Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:30

Орхан Инанды аны Кыргызстандан кантип уурдап кетишкенин айтып берди


Орхан Инанды. Архивдик сүрөт.
Орхан Инанды. Архивдик сүрөт.

Кеңсеси Австрияда жайгашкан Kronos басылмасы Кыргызстанда жоголуп, кийин Түркияда табылып, соттолгон Орхан Инандынын кармалышы тууралуу Анкаранын адвокаттар ассоциациясы даярдаган баяндаманы жарыялады. Инанды анда үч жыл мурда аны Кыргызстандан кантип уурдап кетишкенин, кандай кыйнашканын айтып, ишиндеги башка жагдайларды комментарийлеген.

Баяндамада Орхан Инанды Кыргызстандан алгач автоунаа менен, кийин учак менен Түркияга жеткирилгени, катуу сабалып, колу үч жеринен сынганы жана ага уйку дары менен укол сайылганы баяндалган.

“Мен 2021-жылы 30-майда кечки саат 23:00 чамасында Бишкекте өз машинеме отурайын деп баратканда кыргыз жигит кармап, седан тибиндеги автоунаага мажбурлап отургузду. Машинеде үч киши бар экен, экөө кыргыз болчу. Алар мени Бишкектен Кара-Балтаны көздөй алып кетип, ортодон башка машинеге отургузушту. Ага чейин мага укол сайышты да, көзүмдү таңып коюшту. Машинеге салып жатканда колум сынып кетти. Бизди Өзбекстандын чек арасы жакка алып жөнөштү окшойт. Эсимде, жолдо узун туннелден өттүк. Суу сурасам, уйку дары кошулган ширин суу берип жатышты. Калганын эстей албайм, жолдун көбүндө уктап кеттим. Өзбекстандын же Тажикстандын чек арасы тарапка жетип, чек ара тилкесинен токтоосуз түрдө өтүп кеттик. Андан соң учактын добушун уктум. Менимче, аэропортко жеттик окшойт. Машинеден түшкөн соң көзүмдү ачышты, унаа “Мерседес” үлгүсүндө экен. Ал жерде жеке учак туруптур. Ага киргизип баратышканда мага “Түркияга кош келиңиз” дешти. Отурганда катуу сабашты. Учакта эки түрк жана учкучтар бар экен. Мени коштоп келген кыргыз балдар, арасында Азиз деген бала да бар болчу”, – деген анда Орхан Инанды.

Инанды андан ары учакта да сабалганын, алгач Түркиянын кайсы бир аба майданына конуп, кийин Анкарага автоунаа менен жеткирилгенин айтып берген. Ал жакта кармаган кызматкерлер аны башына кап кийгизип сабашканын, электрошокер менен буттарына урганын да кеп кылган.

Кыргыз жарандыгын алып, Бишкекте жашап келген, "Сапат" ("Себат") мектебинин мурдагы директору Орхан Инанды 2021-жылы 1-июнда Кыргызстанда жоголгону маалым болгон. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган атайын кызмат аны Анкарага алып барганын айткан.

Түркиянын Жогорку соту 2023-жылы 16-июнда Инандыны "куралдуу террордук уюмду башкаруу" беренеси менен күнөөлүү деп таап, 21 жылга эркинен ажыраткан.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Инандыны Кыргызстанга кайтарууну Анкарадан талап кыларын айткан. 2021-жылы 23-октябрда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Жапаров Инанды кабылган окуяда Кыргызстандын да кемчилиги бар экенин айткан. Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев Инанды кыргыз жарандыгын алганда түрк жарандыгынан баш тартпаганын, ошондуктан Түркиянын укук тартибин коргоо органдарынын аны жоопко тартуусу мыйзамдуу экенин билдирген.

Инандынын жоголушу боюнча Кыргызстанда милиция Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен кылмыш ишин козгогон. 2024-жылы 1-апрелде бул боюнча кылмыш иши токтотулганы маалым болгон.

2016-жылы 15-июлда Түркияда мамлекеттик төңкөрүш аракети жасалып, буга байланыштуу үч жүздөн ашык адам набыт болгон. Түрк өкмөтү бул төңкөрүш аракети үчүн АКШда жашаган диниятчы Фетхулла Гүленди күнөөлөп, Вашингтогдон анын өткөрүп берилишин талап кылган жана анын кыймылын ФЕТО ("Фетхуллахчы террордук уюм") деп жарыялаган.

Гүлен өзү жана анын тарапкерлери дооматтарды четке кагып, төңкөрүш аракетин бийлик өзү атайлап уюштурган деп жооп кайтарган.

Төңкөрүш аракетинен бери жалпысынан 300гө жакын кылмыш иши козголгон. 4891 айыпталуучу абакка кесилген. Алардын 3 миңи өмүр бою эркинен ажыратылган. Түрк маалымат каражаттары Гүлен жамаатына тиешеси бар делген шек менен изделип аткан кишилер кармалганын утур-утуру кабарлап келет.

Kronos басылмасы - бир нече тилде, анын ичинен көбүрөөк түрк тилдеринде ишмердик жүргүзгөн медиа. Сайттагы маалыматка ылайык, анын кеңсеси Австриянын борбору Вена шаарында жайгашкан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG