Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:39

Бишкек менен Душанбе Тажикстандагы кыргыздардын абалын талкуулады


Руслан Казакбаев менен Сирожиддин Мухридиндин жолугушуусу.
Руслан Казакбаев менен Сирожиддин Мухридиндин жолугушуусу.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстандын укук коргоо органдары Лахш (мурунку Жерге-Тал району) аймагында убактылуу же туруктуу жашаган Кыргызстандын жарандарынын документтери күтүүсүз текшерилип жатканына тынчсыздануусун билдирди.

Министрликтин сайтындагы маалыматка караганда, 1-апрелде Москвада КМШнын тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында Казакбаев Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен жолугушту. Алар эки тараптуу кызматташуу жаатында сүйлөшүп, Тажикстандагы кыргыздардын маселесине да токтолушту.

Казакбаев ал жактагы элдин укугун бузуудан алыс болуп, бул ишти мындан ары Тажикстандын эмгек жана миграция мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүүнү өтүндү.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тажик тараптын бул жааттагы позициясы тууралуу маалымдаган жок. Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтында жарыяланган кабарда министрлер чек ара, эки тараптуу кызматташуу маселелерин сүйлөшкөнү жазылды, бирок Тажикстандагы кыргыздарга байланыштуу сүйлөшүү тууралуу маалымат берилбеди.

Буга чейин Жерге-Тал районунда жашаган кыргыздар Кыргызстандан барган туугандарына жергиликтүү бийлик тажик жарандыгын алууну сунуштап жатканын айтып даттанышкан. Жерге-Талдын акими бул маалыматты төгүндөдү. "Азаттык" бул тууралуу 31-мартта макала жарыялаган. (SE)

XS
SM
MD
LG