Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:54

Шайлоо: мэрликти мелжеген партиялар


Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жүрүшү. 11-июль, 2021-жыл.
Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жүрүшү. 11-июль, 2021-жыл.

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы кайра шайлоонун жыйынтыгы 24-июлга чейин чыгып, мандаттар бөлүштүрүлүп берилиши керек. Бишкек менен Ошто шайлоо жыйынтыгы чыкса, Токмокто кайра санак болору айтылып, бирок БШК ал чечимди жокко чыгарды.

Үч шаардын шайланган депутаттарынын биринчи милдети шаар мэрлерин шайлоо. Он айдан бери башчысыз отурган Бишкек шаарында ким мэр болору белгисиз. Ал эми Ош менен Токмок шаарынын учурдагы калаа башчылары кайрадан мэр болуу ниетин жашырбайт.

Оштун мэри ким болот?

Ош шаардык кеңешине өткөн шайлоонун жыйынтыгы чыгып, Борбордук шайлоо комиссиясына бекитүүгө жөнөтүлдү. Шайлоо жыйынтыгы чыгарылгандан кийин “Ата-Журт Кыргызстан” – 19, “Биздин Кыргызстан” – 15, “Улуттар Биримдиги” – 7, “Бир Бол” – 4 мандат ала турган болду.

Бирок Оштогу шайлоодо уткан партиялардын бири - “Биздин Кыргызстандын” лидери Айбек Осмонов "Фейсбуктагы" баракчасына жарыштан четтетилсе дагы таң калбай турганын жазып чыкты.

Ал Ош шаардык кеңешиндеги ийгилиги кээ бирлерге жакпаганын, президенттин айланасындагы айрым адамдарга нааразы экенин жазган. Бирок депутат алардын ысымын атаган эмес.

Айбек Осмонов
Айбек Осмонов

"Биздин азыркы жашоо деңгээлибизге, үч жолку бийлик алмашууга, өлкөнүн учурдагы кейиштүү экономикалык абалына өлкө башкаруучусунун тегерегиндегилер күнөөлүү экенине ынанып баратам. Туура эмес маалыматтарды жеткирип, жеке амбицияларынан улам бирөөнүн ийгилигин жактырбай, жаратман жаштардын эл үчүн деп алдыга койгон кадамдарын чалынтуу максатта, сага жакшы эле пикирде жүргөн адамдардын оюн өзгөртүүгө жетишет тура",-деп жазды Осмонов.

Айбек Осмонов "Фейсбуктагы" кайрылуусу ким жөнүндө экенин айтуудан баш тартып, “окуган адам баарын түшүнөт” деп жооп узатты.

"Биздин депутаттар мандат алсын, коалиция түзүлсүн. Лидер айткандай эле болбойт, депутаттар чечет. Бирок мен бир нерсе айтып койоюн, мен Ош шаарынын мэрлигине барбайм. Ал эми агам Нурбек Осмонов үчүн жооп бере албайм. "Фейсбуктагы" постум партияны шайлоодон четтетип салат деген эмес. Жакшы окуган адам түшүнөт".

Оштогу шайлоо жыйынтыгы белгилүү болгондон кийин Айбек Осмонов же анын агасы, "Ихлас" курулуш компаниясынын кожоюну Нурбек Осмонов мэр болушу мүмкүн деген сөз тараган.

Ош шаардык кеңешине шайлоого катышып, бирок өтпөй калган “Улуу Журт” партиясынын лидери Мирлан Орозбаев бул кызматты талашуу башталганын айтып берди.

Мирлан Орозбаев
Мирлан Орозбаев

“Акыркы күндөрдө Камчыбек Ташиев артында турат деген “Ата-Журт-Кыргызстан” партиясы көп шаарлардагы шайлоого катышып, жеңишке жетти. Көп саясий оюнчулар бийликтин партиясы ушул экен деп жардам берген. Бирок акыркы учурда Ош шаарында “Биздин Кыргызстан” деген партия саясий турмушка активдүү кирип келди. Ал партиянын артында Садыр Жапаровдун дагы бир досу Арзыбек Бурханов турат деген сөз тарады. “Биздин Кыргызстан” кыска аралыкта жеңишке жетти. Мурдагы план бузулуп, "Ата-Журт-Кыргызстанды" катыштырбай коалиция түзүү мүмкүнчүлүгү жаралды. Камчыбек Ташиевдин убактысы жок болгондонбу, Ош шаарын башкы прокурор Курманкул Зулушев карап жатат деген сөз бар. Ал тарап азыркы мэр Таалайбек Сарыбашевди колдоп жатат. Сыягы Таалайбек Сарыбашев арызданса керек, Осмонов дегендер пайда болуп таасир талаша баштады деп. Айбек Осмонов саясатка жаңы келгендик кылып, жазып жиберип токтоп калды”.

2018-жылдан бери Ош шаарын Таалай Сарыбашев башкарып келет. 2020-жылы октябрь окуяларынан кийин кызматтан кетүү тууралуу арыз жазып, бирок кызматта калган Сарыбашев 11-июлда добуш берүү учурунда кайрадан мэрликке талапкерлигин коерун билдирген.

Таалайбек Сарыбашев
Таалайбек Сарыбашев

"Мен шаардын башчысы катары кайрадан кызматка барам деген ниетим бар. Аны турмуш көрсөтөт жана шайланган депутаттар чечет. Эгер сунушталган болсом кайра баруу ниетим бар".

Ош шаарындагы мурдагы шайлоодо УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев артында турганы айтылып келе жаткан “Ата-Журт-Кыргызстан” партиясы шайлоочулардын 48% добушун алып, атаандаштарын ат чабым артта калтырган.

Бул жолку шайлоодо ал партия мурдагыдай алдыга суурулуп чыга албады. Шайлоого биринчи жолу катышкан “Биздин Кыргызстан” партиясы 15 мандат алды.

Токмокто добуш кайра саноо талабы коюлду

Ал эми Токмок шаардык кеңешине өткөн беш партия экиге бөлүндү. Шайлоодо босого чектен беш партия өткөн. Экинчи жана үчүнчү орунду алган "Эмгек" жана "Асыл Мурас-Жаштар" партиялары арызданып, АШК бардык шайлоо тилкелериндеги добуштарды кайра саноону чечкен. Борбордук шайлоо комиссиясы бул чечимди жокко чыгарды.

Ага чейин "Эмгек" жана "Асыл Мурас-Жаштар" партиялары бул шаардагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып аймактык шайлоо комиссиясына кайрылган жана ал 16-июлда колдоо тапкан болчу.

Бирок "Бирге-Вместе", "Эл Биримдиги" жана "Патриот Ынтымагы" партиялары шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу жана добуштарды кайра эсептөө тууралуу токтомго каршылыгын билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына арызданышкан. Боршайкомдун жумушчу тобу маселени 18-июлда карап добуштарды кайра эсептөө тууралуу Аймактык шайлоо комиссиясы кабыл алган чечимди негизсиз деп тапты.

Бишкек: баштапкы жыйынтык өзгөргөн жок

Бишкек шаарында да кайра шайлоонун жыйынтыгы чыгарылды. Бир шайлоо тилкесиндеги добуш берүү жокко чыгарылды.

Босого чектен өткөн алты партияга мандаттар бөлүштүрүлүп берилет. Бишкек Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Айбек Стамов айрым партияларды шайлоодон четтетүү тууралуу түшкөн арыздар четке кагылганын билдирди.

“Шайлоодон кийин төрт арыз түшкөн. Эки арыз “Жалпы иш” коомдук фонду жана “Клооп” медиадан. Алардыкы шайлоодогу процедуралык иштер тууралуу. “Социал-демократтар” партиясы “Эмгек”, “Ишеним” жана “Өнүгүү-Прогресс” партияларын шайлоодон четтеткиле деп арызданды. “Ынтымак” партиясы болсо “Эмгек” менен “Өнүгүү-Прогрессти” четтеткиле деген арыз менен кайрылды. Алардын баары каралып, четке кагылды”.

“Эмгек”, “Ишеним”, Өнүгүү-Прогресс” партияларын шайлоодон четтетүү үчүн арызданган “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков эми Борбордук шайлоо комиссиясына, Башкы прокуратурага кайрылууга кам көрүүдө:

Темирлан Султанбеков
Темирлан Султанбеков

“Кагаздар менен таанышалы десек, бизге бербей жатат. Биз аягына чейин барабыз, абдан туура эмес чечим болду. Биз мандат үчүн күрөшкөн эмеспиз, таза шайлоо үчүн күрөшкөнбүз. Мурдагы шайлоодо укук коргоо органдары арыз түшкөн партиялар мыйзам бузган жок деп коюшкан. Ошондо Башкы прокуратурага кайрылып, алар укук коргоо органдарынын чечимин жокко чыгарып, кайра текшерткен. Бул жолу дагы кайрылабыз”.

Бишкекте өткөн шайлоодо алты партия босого чектен өткөн. Алар - “Эмгек”, “Ата-Журт Кыргызстан, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Социал-демократтар” жана “Өнүгүү-Прогресс” партиялары.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Акылбек Сариев кайра шайлоо мурдагыдан айырмаланбаганын билдирүүдө:

Акылбек Сариев
Акылбек Сариев

"Мен мурдагы шайлоо менен азыркынын айырмасын көргөн жокмун. Мурда жөн эле жокко чыгарып койгон. Андагы мыйзам бузуулар азыр деле кайталанды. Ошол эле арыз-даттануулар, ошол эле мыйзам бузуулар. Болгону үгүт иши солгун жүрдү".

Кыргызстанда 11-апрелде жергиликтүү жана шаардык кеңештерге шайлоо өткөн. Бишкек, Ош, Токмок шаарларында мыйзам бузуулардан улам добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган жана 11-июлга кайра шайлоо өттү.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG