Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:15

Орусия: вакцина талабы, мигранттардын убайымы


"Спутник Лайт" вакцинасын алуу үчүн кезек күткөн эмгек мигранттары, Москва, 30-июнь 2021-жыл.
"Спутник Лайт" вакцинасын алуу үчүн кезек күткөн эмгек мигранттары, Москва, 30-июнь 2021-жыл.

Орусияда коронавирус кайра күчөдү. Бир катар шаарларда эмгек мигранттарына эмдөөдөн өтүү талабы коюлду. COVID-19га байланыштуу оорлогон абал жана жаңы эрежелер Орусияда жашап, иштеген кыргызстандыктарга кандай таасир этти?

Москвадагы бейтапканалардын биринде иштеген кыргыз терапевти Гүлмира Алыбаева, Екатеринбургдагы кыргыз диаспорасынын “Кыргызстан-Урал” коомдук уюмунун төрайымы, дарыгер Гүлшан Долонбаева жана Москвадагы кыргыз ишкери Кубанычбек Калиев “Азаттыктын” “Арай көз чарай талкуусунда” ой бөлүштү.

Талкуунун толук версиясын бул жерден уга аласыз:

- Гүлмира айым, Орусияда коронавирустун “дельта” варианты жайылып жатат. Бир күндө 24-25 миңге чукул адамдан коронавирус аныкталууда. Алардын көбү Москва шаарына туура келет. Азыр Орусиянын баш калаасында эпидемиологиялык абал кандай?

Гүлмира Алыбаева: - Саламатсыздарбы?! Орусияда иштегениме 13 жыл болду. Учурда Москвада эмгектенип жатам. Июнь айында көбүрөөк болду. Москва боюнча күн сайын 6-7 миң адам ооруп калып жатат. Көбүнчө Индиядан чыккан “дельта” штаммы таралууда. Бейтаптардын ичи өтүп, дене табы көтөрүлүп, баягыдай эле COVID-19дун симптомдору болуп жатат.

Азыр ошого байланыштуу көп чаралар көрүлүүдө. Москвада ооруканаларда кошумча керебеттер коюлду. Бейтапканаларда орун жетиштүү, камсыздоо жакшы. Бейтаптар менен сүйлөшүп турам.

Ооруканаларда компьютердик томография борборлору бар. Жарандыгына, милдеттүү медициналык камсыздандыруусу (ОМС) бар же жогуна карабай эртең мененки 8ден кечки саат 8ге чейин ооругандарды кабыл алып жатышат.

- Былтыр вирус күчөп турган маалда Москвадагы кыргыз жарандарынын арасында үйүндө дарыланып, ооруканага бара албагандары көп болгон. Демек, быйыл вирусту жугузуп алган мекендештер кыйынчылыксыз эле дарыланып жатат деп айтсак болобу?

Гүлмира Алыбаева: - Көп адамдар жанындагы поликлиникага барып, дарыланса болорун билишпейт. Биз, орус жарандыгы жок адамдар келгенден кийин каттоого туруп, эмгек келишимин алабыз да. Ошол келишимдин негизинде ОМС алса болот. Аны көбү билбейт. Медициналык камсыздандыруучу уюмга барып, үч күндөн кийин ОМС алса болот. Анан жакынкы бейтапканага катталып, ал жактан жардам алууга мүмкүнчүлүк бар. Аны көбү билбейт.

Баарына айтып койгум келип жатат. Компьютердик томография борборлоруна эртең менен саат 8ден кечки саат 8ге чейин келсеңиздер болот. Эч нерсени сурабайт. Ооруп жатасыңбы, келесиң. Дарыгер көрүп, анализ жасайт, дарыларды да бекер берет.

- Гүлшан айым, Екатеринбургда да чоң кыргыз диаспорасы бар. Ал жакта коронавируска байланыштуу абал кандай? Эмгек мигранттарынын ишине байланыштуу кандай чектөөлөр бар?

Гүлшан Долонбаева
Гүлшан Долонбаева

Гүлшан Долонбаева: -Саламатсыздарбы, урматтуу мекендештер! Алдыңкы суткада Екатеринбург шаарында 323 адамдан коронавирус аныкталды. Бул шаарда абал туруктуу дегенди билдирет. Коронавируска же вакцинага байланыштуу дүрбөлөңгө түшүү сыяктуу көрүнүштөр катталган жок. Ооруканаларда керебеттер жетиштүү. Мобилдик автоунаалар чыгып, мигранттар көп иштеген “Таганский ряд” аттуу базарда акысыз эмдөөдөн өткөрүп жатышат.

Андан тышкары 1-июлда биздин мигранттарга тиешелүү 274-федералдык мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Азыр бул дагы жакшы талкууга алынышы керек болуп турат. Өзгөртүүлөргө ылайык, Орусия эмгек мигранттарын өзгөчө кооптуу инфекцияларга байланыштуу текшерүүдөн өтүп турууну милдеттендирди. Бул сөзсүз түрдө аткарылышы керек болгон процедура.

- Кубанычбек мырза, Москва шаарынын мэриясы 28-июнда кабыл алган жаңы жобого ылайык, учурда кафе-ресторандарга вакцина алганын, акыркы алты айда коронавирустан ооруп айыкканын же ПЧР тестинин терс натыйжасын көрсөткөн адамдар гана кире алат экен. Сиз да Москвада кафе иштетесиз. Мындай чектөөлөрдү эске алганда азыр иш кандай жүрүп жатат?

Кубанычбек Калиев: -Саламатсыздарбы?! Азыр абал кыйын болуп жатат. Анткени, сиз айткандай, 28-июндан бери кафеге үч эреженин бирин сактагандар гана кире алышат. Алар: ПЧР тест, алты айлык антиденече жана вакцина алганын ырастаган QR-код. Бирок азыр QR-коддун өзүнүн системасы аягына чейин иштелип чыга элек экен. Ошондуктан вакцина алганын ырастаган кагаз менен келсе эле киргизип жатабыз.

Бирок азыр бизге келген беш мекендешибиздин экөө эмделген болсо, үчөө вакцина ала элек. Аларды киргизгенге биздин акыбыз жок. Ошондуктан биз кафени тамак жеткирүү жолу менен гана иштетип жатабыз. Айрымдары түшүнүп, түшүнбөй жатышат. Бардыгы эле “өзүбүз элебиз го, кирип кетсек болобу” деп айтып жатышат.

Тилекке каршы, биз киргизе албай жатабыз. Себеби текшерип келип калса, бул жайды 90 күнгө жаап коюшат.

- Кубанычбек мырза, Москва баштаган айрым аймактарда тейлөө тармагында иштегендер вакцина алууга милдеттендирилбедиби. Андыктан айрым кыргызстандыктар билдиргендей, иш берүүчүлөр ачык эле “вакцина ал, болбосо иштен кет” деп айтып жатышкан экен. Сиз иш берүүчү катары эмдөө маселесин кандай чечтиңиз? Талап коюлду, бирок шарт барбы?

Кубанычбек Калиев
Кубанычбек Калиев

Кубанычбек Калиев: -Мыйзам боюнча, биз кызматкерлерибиздин 70 пайызын эмдөөдөн өткөрүшүбүз керек болуп жатат. Андай болбосо 15-июлдан баштап, организацияга 1 миллион рублга чейин айып пул салынат. Эгер кызматкер вакцина алуудан баш тарса, аны кызматтан алууга мыйзам уруксат берерин көпчүлүк айтып жатышат. Бирок ал адамгерчиликке жатпай калат.

Биз андай кылбай эле, “ким кааласа, барып алгыла” деп жатабыз. Бизде бардыгы эмгек келишими менен иштешет. Андыктан милдеттүү медициналык камсыздандыруу аркылуу кезекке туруп жатышат. Буюрса, 15-июлга чейин биздин кызматкерлердин 90 пайызы вакцина алууну ойлонуп жатышат.

- Гүлшан айым, эмгек мигранттарын эмдөөдөн өткөрүүгө байланыштуу 15-июлга чейин берилген мөөнөт аяктарына он күндөй гана убакыт калды. Екатеринбургда да тейлөө тармагында иштегендер көп болсо керек. Алар берилген мөөнөт ичинде канчалык эмдөөдөн өтө алышты?

Гүлшан Долонбаева: - Бир ай мурда шаар мэриясында координациялык штабдын жыйыны болгон. Анда ушул маселе көтөрүлгөн. Алгачкы буйрукка ылайык, эмдөөдөн орус жарандары жана милдеттүү медициналык камсыздандыруусу барлар гана өтөт деп айтылган. Ошого байланыштуу биз бул маселени көтөргөнбүз.

Себеби тейлөө тармагында, таксиде жана коомдук тамактануучу жайларында иштеген эмгек мигранттарыбыз бар. Алардын акыбалы кандай болот деген суроону көтөргөнүбүздө, бул маселе кийинки жыйында каралды жана Свердлов өкмөтү тарабынан эмгек мигранттарын да бирдей эле милдеттүү эмдөөдөн өткөрүү тууралуу жобо чыкты.

Азыр биздин эмгек мигранттардын арасында вакцина алгандар аз. Биздин кыргыздар дагы эле ойлонуудабыз. Мага күндө 30-40 жолу телефон чалып жатышат. “Эже, алсак эмне болот? Алгандар өлүп калышыптыр” деп, туура эмес маалыматтарды көрүп алып, бири-бирин коркутуп, албай качып жүргөндөр бар.

Президенттин жарлыгы бир эле эмгек мигранттарына эмес, бир эле кафе иштеткен кыргызстандыктарга эмес, бул бардык жарандарга тиешелүү. Андыктан коронавирустун вакцинасын чоң жоопкерчилик менен кылдат мамиле жасап, кабыл албасак, кийин өзүбүз үчүн эле кыйын болуп калат.

Себеби былтыр көрдүк. Пандемия учурунда маалыматтын жоктугунан канчалаган мекендешибизден айрылдык. Июнь-июль ичи биз чоң жоготууга учурадык. “Жүк-200дөн” 38ди жөнөтүүгө туура келди. Бул моралдык жактан да, материалдык жактан да ошол жакта жүргөн диаспорага чоң оорчулук келтирет.

Врач катары бардык мекендештерибизди чакырып кетет элем. Бул вирустан качып кутула албайбыз. Каалайбызбы, каалайбызбы, биз бул вирус менен жашаганды үйрөнөбүз. Жоопкерчиликти сезип, өзүбүздүн гана эмес, балдарыбыздын, үй-бүлөбүздүн ден соолугун ойлошубуз керек.

Анын үстүнө бир батирде үч-төрттөн үй-бүлө болуп жашагандар бар. Биз, эмгек мигранттары тобокелчилик тобуна киребиз. Вакцинацияга чоң жоопкерчилик менен мамиле жасоого баарын чакырам.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG