Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:51

Токмокто добуштар кайра саналат


Токмок шаар кеңешине шайлоо учуру. 11-июль, 2021-жыл.
Токмок шаар кеңешине шайлоо учуру. 11-июль, 2021-жыл.

Токмок аймактык шайлоо комиссиясы (АШК) шаардык кеңешке добуш берилген бардык тилкелердин жыйынтыгын кайра карап чыгууну чечти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) маалымдады.

Добуштарды кайра саноого "Эмгек" жана "Асыл Мурас-Жаштар" партиясынын арызы негиз болгон. Аталган партиялардын дооматына ылайык, бардык тилкелерде добуштар кол менен саналган эмес.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, добуштарды кайра эсептөө БШК мүчөсүнүн катышуусунда ишке ашууга тийиш.

Учурда Боршайком Токмок АШКнын бул чечимин карап жатат.

11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине шайлоо өткөн. Баштапкы жыйынтыктар боюнча, ал күнү Токмокто 16 973 шайлоочу добуш берген. Бул жалпы шайлоочулардын 44,55% түзөт. Берилген добуштардын 16 796сы жарактуу деп табылган.

Баштапкы жыйынтыкка караганда, шайлоого катышкан партиялардын ичинен:

"Бирге-Вместе" партиясы добуштардын 28,27%, "Эмгек" — 24,82%, "Асыл Мурас-Жаштар" — 16,66%, "Патриот Ынтымагы"— 13,69%, ал эми "Эл Биримдиги" партиясы 12,13% алган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG