Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:27

"Вагнердин" тузагына түшкөн кыргыз жигиттин сөөгү Чүйдө жерге берилди


Украинанын чыгышындагы Луганск аймагында талкаланган орус танктары.
Украинанын чыгышындагы Луганск аймагында талкаланган орус танктары.

Орусиядагы "Вагнер" компаниясына жалданып, Украинадагы согушка кеткен кыргыз жаранынын сөөгү Чүйдүн Ленин айылында жерге берилди. 15-февралдын таңында Орусияда абакка кесилген Замирдин сөөгүн алыстан алып келишти.

Татарстанда төрт жылдан бери түрмөдө отурган жигит 35-жазын көрбөй калды. Туулган күнүнө бир апта калганда ата-энесинин үйүнө уулунун сөөгү салынган темир табыт келди.

Тун баласынан айрылып, кан жутуп турган Касиет (аты өзгөртүлдү) апанын кайгы-муңун айттырбай сезсе болот. Зарлаган эне эңсеп күткөн баласынын көзүн көрбөй, муздак денесин кучактап калганын ыйга, кошокко салып отурду.

"Биз менен сүйлөшүп турчу эле, акыркы мезгилде дайыны чыкпай калды. Орусиядагы тууган-уруктардан сураштырсак Украинага кеткенине эки айдай болгонун, алар менен деле көп байланышпай жатканын айтышты. Ошол бойдон эле бирөөлөр чалып ушундай болуп калганын орусча угузушту. Мен ишенген жокмун. Госпиталга түшүп калды дешти. Кандайча Украинага кетип калганы белгисиз", - деди Касиет апа.

Замир Украинага кетерин апасы менен сүйлөшкөндө сөз арасында айткан экен. Ал "ажал келсе сиздин жаңыңызда дагы өлөм" деп айткан.

Карындашы Сурма агасынын каза болгону тууралуу кабарды бир апта мурда угушканын айтты.

"Бир жумадан көбүрөөк убакыт мурда атама Орусиянын номеринен беш-алты жолу чалыптыр. Кайра биз чалсак албай же өчүрүп коюп жаткан. Акырында бирөө алып, "балаңыз каза болду, сөөгү үч-төрт күндө колуңузга тиет" деп айткан. Үч-төрт күн күттүк, келбеди. Биз бул жалган маалымат экен, алдамчылар окшойт деп эле калганбыз", - деди карындашы.

Туугандарынын айтымында, Замир сол колунан жана кулак тушунан жараат алган, бомбанын чачырандысы тийген болушу да ыктымал.

Замир алты бир туугандын улуусу болчу. Артында эки баласы калды. Москвада миграцияда жүргөндө үй-бүлөсү бузулган. Маркумдун туугандары Замир тууралуу башка маалымат берүүгө азырынча макул болгон жок.


Орусиядагы кыргызстандыктардын сот иштеринде котормочу болуп иштеген Салтанат Митиеванын айтымында, Замир киши өлтүрүүгө айыпталып, 2019-жылы 8,5 жылга кесилген. Былтыр октябрь айында анын Кыргызстанга которулуусуна Татарстан райондук соту макулдук берген. Бирок ал эмнеге Украинага согушка кетүүнү тандаганы түшүнүксүз.

"Замир менен чогуу кылмыш кылган жарандын атынан Кыргызстанга которуу боюнча арыз жазганмын. Ал азыр Чүйдүн Беловодски айылындагы абакта. Замир дагы менден арыз жазуу боюнча суранган, өзү дагы арыз жазган. "Качан сотум болот?" деп дайыма эле байланышып турчу. Бир сүйлөшкөндө бир сааттап сүйлөшүп калчубуз. Көп нерселерди айтып берчү. Согушка кетердин алдында дагы мени менен байланышканда "Замир кереги жок, жакында сот болот, согуштун эмнеге кереги бар сага" деп көндүргөнгө аракет кылгам. Адвокат анын сотуна дагы катышкан, ага уруксат берген. Мунун баары акысыз болгон. Ал өз каалоосу менен кеткен согушка. Негизи ал Кыргызстанга баргысы келчү эмес. 19-октябрда Татарстандын Менделеев райондук соту ага уруксат берген. Аны менен чогуу соту болгон балдар Кыргызстанга которулуп кетип жатат. Төрт баланын соту каралган, бир гана Замир согушка кетип калды", - деди адвокат.

Замирдин Украинага кеткени тууралуу маалыматты "Азаттык" мындан эки апта мурда уккан. Бирок анын чын-бышыгы тууралуу маалыматты тактоого мүмкүн болгон эмес. Орусиядагы "вагнерчилер" менен Украинадагы согушка тартылганын аны менен бир абакта отурган башка кыргызстандык дагы "Азаттыкка" ырастаган эле.

"Вагнердин" тузагына түшкөн мигранттар

Жакында Орусияда тогуз жылга соттолгон кыргызстандык жигит "Вагнердин" катарына кошулуп, үч ай мурда согушка кеткени ачыкка чыккан. Апасы анын аман-эсен кайтышын күнү-түнү тилеп отурат.

22-январда Орусияда абакта отурган 30 жаштагы Аян Алишеров Украинадагы согуштан каза тапканы белгилүү болгон. Орусияда кыргызстандыктардын укугун коргогон юристтер башка ата-энелерге дагы WhatsApp аркылуу "кара кагаз" келе баштаганын белгилешет.


Ушул тапта орус абагында отурган Акылбек "Вагнер" аркылуу түрмөдөн кеткендер бар экенин айтып берди.

"Согушка кеткендер болду. Кыргыздардан бир-эки байке, инилер барабыз дегенинен кетип жаткан жеринен алып калганбыз. Азыр алар бизге рахмат айтып отурушат. Биздин лагерде ондой кыргыз бар. Баарыбыз бири-бирибизге жардам берип турабыз. Согушка өз ыктыяры менен кетишти. Биздин лагерден 200дөй киши кетти. Орустар, арасында тажиктер бар, ондой өзбек кетти", - деди Акылбек.

Орусиянын дагы башка абагында отурган Темирбек "Вагнер" кесилгендерди кантип азгырып жатканын чечмелеп берди:

"Эки-үч ай мурда "Вагнерден" келген бизге дагы. Алты айлык келишим сунуштаган. Ар бир айына 200 миң рубль төлөнөт, келишимдеги мөөнөт бүткөндөн кийин айыптуулук толук алынып, бошотулат деп айтылат. Бирок мен "Вагнер" менен кетип, кийин чыгып боштондукка кеткен кишини укпадым. Кеткендердин бир-экөө, орустар байланышка чыгышты. Алар жараат алып госпиталда жатышат", - деди Темирбек.

Украинада орус армиясы жаз айларында оор жоготууларга учурагандан кийин “Вагнер” компаниясы абакта жаткандарды өз катарына кошуп, согушка жөнөтө баштаганы белгилүү болгон.

“Вагнер” (“ЧВК Вагнер” же "Вагнердин" жеке аскердик компаниясы) – компаниясы бейрасмий аскердик түзүм. Анын жалданма аскерлери Украинада, Сирияда жана Африка өлкөлөрүндө жүргөнү тууралуу маалыматтар байма-бай чыгып келет. "Вагнерчилер" бир катар аскердик кылмыштарга айыпталган.

27-январда АКШ “Вагнерди” транс-улуттук кылмыштуу уюмдардын тизмесине киргизип, Орусиядагы компаниянын өкүлдөрүнө жаңы санкция салды.

Ушундай кабарлардан улам жакындары Орусиянын түрмөлөрүндө отурган ата-энелер тынчсыздана баштады. Алар экстрадициянын мөөнөтү кечеңдеген сайын жакындары ар кандай күдүк ойлорго түшүп, санаа тартып отурушат.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Москвадагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, Орусияда миңден ашуун кыргыз жараны камакта отурат, алардын көбү маңзат менен камалгандар, арасында кыз-келиндер дагы бар.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 31-январда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Орусиянын түзөтүү жайларында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан кыргыз жарандарынын маселесине токтолуп, 2022-жылы алтымыштай киши Орусия менен Казакстандын абактарынан экстрадицияланганын айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG