Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:43

Жерге-Талдан Чоӊ-Алайга жолду ким салган?


Тажикстандын Жерге-Тал (азыркы Лахш) районунун түндүк-чыгышында Кичи-Карамык кыштагы жайгашкан.
Тажикстандын Жерге-Тал (азыркы Лахш) районунун түндүк-чыгышында Кичи-Карамык кыштагы жайгашкан.

Айтылуу Рыскул Накыбов 1965-жылы Чоң-Алай менен Каратегиндин айрым бийик тоолуу айылдарын байланыштырган маанилүү автожолду салдырган жетекчи болгон. Журналист жана жазуучу Мирзохалим Каримовдун кезектеги блогу.

Сөз башы

Тажикстандын Жерге-Тал (азыркы Лахш) районунда нечен кылымдардан бери жашап келаткан кыргыздардын Чоң-Алай тарапка каттап турушу 1960-жылдарга чейин өтө кыйын болгон. Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде жана андан кийинки ачарчылык жылдары жергеталдыктар Тажикстандын Кичи-Карамыгынан Кыргызстандын Улуу-Карамык айылына чейинки тоо-таштуу 18 чакырым аралыкты жалгыз аяк жол менен атчан жана жөө-жалаӊдап өтүшчү.

Андан бери Исфайрам аркылуу Кызыл-Кыя, Ноокат, Ош, Кара-Суу ж.б. калааларга чейин жол басып, мандикерлик менен акча табышканы эл арасында азырга дейре айтылып келет. Элдин ошол азап-тозогун жергиликтүү кыргыздардан өсүп чыккан мыкты жетекчи Рыскул Накыбов (1921––2000) жеӊилдетип, убагында баа жеткис тарыхый эмгек кылган.

Анын жерге-талдык кыргыздарга эле эмес, жалпы Каратегин элине жан-дили менен өтөгөн кызматы, татаал тагдыры жөнүндөгү баянын 1991-жылы тажик тилиндеги гезиттен окугандан кийин бул кишиге атайын жолугуп аӊгемелешүүнү дегдеп жүрдүм эле. Тилекке каршы, ошондон көп өтпөй ал каза болуп, максатыма жетпей калдым.

Рыскул атанын өмүр таржымакалынан

Каратегин өрөөнүнүн элинин чыгаан уулу Рыскул Накыбов 1921-жылы бийик тоолордун койнунан орун алган жаратылышы ажайып Кичи-Карамык кыштагында төрөлүптүр. Каатчылык өкүм сүрүп турган заманда төрөлгөн жаш баланын шору куруп, энеси каза болуп калат.

Учурда Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районундагы Ивановка айылында жашаган Дөөлатбек Мамазоют уулу Бороновдун айтымында, Рыскул Накыбов кыргыздын ичкилик тобуна таандык кызыл аяк уруусунан болот.

Замандын зар какшаткан кыйынчылыктарына туруштук бере албаган атасы Накып бир нече кыргыз үй-бүлөлөрдүн катарында Кыргызстандын Кадамжай районундагы Үч-Коргонго адам чыдагыс азаптар менен көчүп келет. Арадан көп өтпөй ал киши да аалам менен коштошуп, Рыскул кичинекей карындашы менен томолой жетим калат.

Ошол кайгылуу күндөрдө ырайымдуу кошуналарынын бири анын карындашын өз баласындай багып, тарбиялап өстүрүп, элден кем кылбай той өткөрүп, турмушка да чыгарган экен. Рыскулду болсо тагдыр Үч-Коргондогу балдар үйүнө туш кылыптыр.

Ал жерден Рыскул жетинчи классты бүтүрүп, 1942-жылы өзүнүн Каратегиндеги Кичи-Карамык кыштагына кайтып келиптир. (Кыргызстандагы Карамык кыштагы – ал “Чоң-Карамык”, ал эми Тажикстандын Сарыг-Ой (Сарыгой) кыштагынан түндүк-чыгышыраактагы чакан кыргыз кыштагы – “Кичи-Карамык” деп аталат).

Сабаттуу, иш билги кадрлар жетишсиз болуп турган заманда Рыскул Накыбов Каратегиндин бир бөлүгү болгон Жерге-Талда 1943-жылдан баштап партиялык, советтик жана чарбалык жооптуу кызматтарга дайындалган. Кийинчерээк Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарындагы партиялык-советтик мектепти бүтүрүп келип, партиянын райондук комитетинин катчысы болуп бир нече жыл иштеген.

Рыскул Накыбов. Ош ш. 12.10.1971.
Рыскул Накыбов. Ош ш. 12.10.1971.

Андан соӊ чарбалык иштерге тартылып, отуз жылдан ашуун мезгилдин аралыгында эӊ начар абалдагы үч колхозду кезеги менен башкарып, алдыӊкы сапка алып чыкканы баяндалат. Балдар үйүндө кан-жанына чынчылдык сиӊирилип тарбияланган принципиалдуу жетекчи мамлекеттин жана коомдун мүлкүнө кол салуу өнөкөттөрүнө бөгөт койгондугу айтылып келет.

“Жолчу” Рыскул ата

Рыскул Накыбовдун уюштуруучулугу, иш билгилиги менен курулган бул автоунаа жол чейрек кылым бою кыргыз-тажик элдеринин керегине жарап, тарыхта калды.
М. Каримов

Рыскул Накыбов Тажикстандын Каратегин тоолуу аймагындагы Кыргызстанга чектеш «Кызыл-Суу» колхозуна төрага болуп келгенден кийин 1965-жылы Сарыгой кыштагынан Кыргызстанга таандык Чоӊ-Алайдын Улуу-Карамык кыштагына чейинки 18 чакырым аралыкка ашар ыкмасында автожол салууга демилгечи болуп, бул элдик долбоорго жетекчилик кылган.

Бийик ашуудагы мурда ат-төө гана өтчү тар жолду кетмен-күрөк менен казып кеңейтишкен. Бул татаал жолдун курулушуна Кыргызстан тараптагы тургундар да жандуу катышкан.

Рыскул Накыбовдун уюштуруучулугу, иш билгилиги менен курулган бул автоунаа жол чейрек кылым бою кыргыз-тажик элдеринин керегине жарап, тарыхта калды.

Айтмакчы, Каратегинди Чоң-Алай менен байланыштырган бул жолду Кыргызстандын Ош шаары менен советтик Тажикстандагы Тоолуу Бадакшан автоном районунун борбору Хорог шаарын байланыштырган Чыгыш Памир жолу (Ош–Хорог автоунаа жолу) менен чаташтырбоо керек. 700 чакырымдык бул жолду куруу 1894-жылы башталып, негизги иштер 1931–34-жылдары аяктаган.

Ош-Хорог автожолунун таманындагы Аличор кыштагы. Мургап району, Тажикстан.
Ош-Хорог автожолунун таманындагы Аличор кыштагы. Мургап району, Тажикстан.

Сары-Таштан ары түндүктөн түштүктү (Мургапты) карай суналган Ош-Хорог жолунан айырмаланып, Р. Накыбовдун демилгеси менен курулган чакан жол тилкеси Чоң-Алайдан батышты (б.а. Сарыгой айылын) карай кетет да, андан ары Жайылган, Жерге-Талды карай созулган жана Каратегиндеги мурда курулган автожолго улашат.

1990-жылдардан (СССР кулагандан) кийин гана Чоң-Алай өрөөнүнөн (Чоң-Карамык кыштагынан) Каратегиндин курамындлагы Жерге-Тал өрөөнүнө (Сарыгой кыштагына) карай кеткен бийик тоо арасындагы ашуу жолдун этек жагынан техниканын күчү менен азыркы заманага ылайык тептегиз автожол салынган. Пост-советтик жолдун курулушунда Тажикстан өкмөтү аска таштарды жардырган ыкманы колдонгон. Эми бул жол аркылуу Кытайдан Кыргызстандын Эркеч-Там чек ара бекети аркылуу өткөн баалуу эл аралык унаа жүктөрү Жерге-Тал аркылуу Дүйшөмбү шаарына тезирээк жеткирилип калды.

Кытайдан Кыргызстандын Эркечтам чек ара бекети аркылуу Карамык, Жерге-Тал (Вахдат) жана Дүйшөмбү шаарына өтчү болочокку темир жолдун долбоорунун картасы.
Кытайдан Кыргызстандын Эркечтам чек ара бекети аркылуу Карамык, Жерге-Тал (Вахдат) жана Дүйшөмбү шаарына өтчү болочокку темир жолдун долбоорунун картасы.

Жердештеринин айтымында, Рыскул Накыбовдун адилеттүүлүктөн тайбаган мүнөзү кол алдындагы айрым “кымтыкейлиги бар” кызматкерлерине эле эмес, Жерге-Тал районунун (2016-жылдын мартынан бери Лахш районунун) советтик партиялык жана чарбалык жетекчилерине да жаккан эмес (түз мүнөзү үчүн аны «орус пейил» деп да коюшчу экен). Дал ошондуктан анын опол тоодой эмгектери убагында бааланбай калганы эл арасында айтылып келет.

Дөөлатбек Мамазоют уулу Бороновдун айтымында, маркум Рыскул Накыбов атанын жалгыз уулу бар эле, ал да кайтыш болгон.

Ошентип, данакер Рыскул Накыбовдун элеси жердештеринин эсинде “жол чапкан кадыр-барктуу инсан” катары түбөлүккө сакталып калды.

Мирзохалим Каримов,

журналист.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG