Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:27

Жерге-Талдагы кыргыздардын жарандык көйгөйү


Жерге-Талдын тургундары. Тажикстан.
Жерге-Талдын тургундары. Тажикстан.

Тажикстандын Жерге-Тал районунда жашаган этностук кыргыздар Кыргызстандан барган туугандарына жергиликтүү бийлик тажик жарандыгын алууну сунуштап жатканын айтып даттанышты. Жерге-Талдын акими бул маалыматты төгүндөдү.

Тажикстандын Жерге-Тал районунда жашаган туугандарынын өтүнүчү менен кайрылып жатканын айтышкан алты жигит «Азаттыктын» студиясына келип эки мамлекеттин бийлигинен соңку бир-эки аптадан бери уланып жаткан маселени чечип берүүнү суранышты:

"Жерге-Талда туугандары бар Кыргызстандын жарандары ал жакка пандемия баштала электе барып, калып калышкан. Ошолорду акыркы бир жуманын ичинде айыл өкмөткө, милицияга чакырып, бир күндүн ичинде «Тажикстандын жарандыгын аласыңар же алты сааттын ичинде өлкө аймагынан чыгып кеткиле» деген талаптарды коюп жатыптыр. Бул жөнүндө бизге ошол жакта жашаган туугандарыбыз айтып жатышат. Биз алардын үнүн бийликке жеткирели дедик эле",-деди Куфлиддин Ташматов.

Тажикстанда туулуп өсүп, ошол өлкөнүн жарандыгын алып, кийин «Кайрылман» программасы аркылуу Кыргызстанга 30-35 миңдей этностук кыргыз көчүп келген. Алардын көбү кыргыз жарандыгын алып, тажик паспортун тапшырып берген.

Пандемиядан кийин кайрылмандардын айрымдары Тажикстандагы туугандарына учурашканы барганда жергиликтүү бийликтин тоскоолдуктарына кабылган. «Азаттыкка» кайрылгандардын айтымында, Жерге-Талдын өзүндө жашагандар бул тууралуу ачык айтып берүүдөн кооптонушат.

2018-жылы Душанбе менен Бишкек ратификациялаган макулдашууга ылайык, эки өлкөнүн жарандары бири-биринин аймагында 60 күн каттоосуз жүрө алышат.

Куфлиддин Ташматов маалымдагандай, Тажикстанда 60 күндөн көп жүрө тургандар жергиликтүү бийликке кайрылып мыйзамдык негизде узартып алышчу. Андыктан буга чейин бул жаатта маселелер жаралбаганын Ташматов кошумчалады:

"Тажиктер менен кыргыздар байыртадан бери бир туугандай болуп ынтымакта жашап келишет. Жашоо шарттары деле жакшы. Жергиликтүүлөр негизинен дыйканчылык менен алектенишет. Ошол себептен бул жерде эч кандай саясат жасоонун кереги жок. Жетекчилер өз ара сүйлөшүп чечип беришсе болмок".

Акималидин Калбековдун дагы Жерге-Талда жакындары, достору жашайт. Ал соңку бир аптадан бери тажик бийлигинин талабы менен ондон ашуун таанышы Кыргызстанга чыгып кетүүгө аргасыз болгонун белгилейт.

"Досум келатат, аялы калып калды. Өзү айласыздан чыгып келатат, алты гана саат убакыт бериптир",-дейт ал.

Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги бул кырдаал боюнча кабары бар экени белгилүү болду.

Дипломатиялык чөйрөдөн алынган маалыматка караганда, элчиликке жарандардан расмий түрдө кайрылуу түшө элек.

“Биз ушундай көрүнүш болуп жатат деген кабарыбыз бар. Эгер расмий кайрылуу келип түшсө, анын үстүнөн иштейбиз”,-деп билдирди "Азаттыктын" ишенимдүү булагы.

Тажикстан маалыматты төгүндөдү

Тажикстандын Жерге-Тал (таж. Лахш) районунун администрация жетекчиси Файзулло Барутзода «Азаттык» радиосунун тажик кызматындагы маегинде айтылган маалыматтарды четке какты. Аким эки өлкөнүн тең жарандыгы барларга бир мамлекеттин гана атуулдугун алууну сунушташканын билдирди. Барутзода ошондой эле кыргыз жарандарына Тажикстандын аймагына кирүүгө эч кандай чектөө болбогонун кошумчалады:

"Биздин райондо башка мамлекеттин жарандыгын алгандар абдан аз. Тургундар кайсы мамлекеттин жарандыгын алууну өздөрү тандашы керек. Биздин өзүбүздүн мыйзамдарыбыз бар. Бул жактагы жергиликтүүлөр жайбаракат иштеп, жашап жатышат. Бул жакта тажик, кыргыз үй-бүлөлөрү аралашып калышкан. Ар бир адам кайсы мамлекеттин жарандыгын алууну өзү тандашы керек. Эч кандай мажбурлоо жок".

Ошону менен катар Тажикстандын Кыргызстан менен чектешкен Мургаб жана Лахш райондорунун бийлиги эки мамлекеттин тең жарандыгын алган жарандардан мүмкүн болушунча эртерээк бир гана өлкөнүн жарандыгын тандоону эскерткенин «Азаттыктын» тажик кызматы жазды.

«Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери» уюмунун негиздөөчүсү, юрист Азизбек Ашуров эки өлкөнүн жарандык тууралуу мыйзамдарындагы өзгөчөлүктөрдү чечмелеп берди.

Юрист Азизбек Ашуров.
Юрист Азизбек Ашуров.

"Орусия менен Кыргызстандын жарандык тууралуу мыйзамы окшош. Башка мамлекеттин жарандыгын алууга, ошол эле маалда кыргыз атуулдугун сактап калганга мүмкүнчүлүк берет. Кыргызстан этностук кыргыздарга мурдагы жарандуулугунан баш тартуу талабын койбойт. Тажикстандыктар жана өзбекстандыктар Кыргызстандын жарандыгын алса, алар расмий Душанбе менен Ташкентке арыз менен кайрылып ал өлкөлөрдүн жарандыгынан чыгышы керек",-деди Ашуров.

2015-жылы Тажикстандын "Жарандык жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилген. Тажикстандын Орусиянын ортосунда гана кош жарандыкты тааныган макулдашуу бар. Ал эми Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда андай макулдашуу жок.

Акыйкатчынын Баткен облусундагы мурдагы өкүлү, жарандык маселелер боюнча эксперт Хаители Айкынов буга чейин Кыргызстандын жарандыгын алып, ошол эле маалда Тажикстандын атуулдугунан чыкпай жүргөндөрдү кездештиргенин билдирди. Анын айтымында, кайрылмандардын айрымдары Тажикстандан "алган пенсиясын жоготуп коёбуз деген сыяктуу жана башка кооптонуулардан улам" ал жактын жарандыгын өткөрбөй келишет.

Чек ара маселелери

Анткен менен Жерге-Талда жашагандардын жакындары тажик бийлиги менен расмий Бишкек ортосунда чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөр башталганы ушундай аракеттер болуп жатат деп эсептешет.

Саясат талдоочу Абдил-Ахап Курбанов расмий бийлик өкүлдөрү кескин билдирүүлөрдү жасагандан карманып, чек арада жашагандарга зыян келтирип албашы керек деген пикири менен бөлүштү:

"Биздин мамлекет жетекчилигинен баштап, катардагы жаранга чейин чек ара тууралуу сүйлөгөндө абдан абайлаш керек. Ойлонуп, өтө дипломатиялык тилде сүйлөш керек. Кимдир бирөө өз оюнда туура сүйлөп жатам деп ойлогону менен, ошол жерде жашап жаткан адамдардын шорун катырышы мүмкүн".

Кыргызстан Тажикстандын Ворух анклавынын айланасындагы маселелерди чечүү үчүн Баткен же Лейлек районунун башка аймактары менен жерди алмаштырууну Тажикстанга сунуштаганы 26-мартта маалым болгон.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, азыр Ворух анклавы негизги маселе болуп жатат. Бишкектин сунушуна Тажикстан тарап жооп бере элек. Өкмөттүн маалыматына караганда, эми чек арай боюнча кыргыз-тажик сүйлөшүүсү Бишкекте өтөт.

XS
SM
MD
LG