Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

Орусияда ЕАЭБ өлкөлөрүнөн барган жумушчулар бармак изин тапшырууга милдеттендирилет


Президент Владимир Путин Орусияга жарандары визасыз кире турган өлкөлөрдөн үч айдан узак убакытка келе турган жумушчуларды бармак изин тапшырууга жана жугуштуу оорулары жок экенин ырастаган документти көрсөтүүгө милдеттендирген мыйзамга кол койду.

Документ укуктук маалыматтардын расмий порталына жарыяланды. Анда мыйзам биринчи кезекте Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн жарандарына тиешелүү болору белгиленген.

Мыйзам долбооруна ылайык, жумушчулардын Орусияда жүрүүсү алардын эмгек келишимдеринин мөөнөттөрү менен чектелет. Жумуш берүүчү менен мөөнөтсүз келишим түзүлгөн учурда алардын Орусия аймагында жүрүү мөөнөтү бир жыл деп белгиленип, аны узартууга мүмкүнчүлүк берилет.

Мыйзам долбооруна тиркелген негиздеме-маалымкатта документ улуттук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн даярдалганы жазылган. Анда Орусиянын аймагында ЕАЭБ жарандарынын саламаттыгын көзөмөлдөө чарасы деп аталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG