Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:38

Борбор Азия: коронавирус тездик менен жайылууда


Бейтапты алып кетип жаткан медкызматкерлер.
Бейтапты алып кетип жаткан медкызматкерлер.

Тажикстандын бийлиги 18 жаштан жогорку жарандарды сөзсүз эмдөөдөн өтүүгө милдеттендирди. Өзбекстанда эмдөөдөн өткөн студенттерге окуу акысын төлөөдө 10 пайыз жеңилдик берилмей болууда. Казакстанда  акыркы эки күндөн бери вирус жугузуп алгандардын саны кескин көбөйүп жатат.

Тажикстан: жаштар сөзсүз эмдөөдөн өтүүгө тийиш

"Озоди" радиосунун маалыматына караганда, 4-июлда Тажикстандын коргоо министринин мурдагы орун басары, генерал-майор Сайдамир Розикзода каза болду. Анын өлүмүнүн себеби расмий түрдө ачыкталбаганы менен, туугандары 64 жаштагы Розикзода коронавирустан көз жумганын билдиришкен.

"Сайдамир Розикзода акыркы эки жумадан бери Дүйшөмбү шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасында дарыгерлердин көзөмөлүндө жаткан. Жекшембиде кечинде коронавирустан кайтыш болду".

Сайдамир Разикзода. 2018-жыл.
Сайдамир Разикзода. 2018-жыл.

Жергиликтүү маалымат каражаттары акыркы жумаларда өлкөдө COVID-19дан бир катар белгилүү адамдар көз жумганын жазып чыгышты. Арасында белгилүү профессорлор, илимпоздор жана аткаминерлер болгону да айтылууда.

Ал арада Тажикстанда 18 жаштан жогорку жарандар сөзсүз эмдөөдөн өтүүгө милдеттендирилди. Өлкөдө Индияда чыгарылган AstraZeneca, Кытайдын CoronaVac вакциналары колдонулуп жатат.

Жыл башында Тажикстандын бийлиги өлкөдө коронавирус жуктуруп алган учур катталбаганын билдирген. Бирок коронавируска каршы республикалык штаб 21-июнда гана өлкөдө вирусту жугузуп алгандардын жаңы учурлары катталганын расмий жарыялады.

Самариддин Алиев- Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлигинин Профилактикалык медицина институтунун директору.
Самариддин Алиев- Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлигинин Профилактикалык медицина институтунун директору.

Ошондой эле, республикалык штаб чет өлкөлөрдөн Тажикстанга келген жарандарды ПЧР-тесттин жыйынтыгынан көз карандысыз түрдө 10 күн бою үйдөн чыкпоого чакырып, аш-тойлордо адамдардын санын чектөөнү сунуш кылды.

Тажикстанда пандемия башталгандан бери коронавируска 13,5 миңдей адам чалдыккан, 92 киши оорудан каза тапкан. Көз карандысыз эксперттер чыныгы көрсөткүчтөр алда канча көп болушу ыктымалдыгын айтып келишет.

Өзбекстанда эмделген студенттерге жеңилдиктер каралат

Ал эми Өзбекстанда коронавируска каршы өз ыктыяры менен эмделген жана келишимдик негизде окуган студенттерге жаңы окуу жылында төлөмдөрүнө 10 пайыз жеңилдик каралат. Бул тууралуу Өзбекстандын Жогорку жана орто атайын билим берүү министрлиги билдирди.

Учурда университеттердин бакалавр, магистратура жана ординатурада окуп жаткан 18 жаштан жогорку студенттер мамлекеттик бюджеттин эсебинен коронавируска каршы өз ыктыяры менен эмделүүдө.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 30-июнда өлкөгө Кытайда жасалган кытай-өзбек ZF-UZ-VAC2001 вакцинасынын 1 миллион дозасы жеткирилди. Андан тышкары AstraZeneca жана "Спутник V" вакциналары колдонулуп жатат.

Ал ортодо эпидемиологиялык кырдаалдын курчуп кетишине байланыштуу ишембиде Өзбекстан башкалаасында кайрадан COVID-борборлор ачылды.

Ташкент мэриясынын басма сөз кызматы жарыялаган видеодо башкалаа жетекчиси Жахонгир Артыкхожаев “Жаштык” спорт комплексинде ачылган COVID-борборлордун бирине барганын көрүүгө болот. Жергиликтүү басылмалар мындай борборлор “Узэкспоборбор” жарманке-комплексинде жана “Узниверсал” спорт жайында ачылганын жазды. Бул үч жайда 2000 бейтапка орун даярдалууда.

Ташкенттеги Сovid-борборлорунун бири.
Ташкенттеги Сovid-борборлорунун бири.

Өзбекстанда COVID-борборлор өткөн жылдын ноябрь-декабрь айларында коронавирус басаңдагандан кийин жабылган эле. Апрелде айрым жерлерде вирус жуктургандар кескин көбөйүп, кайрадан ачууга мажбур болушту.

Акыркы апталарда өлкөдө вирус жуктуруп алгандардые саны тездик менен өсүүдө. Өткөн аптада эле Инновация министрлигинин өкүлү коронавирустун коркунучтуу жана тез жайылган “дельта” штаммы аныкталганын билдирди. Анын артынан эле 28-июндан тарта карантин чараларын күчөтүү тууралуу расмий чечим кабыл алынды.

Казакстанда коронавирус жуктуруп алгандар көбөйдү

Коңшу Казакстанда болсо акыркы эки күндөн бери коронавирусту жугузуп алгандардын саны кескин көбөйдү. Казакстандын бийлиги 5-июлда коронавирус үч миңден ашык кишиден, ал эми бир күн мурун 3031 кишиден аныкталганын кабарлаган. Бул пандемия башталган бери эң жогорку көрсөткүч экени, буга Казакстанда 23-июнда катталган "дельта" штаммы себеп болгону айтылууда.

Алматы шаарындагы айрым соода борборлорунда эмдөө пункттары ачылган.
Алматы шаарындагы айрым соода борборлорунда эмдөө пункттары ачылган.

Өткөн апталарда расмий Нур-Султан коронавирустун жаңы вариантынын аныкталышы менен карантиндик чектөөлөрдү кайрадан күн тартибине киргизген. Мындан тышкары, өлкө боюнча коронавируска каршы милдеттүү эмдөөнү киргизип жатат. Ошондой эле, 1-июлда Казакстандын башкы санитардык дарыгеринин токтомуна ылайык, соода түйүндөрүндө, банктарда, почта бөлүмдөрүндө, фитнес жана сулуулук салондорунда иштегендер, андан сырткары юристтер жана нотариустар милдеттүү эмделиши керек же жума сайын ПЧР-тестин тапшырууга милдеттүү.

Саламаттык сактоо министрлиги эмдөөдөн өтпөгөндөргө иштөөгө уруксат берген ишкерлерге 34 доллардан 3400 долларга чейин айыппул чегерилерин эскертет.

Казакстандыктар "Спутник" жана жергиликтүү QazVac вакцинасы менен эмделүүдө. 18 миллион калкы бар Казакстанда учурда эки миллиондон ашык киши коронавируска каршы вакцинанын эки дозасын сайдырган.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG