Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:31

Ош: аптаптагы шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолду 


Ош шаарындагы шайлоо тилкелеринин бири.
Ош шаарындагы шайлоо тилкелеринин бири.

Ош шаардык кеңешине кайра шайлоого 11-июль күнү кечки саат 8ге чейинки эсеп боюнча 64 миңден ашуун адам катышты. Журналисттер, байкоочулар бир нече мыйзам бузуулар болгонун кабарлашты.

Шаардык милиция менен Аймактык шайлоо комиссиясы одоно мыйзам бузуу болбогонун билдирип жатышат. Бул ирет Ошто шайлоо солгун болгону айтылганы менен, ага катышкандар Бишкекке салыштырганда эки эсе көп болду. Ош шаардык кеңешине шайлоонун жүрүшү эртең менен активдүү башталды. Бир нече добушканада шайлоочулар кезекке тизилди.

Мэриянын жанында жайгашкан шайлоо тилкеси.
Мэриянын жанында жайгашкан шайлоо тилкеси.

Добуш берүүгө келген Ош шаарынын тургуну Сапар Паттаев шайлоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу буларды билдирди:

«Негизинен шайлоо активдүү болгон жок. Жайдын аптаптуу ысыгына туш келгендиктен, эл да көп барган жок. Айрым мыйзам бузуулар болгонун соцтармактардан көрүп жаттым. Мен №5274 шайлоо участогунан добуш бердим. Одоно мыйзам бузууларды байкаган деле жокмун».

Бишкектеги шайлоо жыйынтыгына нааразылык
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:50 0:00

Шаардык милициянын тергөө кызматынын башчысы Алмаз Кадыров бул ирет мыйзам бузуу тууралуу маалыматтар жазындагы шайлоого салыштырмалуу үч эсе аз катталганын айтты:

«Мурдагы шайлоого салыштырмалуу, Кылмыштардын жана жоруктардын маалымат журналына үч эсе аз маалымат катталды. Апрель айындагы шайлоодо 144 маалымат түшсө, 11-июлда кечки саат 8ге чейин 40 кылмыш жана жоруктар жөнүндөгү маалымат катталды. Аларды милиция, прокуратура текшерип жатты».

Ошол эле учурда социалдык тармактарга добуш сатып алууга шектелген, шайлоочулардын тизмелерин кармап отурган кишилердин видео-сүрөттөрү жарыяланууда. Айрым добушканалардагы мыйзам бузууларга «Азаттыктын» кабарчылары да күбө болушту.

Алсак, Ош шаарында №5273 шайлоо тилкесинде бир нече аял добуш берүүчүлөрдүн тизмесин кармап олтурган. Алар журналисттерге тизмени көрсөтүүдөн баш тартышты.

«Клооп» басылмасынын кабарчылары да бир топ мыйзам бузууларды жарыялады. Журналисттер Ош шаардык мэриясынын маңдайындагы шайлоо тилкесинен акча тараткандарга күбө болгонун айтып, видео тасма чыгарышты.

Шайлоого байкоо салган айрым активисттер көз жаздымда калган мыйзам бузуулар болгонун айтып чыгышты. Жергиликтүү активист Акылай Каримованын баамында, шайлоо солгун өткөнү менен мыйзам бузган айрым партияларга милиция иш козгогон жок:

«Аткаминерлердин партиясы - "Ата Журт-Кыргызстандын" талапкерине каршы 16 киши милицияга арыз берүүгө бир нече жолу аракеттенсе, милиция кабыл албай коюп жатат. Ошол эле кезде башка партиялардан мыйзам бузууларды тез эле таап алгандары кызык. Бирөөсүн бир эреже, башкаларына дагы башка эреже менен шайлоо болуп жаткандай сезилет».

Мындай дооматты шаардык милиция четке кагып, "бардык партияларга бирдей чара көрүлүп жатат" деп жооп кайтарды.

Өзбек коомчулугу шайлоого жигердүү катышты

Ошто баштапкы жыйынтыкка ылайык, мандаттарды “Ата Журт - Кыргызстан”, “Биздин Кыргызстан”, “Улуттар биримдиги” жана “Бир бол” партиялары алары күтүлүп жатат. Бул ирет шаарда өзбек коомчулугу шайлоого активдүү катышты.

Журналисттер шайлоо тилкелеринде бир катар мыйзам бузуу аракети болгонун байкашты. Маселен, "Азаттыктын" кабарчысы барган №5273 шайлоо тилкесинде 2000ден ашуун шайлоочу катталган. Түшкө чейин алардын 25% добуш беришти. Кабарчылар бул жерде жарандарды ташуу, келип-кеткендерди тизмеге алып отурган кишилерди байкадык.

Ал эми Он-Адыр конушунда башкаларга салыштырмалуу мыйзам бузууларга күбө болгон жокпуз. Конуштагы №5558 добушкананын төрагасы Дилшат Мамадалиев буларды маалымдады:

“Өткөнкү шайлоого салыштырмалуу тартип бар. Жакшы эле үлгүрүп жатабыз. Мурда үйүлүп кетишчү, азыр санитардык аралыкты сактагыла деп чийип койгонбуз. Ошолордо эле турушат”.

Ошто миллиондон ашык өзбек улутундагы шайлоочу бар. Айрым байкоочулар бул тилкелерден добуш алуу үчүн бийликчил партиялар көп иштегенин айтып жатышат.

Ош шаардык кеңешиндеги 45 мандат үчүн кайра шайлоого сегиз партия катышты. Саясий жарышка жалпы тогуз партия катталган, бирок 10-июлда Боршайком "добуш сатып алуу аракетин көрдү" деген негизде «Ынтымак» партиясын тизмеден четтеткен.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактылары аныкталып, Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине өткөн шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган. Үч шаарда тең кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG