Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:51

Мигранттар "Спутник Лайт" менен эмделет


Москва шаарында эмдөөгө турган жарандар. 25-июнь, 2021-жыл.
Москва шаарында эмдөөгө турган жарандар. 25-июнь, 2021-жыл.

Москва бийлиги эмгек мигранттарын “Спутник Лайт” вакцинасы менен эмдей турган болду. Мындай чечим Орусияда коронавирус күчөп жаткан учурда кабыл алынды. Деген менен бул өлкөдө иштеген кыргыз жарандарынын вакцина маселесинде пикирлери бир кылка эмес.

Индияда пайда болгон коронавирустун "дельта" түрү Орусияда тез жайылууда. Вирустун бул түрү өлкөдө буга чейинки катталган штаммдардын бардык түрүнөн эселеп катталууда. Күн сайын Орусияда 20 миңден ашык киши корнавирусту жугузуп алганы аныкталууда. Мындан улам 16-июнда "Роспотребнадзор" мекемеси билим берүү, транспорт, турак жай-коммуналдык чарба жана мамлекеттик кызматкерлердин 60 пайызы коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө милдеттүү экенин ачыктаган.

Дал ушул тармактардын баарында жумушчулардын басымдуу бөлүгү мигранттар. Буга чейин 18-июнда Москванын мэри Сергей Собянин июль айынын башында эмгек мигранттары жергиликтүү "Спутник Лайт" вакцинасы менен эмделерин жарыялаган болчу. 27-июнда Собянин Сахарово айылындагы көп функционалдуу миграциялык борбордо эмгек мигранттарын коронавируска каршы эмдөө пункту ачылганын кабарлады.

"Бул вакцина "Спутник V"ге караганда эффективдүүлүгү аз болушу мүмкүн, бирок кандай болгон күндө дагы, анын өзүнүн оң таасири бар. Мигранттар чек арадан көп өтүшөт, жамааттар ортосунда, аймактарда ж.б.у.с. динамикалуу потенциалга ээ жана кадимки эмдөө циклин камсыз кылуу бир топ кыйынга турат. Sputnik Light болсо тез арада эмдөөдөн өтүшү керек болгондорго дароо натыйжа берет", - деди Собянин.

"Спутник лайт" вакцинасы
"Спутник лайт" вакцинасы

Мигранттарды жапырт эмдөө пилоттук режимде, Москва шаарынын Башкы санитардык дарыгеринин токтомуна ылайык жана жумуш берүүчүлөрдүн талабы боюнча өтүүдө. Жараян толук иштелип чыккандан кийин коронавируска каршы вакцина өз алдынча иштеген мигранттарга да сайылары кабарланды.

Ошондой эле, 27-июнда Орусиянын президенти Владимир Путин 15-июлга чейин эмгек мигранттарын эмдөөдөн өткөрүүнү уюштуруп, бул үчүн "каржы булактарын аныктоо" буйругун берди.

Анткен менен Москвада иштеген кыргызстандыктардын вакцина маселесинде пикирлери бир кылка эмес.

Москвада көп жылдардан бери таксист болуп иштеген Каныбек Сатыбалды уулу иш берүүчү фирма мигранттарга эмдөөдөн өтүү боюнча талап келгенин, бирок эмдөө жараяны боюнча алигиче так маалымат жок экенин айтат.

"Бизге "15-июлга чейин эмдөөдөн өтүшүңөр керек, болбосо иштөөгө тыюу салынат" деп айтышты. Кантип текшерерин, "Яндекс таксинин" навигаторлорун жаап салабы же көчөдөн полиция текшереби билбей турабыз. Менежерлер "жок дегенде вакцинанын биринчи дозасын алгыла" дешти. Анткени биз Кыргызстандын жараны болгондуктан Москванын ичиндеги эмдөө пунктары вакцина сайбайт деп атышат. Милдеттүү вакцинациядан улам "башка жумуш караштырсакпы" деген кыргызстандыктар да бар. Ал эми мен расмий автопаркта иштегендиктен милдеттүү түрдө эмдөөдөн өтөт болушум керек".

Вакцина сайдырган жаран. Москва шаары.
Вакцина сайдырган жаран. Москва шаары.

Ал эми Москва шаарында эл аралык компаниянын финансы бөлүмүндө иштеген кыргызстандык Элвира Шаева төрт ай мурун коронавирустан айыкканын, бирок атайын тиркемеден вируска каршы вакцина алууга укуктуу экенин билгенин айтты.

"Мен иштеген жер "антитела тапшырып, эгер 50 пайыздан аз чыкса вакцина алышыңар керек" деди. Андыктан мен "Емиас" деген тиркемеден карасам, ал жакта менин чет өлкөлүк экеним, бирок Орусияда милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисим (ОМС) бар экени көрүнүп турат экен. Ошентип мен эң жакын ооруканада акысыз вакцина сайдыра аларымды билдим", - деди Элвира.

Дагы бир кыргызстандык Алмаз Москвада курулуш фирмасында иштейт. Ал иштеген ишкананын жетекчилиги үстүбүздөгү жылдын март айында жумушчуларын жапырт эмдөөдөн өткөргөн.

"Биздин курулуш компаниясы "бардык каалоочуларга вакцинация кылабыз" деп жыл башында кулактандыруу кылган. Долбоордун жетекчисинен баштап катардагы жумушчуларга чейин бирдей укук таанылды. Орусиялыктар бираз күмөн санашты. Компанияда иштеген төрт кыргызстандык жигиттин экөөбүз өз ыктыярыбыз менен вакцина сайдырдык", - деди Алмаз.

Ал арада Москва шаарынын мэриясы тарабынан 28-июнда кабыл алынган жаңы жобого ылайык, кафе-ресторан же барга кирүүнү каалагандарга чектөө бар. Алар эмдөө алганын, акыркы алты айда коронавирус менен оорубаганын же ПЧР тестинин терс натыйжасын көрсөтүш керек.

Москвада ресторандардын бири.
Москвада ресторандардын бири.

Муну менен катар кафе жана ресторандарды иштеткендер, кардарлардын эмдөө тутумун текшерүү үчүн талап кылынган QR-код аппараттарын өз чөнтөктөрүнөн сатып алууга милдеттүү.

Ал ортодо жекшембиде москвалыктар милдеттүү эмдөөгө каршы нааразылык акциясына чыгышты. Полиция аларды күч менен таратып, сегиз адам камакка алынганы кабарланды.

Орусияда соңку суткаларда 20 миңден ашуун киши коронавирус жугузуп алганы аныкталды. Бул дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүч катары каралууда.

Москва менен Санкт-Петербург шаарында соңку бир сутка ичинде өлгөндөрдүн саны пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүчкө жетти. Орусиянын баш калаасында 28-июнда коронавирустан 124 адам өлсө, Санкт-Петербургда 110 киши көз жумду.

Буга чейин Орусия башкалаасынын Саламаттык сактоо департаменти Москвада коронавируска каршы вакцина албагандарга ооруканаларда пландуу медициналык жардам көрсөтүлбөй турганын, бейтапканага жатам дегендер эмдөөдөн өтүүгө милдеттүү экенин кабарлаган.

Ал эми расмий маалыматтарга караганда, ушу тапта Орусияда жашап-иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 700 миңден ашуун. Бейрасмий маалыматтарда алардын саны 1 миллиондон аша турганы айтылып келет.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG