Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:13

Тажикстандагы боордоштордун өнөр кенчи эстен чыкты


Кыз узатуу салты. Нарында өткөн фестивалда тартылган сүрөт.
Кыз узатуу салты. Нарында өткөн фестивалда тартылган сүрөт.

Жерге-Тал жана мургабдык кыргыздардын оозеки чыгармачылыгы тууралуу жазуучу Мирзохалим Каримовдун блогу.

Өнөр кенчинин унутулуп баратканы өкүндүрөт

Союз тарагандан кийин Тажикстандын Жерге-Тал, Мургаб райондорунда нечен кылымдардан бери жашап келген кыргыздардын маданиятына, тилине, үрп-адатына, салт-санааларына, элдик оозеки чыгармачылыгына жана башка өзгөчөлүктөрүнө кызыгуу да, илимий изилдөө да, алар тууралуу баалуу китептерди чыгаруу да биротоло унутулуп калды десек болот.

Алардын тилин, чыгармачылыктарын, макал-ылакаптарын алгачкылардан болуп изилдей баштаган окумуштуу Жээнбай Мукамбаев убагында «Памирлик жана каратегиндик кыргыздарда», «Эл ичи-өнөр кенчи» деп аталган баалуу эмгектерин чыгарып, көптөгөн этнографиялык очерктерин жана макалаларын басма сөз каражаттарына байма-бай жарыялап турган.

Жерге-Тал менен Тоолуу Бадахшан автоном облусунун Мургаб райондорундагы кыргыздардын айылдарынын дээрлик бардыгын кыдырып, өтө көп материалдарды жыйнап, аларды өзүнчө китеп кылып чыгарган бул аалым ошол жактагы түпкү элдин чоң кадыр-баркына, урмат-сыйына ээ болгон.

Окумуштуу ушуну менен эле чектелип калбай тагдырдын буйругу менен Кыргызстандан алыс жерде жашап калган улутташтарынын улан-кыздарынын тарыхый мекениндеги жогорку окуу жайларында окуп, билим алууларына, ал жактагы кыргыз мектептерине мугалим кадрларды даярдоого да салмактуу салымын кошкон.

1983-жылы Кыргыз Илимдер академиясынын Тил жана адабият илим изилдөө институтунун фольклордук экспедициясы Жерге-Тал районуна келип, ооздон-оозго көчүп, басма сөздө жарыяланбаган элдик оозеки чыгармаларды жыйнап келгенден бери тилекке каршы буга эч ким кызыкпай да, көңүл да бурбай койгону өтө өкүнүчтүү.

Айрыкча жаш муунга таасирдүү тарбия берүүнүн, адеп-ахлакка үйрөтүүнүн булагы болуп саналган бул баалуу кенчтин күндөн-күнгө унутулуп баратканын абдан чоң жоготуу деп айтаар элем.

Гүлан Шакирова.
Гүлан Шакирова.

Тажикстандык кыргыздардан өсүп чыккан чыгармачыл инсан болгонум үчүн ошол жактагы элдин тарыхын чагылдырган «Жер жылдызы-Жерге-Тал» аттуу китебимди, бир нече жылдан бери түзүп жүргөн диалектологиялык сөздүгүмдү жана этнографиялык макалаларымды жарыкка чыгарып, элдик оозеки чыгармаларын жыйноого да колдон келишинче көӊүл буруп келгем

Жерге-Тал районунун Жар-Мазар деген кыштагында жашап өткөн сөзгө чечен, тилинен бал тамган кошокчу аялдардын бири Гүлан Шакировадан жазылып алынган төмөндөгү чыгарманы кандай айтылган болсо ошондой жарыялоону туура көрдүм.

Күйөөгө берилген кызды көчүрүп баратканда энесинин айткан насааты

Карчыга деген гайып куш,

Канатынан сылагын.

Кайнатаӊдай азизди

Саламың айтып сыйлагын.

Турумтай деген тургун куш,

Тумшугудан сылагын.

Уул тууган кайнени,

Адавиң тутуп сыйлагын.

Алтындан бешик ыргагын,

Алганың менен жыргагын.

Күмүштөн бешик ыргагын,

Күйөөң менен жыргагын.

Айланайын күйөөжан,

Карчыга консун кашыга.

Эңкейгенде хыдыры,

Эгериден колдосун.

Жыгылганда хыдыры,

Жыловудан колдосун.

Сарпайдан сары тон кийсин,

Учтаганы пул болсун.

Ханы сыйлап башыга,

Кундузу телпек кийгизсин.

Уулум сындуу болсун деп,

Улакчы бозго мингизсин.

Кош пияла, сым каса,

Колудан өксү болбосун.

Кыздарым сындуу болсун деп,

Кырмызы кымкап кийгизсин.

Кыналуу жорго мингизсин.

Келиним сындуу болсун деп,

Кештелүү кымкап кийгизсин.

Келишкен жорго мингизсин.

Алганым сындуу болсун деп,

Зар кымкап тандап кийгизсин,

Ак жоргого мингизсин,

Көч алдыга түшүрсүн,

Гөзөмөлгө жүк артсын,

Лөккө жамбы кош артсын.

Айланайын келинжан,

Кумайлуу жерге бир консун.

Кундактап бото бир сүйсүн,

Кундактап сүйгөн ботодой,

Курчанып сарпай бир кийсин.

Айланайын келинжан,

Тармалдуу жерге бир консун,

Талпынтып бото бир сүйсүн.

Талпынтып бото сүйгөндөй,

Тандап бир сарпай бир кийсин.

Айланайын келинжан,

Тууганы уул болсун,

Туураганы май болсун,

Эшиги кыбылага баксын,

Кылыгы кудайга жаксын,

Салмоордун ташы болсун,

Чачи ак пахтадай болсун,

Өзү Зулайха даткадай болсун!

Мирзохалим КАРИМОВ, жазуучу

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
XS
SM
MD
LG