Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

“Социал-демократтар” шайлоодогу мыйзам бузууларды иликтөөгө чакырды


11-июлда өткөн шайлоо учуру.
11-июлда өткөн шайлоо учуру.

“Социал демократтар” партиясы Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу ИИМге жана Боршайкомго кайрылды. Бул тууралуу “Социал демократтардын” лидери Темирлан Султанбеков “Азаттыкка” билдирди. Ал шайлоодо алдыга чыккан партиялардын бири - “Эмгек” партиясын добуш сатып алган деп сындап, БШК менен ИИМ бул жагдайларды карап чыгышы керек деп эсептейт.

"Шаардык кеңешке "Эмгек" келбеши керек. Аларды четтетиш керек. Кайра шайлоо өткөрбөй, таза добуш алгандарга мандат берилиши кажет",- деди Султанбеков.

“Эмгек” партиясынын өкүлдөрү мындай билдирүүнү куру доомат деп мүнөздөп жатат. Алар 11-апрелдеги шайлоодо да, 11-июлдагы шайлоодо да 18 миңдин тегерегинде добуш алганын, бул ирет деле туруктуу колдоочуларынын добушуна ээ болгонун айтышууда.

11-июлда Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоодо 18 партия ат салышып, алтоо уткан. “Эмгек” эң көп добуш алган. Жеңген партиялардын арасында “Социал демократтар” да бар.

Шаардык кеңешке 11-апрелде да шайлоо болуп, добуш сатып алуу чырынан улам жыйынтыгы жокко чыгарылган жана кайра шайлоо дайындалган. Анда “Эмгек”, “Ак бата”, “Кыргызстандын элдик демократиялык партиялары” добуштарды сатып алган деп айыпталган.

“Эмгек” партиясы кайра шайлоого талапкерлердин жаңыртылган тизмеси менен барды. Бул партия ишкер Аскар Салымбековго таандык. Ал эми аны сындаган “Социал-демократтарды” мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин балдары жана тарапташтары түптөгөн. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG