер кеминде үч киши набыт болуп, дагы бир нечеси жараат алганын жазышууда. Орусиянын Коргоо министрлиги сокку тууралуу комментарий берген жок.

Шейшембиде Днепропетровск, Херсон жана Николаев облустарында да аба чабуулу жөнүндө эскертүүлөр берилгени кабарланды.

Ал тапта Москва аннексияланган Крымга жана Орусиянын эки аймагына украиналык учкучсуз учактардын чабуулунун мизин кайтарганын ырастады.

Орусиянын Коргоо министрлиги түн ичинде Курск, Белгород облустарына жана Крымга чабуул койгон 28 учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Курск облусунун губернатору Роман Старовойт Орусиянын абадан коргонуу күчтөрү тарабынан 12 учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн Телеграмга жазды.

Ал эми Белгород облусунда да алты учкучсуз учак жок кылынганын губернатор Вячеслав Гладков билдирди. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

ATACMS Украинага жетти

17-октябрда Украинанын президенти Владимир Зеленский кезектеги видеокайрылуусунда украин армиясы Бердянск жана Луганск шаарларындагы аскердик аэродромдорго кол салууда америкалык ATACMS ракеталарын колдонгонун ырастады.

"Президент Байден менен келишимдер аткарылып жатат. Алар абдан так аткарылууда - "чабуулдар" өзүн көрсөттү", — деди Зеленский.

Украинанын Атайын операция күчтөрүнүн командачылыгы билдиргендей, 17-октябрга караган түнү Москва убактылуу басып алган Бердянск жана Луганскидеги аскердик аэродромдорго жасалган аба соккулардан орусиялык армиянын тогуз тик учагы, курал-жабдык кампасы жана абадан коргонуу системасынын бөлүгү жок кылынган.

"Ийнелик" деп аталган операция ийгиликтүү өткөнүн президент Владимир Зеленский өзү ырастап, аны ишке ашыргандарга ыраазычылык билдирген.

17-октябрда Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин расмий өкүлү Эдриенн Уотсон да 300 чакырым радиуска чейинки күчү бар ракеталар Украинага жеткирилгенин ырастады.

"Биз бул ATACMS биздин (АКШ) аскердик даярдыгыбызга доо кетирбестен, Украинанын согуштук мүмкүнчүлүктөрүн олуттуу түрдө жогорулатат деп ишенебиз", - деди Уотсон.

Ал эми шаршембиде Орусиянын президенти Владимир Путин АКШнын Украинага ATACMS ракеталарын жеткирүүсү кошумча коркунуч жаратарын, бирок Орусия мындай чабуулдардын мизин кайтара аларын билдирди.

"Эң негизгиси, ал принципиалдуу түрдө байланыш линиясындагы кырдаалды эч кандай өзгөртө албайт. Бул мүмкүн эмес. Муну так айтууга болот", - деди Путин.

Буга чейин бир катар кремлчил блогерлер Киев узак аралыкка уча ала турган ATACMS ракеталары менен сокку урганын жазып чыгышкан.

Алардын айрымдары бул "атайын аскердик операция (Орусияда согушту ушундай аташат) башталгандан берки эң олуттуу чабуул" болгонун белгилешет.

NYT: Украинага эң кыска аралыкка учуучу ATACMS барды

Wall Street Journal басылмасынын маалыматына караганда, шейшембидеги сокку үчүн Украина биринчи жолу америкалык MGM-140 ATACMS оперативдүү-тактикалык ракеталарын колдонгон. Басылма өздүк булактарына шилтеме жасап, акыркы күндөрү Украинага аз сандагы ракеталар жашыруун жөнөтүлгөнүн билдирди. Так саны азырынча белгисиз.

Деген менен Пентагон Украинага эң кыска аралыкка учуучу ATACMS ракеталарын бергенин The New York Times басылмасы жазып чыкты.

Басылма өз булактарына таянып, Жо Байдендин администрациясы АКШ президентин Украинага ракета жеткирүүгө кантип көндүргөнүн баяндайт.

"Айтылып жаткан ракеталар Вашингтондун өзүнүн кампаларында жетиштүү эмес экенин эске алганда, аларды Украинага жеткирүү өтө кымбатка турат. Бир даанасы болжол менен бир жарым миллион доллар", - деп айтылат макалада.

ATACMS ракеталары.
ATACMS ракеталары.

Орусиянын стратегияларды жана технологияларды талдоо борбору АТACMS ракеталары сокку урду делген жерден алынган сүрөттөрдү изилдеп, 17-октябрда Киев Block 1 ракеталарынын эң биринчи модификациясын колдонгонун, аларды өндүрүү 1997-жылы токтотулганын жазды.

ATACMS ракеталарын Украина HIMARS жана M270 ракеталык комплекстеринен учура алат. Маалымат каражаттарынын божомолунда, мындай 300 чакырым радиуска чейинки күчү бар ракеталар каршылаштын жөө аскерлерине каршы колдонулат. Ошондой эле курал-жабдык сактаган кампаларына, камсыздоо борборлоруна, командалык пункттарына алыстан таамай сокку ура алат.

Август айынын соңунда АКШ президенти Жо Байден Вашингтон Украинга ATACMS ракеталарынын чакан партиясын берүүгө даяр экенин билдирген эле.

Ал эми 5,2 миллиард доллар Байдендин администрациясы Украинага Орусиянын агрессиясына каршы туруу үчүн соңку алты ай ичинде жөнөткөн курал-жабдыктын баасына барабар.

Жалпысынан Вашингтон Орусия Украинага негизсиз согуш ачкан 2022-жылдын февраль айынан бери 45 миллиард доллардай жардам көрсөттү. Америкалык расмий адамдардын айтымында, Киевге жардам ар эки аптада жөнөтүлүп жатат.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG