Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:20

Ош шаарынын мэри кызмат ордуна кайтып барганын билдирди


6-октябрда кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов 7-октябрда кызмат ордуна кайтып келгенин билдирди. Ош шаары. 7-октябрь, 2020-жыл.
6-октябрда кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов 7-октябрда кызмат ордуна кайтып келгенин билдирди. Ош шаары. 7-октябрь, 2020-жыл.

Таалайбек Сарыбашов бүгүн, 7-октябрда Ош мэриясындагы кызмат ордуна кайтып келди. Ал өзү муну өкмөт башчылыкка көрсөтүлгөн Садыр Жапаровдун «бардык мамлекеттик кызматкерлер иш ордуна кайтып барып иштешин» талап кылган кайрылуусу менен негиздеди:

«Шаардык кеңештин депутаттары менин отчётумду жактырган, алардын кечээки чечими мыйзамсыз. Кечээ элди кагылыштырбаш үчүн арыз жазып чыгып кеткем. Кайра бүгүн өкмөт башчы Садыр Жапаровдун талабынан кийин иш ордума кайтып келдим».

Өзүн өкмөт башчымын деп эсептеп жаткан Садыр Жапаровдун жергиликтүү бийликтерге кайрылуу жолдогондугу тууралуу расмий маалымат таратыла элек. Садыр Жапаровду 6-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттар тобу жыйын куруп, өкмөт башчылыкка сунуш кылган. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев баштаган каршы тараптар бул жыйынга отузга жетпеген депутат катышканын, кворум болбогонун белгилеп, чечимди легитимсиз деп жатат.

Сарыбашов жумуш ордуна кайтып барган кезде мэриянын сыртында жүзгө жакын кичиавтобус токтоп турат. Анда Алайдан келген Сарыбашовдун тарапкерлери отурганы айтылууда.

Сарыбашов өзүнө ишеним көрсөтпөө тууралуу шаардык кеңештин бир күн мурдагы чечимин мыйзамсыз деп эсептеди. Ош шаарынын мэринин кызмат орду 6-октябрда талашка түшкөн. Мэр Таалайбек Сарыбашов кечке жуук кызматтан кетүү тууралуу арызын жазып кеткен. Анын ордуна Дүйшөн Төрөкулов өзүн мэр деп жарыялаган.

6-октябрдан 7-октябрга оогон түндө Ош шаарына чет өлкөдө баш калкалап жүргөн, мурдагы мэр Мелис Мырзакматов кайтып келген. (DU/ErN/ZKo)

XS
SM
MD
LG