Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:41

Шайлоо: Бишкекте алты, Токмокто беш, Ошто төрт партия алдыда


Токмок шаардык кеңешине шайлоо. 11-июль, 2021-жыл.
Токмок шаардык кеңешине шайлоо. 11-июль, 2021-жыл.

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайта шайлоодогу добуштар эсептелип жатат. Бишкектеги шайлоого 18 партия ат салышып, баштапкы жыйынтыкта алтоо утуп чыкканы расмий кабарланды. Алар - "Эмгек", "Ата-Журт - Кыргызстан", "Ишеним", "Ынтымак", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Социал-демократтар" партиялары.

Ал эми Токмок шаардык кеңешине өткөн кайра шайлоодо алты партиянын бешөө 7% босого чектен өттү. Алар - "Бирге", Эмгек", "Асыл мурас-жаштар", "Патриот ынтымагы" жана "Эл биримдиги" партиялары. "Ата-Журт - Кыргызстан" партиясы Токмок шаарында экинчи жолу босого чектен өтпөй калды.

Ош шаардык кеңешиндеги 45 мандат үчүн кайра шайлоого сегиз партия катышты. Саясий жарышка жалпы тогуз партия катталган, бирок 10-июлда Боршайком "добуш сатып алуу аракетин көрдү" деген негизде "Ынтымак" партиясын тизмеден четтеткен. Баштапкы жыйынтыкка ылайык, шаарда "Ата-Журт - Кыргызстан”, “Биздин Кыргызстан”, “Улуттар биримдиги” жана “Бир бол” партиялары алдыга озду.

Ошентип, алдын ала жыйынтык боюнча Бишкекте шайлоого катышкан 18 партиядан алтоо, Ошто сегиз партиядан төртөө, Токмокто алты партиядан бешөө утту. Бул эсеп добуш саноонун акырына чейин өзгөрүшү мүмкүн. Бишкек менен Ошто 45, Токмокто 31 мандат бар.

Боршайкомдун расмий санагы

БШКнын алдын ала эсеби боюнча Бишкек шаардык кеңешине шайлоого шайлоочулардын 24.53% келип, катышуу Ош жана Токмокко салыштырмалуу солгун болду.

"Эмгек" - 18.19%
"Ата-Журт - Кыргызстан" - 14.33%
"Ишеним" - 12.46%
"Ынтымак" - 10.77%
"Өнүгүү-прогресс" - 8.11%
"Социал-демократтар" - 8.08%
"Биздин Кыргызстан" - 6.30%
"Реформа" - 5.35%
"Сила в единстве" - 5.01%
"Замандаш" - 3.17%
"Борбор" - 1.37%
"Наш Народ - Биздин Эл" - 1.23%
"Келечек-Будущее" - 0.58%
"Туран" демократиялык партиясы" - 0.38%
"Кыргызстан жашылдар партиясы" - 0.30%
"Жаңы-Мезгил" саясий партиясы - 0.23%
"Улуу Журт" - 0.22%
"Айкөл Кыргызстан" - 0.08% добуш алды.
Шайлоого келгендердин 2.90% "баарына каршы" деген добуш берген.


Ош шаардык кеңешине шайлоого 42.99% шайлоочу катышты.

"Ата-Журт - Кыргызстан" - 38.73%
"Биздин Кыргызстан" - 32.06%
"Улуттар биримдиги элдик партиясы" -15.35%
"Бир Бол" - 8.57%
"Бүтүн Кыргызстан" - 1.04%
"Келечек-Будущее" - 0.74%
"Нур" - 0.61%
"Улуу Журт" - 0.48% добуш алды.
1.16% "баарына каршы".

Токмок шаардык кеңешине шайлоодо шайлоочулардын 44.55% добушун беришти.
"Бирге-Вместе" - 28.27%
"Эмгек" - 24.82%
"Асыл мурас-жаштар" - 16.66%
"Патриот ынтымагы" - 13.69%
"Эл биримдиги" - 12.13%
"Ата-Журт - Кыргызстан" - 1.65% добушка ээ болду. Токмокто шайлоочулардын
1.73% "баарына каршы" добуш беришти.
Бишкектеги шайлоо жыйынтыгына нааразылык
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:50 0:00

Мыйзам бузуу тууралуу маалыматтар

11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды кайра шайлоо күнү Ички иштер министрлигине шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча жалпы 67 маалымат түштү. Алардын баары электрондук журналга катталды.

Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 162-беренеси, "добуштарды сатып алуу" боюнча үч факты, Жоруктар жөнүндөгү кодекстин 119-беренеси, "майда бейбаштык" боюнча 2 факты аныкталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынганын 12-июлда ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады. Калган иштер боюнча милиция жеринде окуяларды териштирүүдө.

Шайлоо жыйынтыгын тааныбагандар

"Реформа" партиясы 11-июлда Бишкек шаардык кеңешине өткөн кайра шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялады. Партия өкүлдөрү буга саясий өнөктүктө айрым партиялар добуш сатып алганын, административдик ресурс колдонулганын жүйө келтирди.

"Реформа" Борбордук шайлоо комиссиясын жана башка компетенттүү органдарды шайлоодогу мыйзам бузууларды тыкыр иликтөөгө чакырды. Бирок билдирүүдө кайсы партиялар мыйзам бузганы ачык көрсөтүлгөн жок.

Шайлоодон кийин "Туран" партиясынын өкүлдөрү да жыйынтыкка нааразы болуп, БШКнын имаратынан алдында каршылык акциясын өткөрүштү.

Партиялар шайлоого сарптаган акча

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды кайра шайлоого катышкан партиялар шайлоо өнөктүгүнө 44 миллион 308 миң сом коротту.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) эсеби боюнча партиялар шайлоого Бишкекте 34 миллион 342 миң сом, Ошто 7 миллион 770 миң сом, Токмокто 2 миллион 140 миң сом жумшады.

Кыргызстанда 11-апрелде жергиликтүү жана шаардык кеңештерге шайлоо өткөн. Бишкек, Ош, Токмок шаарларында мыйзам бузуулардан улам добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган жана 11-июлга кайра шайлоо дайындалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG