Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:09

Жерге-Талдын асылзат жылдыздары


Гүлбара Орозова. 11.03.2017.
Гүлбара Орозова. 11.03.2017.

Тажикстандагы Каратегин тоолуу чөлкөмүнүн Жерге-Тал аймагынан чыккан айрым даңазалуу айымдар тууралуу жазуучу Мирзохалим Каримов сунуштаган блог.


Тажикстандын Жерге-Тал (азыркы “Лакшы”) районун кадим замандардан бери байырлап келаткан кыргыз аялдардын арасынан өсүп чыккан тарыхый инсандар, илимпоздор, атактуу педагогдор тууралуу учкай болсо да кеп кылып, көзү өткөндөрүн эскерүү – ар бир муундун ыйык парзы.


Асман мелжиген бийик тоолордун этегиндеги Майдан-Терек кыштагында жашаган кыргыздардын арасынан чыккан алгачкы комсомол айымдар Арзыгүл Акназарова менен кызы Асиланын ысымдары райондун тарых барактарына түбөлүк өчпөс болуп жазылган.

Татаал тагдырга туш болгон бул асылзат инсандар совет бийлигинин алгачкы жылдары аялдардын кеңири укуктарына каршы чыккан басмачылар кыймылына каршы күрөшүү, элдин сабатсыздыгын жоюу сыяктуу ошол кыйын доордогу өтө маанилүү жана кооптуу иштерге жигердүү катышкан баатыр мүнөз кыргыз аялдардын алдыӊкы сабында болушкан.


Бул үчүн кандарын да, жандарын да аяган эмес. Ошол кезде Арзыгүл Акназарова райондун аткаруу комитетиндеги аялдар бөлүмүн жетектеп турган.

Тамырын тереӊ сая элек советтик айдыңдык түзүлүштү кандай гана жол менен болбосун кулатып жок кылууну самап чабуул жасаган Азам корбашынын басмачылары аймактагы аялдардын эркиндигин коргоого тайманбай бел байлаган бул эки кыргыз айымды жазалап жок кылуунун айла-амалын издеген.

Натыйжада 1931-жылы адегенде Арзыгүл Акназарованы кыйнап өлтүрүп, жансыз денесин кызы Асилага көрсөткөн соӊ, аны да ошондой мыкаачылык менен өмүрүн кыйышкан. Бул тарыхый окуя жерге-талдыктар үчүн эӊ кайгылуу окуялардын бири. Түбөлүк унутулгус. Алардын эрдиктерин эл ар дайым эстеп, кайгырып келишүүдө.

Хадича
Карапайым элдин кийинки коомдук өнүгүүсүнө акылмандыгы, иштермандыгы менен бараандуу салым кошкон аялдардын катары арбыган. Ошондой ишмер аялдардын бири – Хадича Акралиева (19221999).

Тажикстандын Жерге-Тал районундагы кыргыз айым Хадича Акралиева.
Тажикстандын Жерге-Тал районундагы кыргыз айым Хадича Акралиева.


Ал 1947–1950-жылдары кыргыздар жыш отурукташкан аймакта алгачкы жолу уюшулган колхозду жетектеген. Сабатсыздыкты жоюу, билим берүү тармагын өнүктүрүүгө салмактуу үлүш кошкону үчүн 1955-жылы Тажик ССРинин Жогорку Кеӊешинин 4-чакырылышында депутат болуп шайланган.

Маслам
Бир нече жыл айыл Кеӊешин жетектеп элдин кадыр-баркына арзыган кыргыз кызы Маслам Шаматова (19302015) райондун маданият тармагын өркүндөтүүгө салым кошкон мыкты жетекчи аялдардын катарын толуктаган.

Тажикстандын Жерге-Тал районундагы кыргыз айым Маслам Шаматова.
Тажикстандын Жерге-Тал районундагы кыргыз айым Маслам Шаматова.


Кыргызстандын Каракол калаасында төрөлүп өскөн Каусар Сарыбаева мугалим жолдошу Эмил Сарыбаев менен 1960-жылдары Жерге-Талга келип, Тажикстанда саясий согуш чыкканга чейин райондун аткаруу комитетинин жалпы бөлүмүн жетектеген.

Райондун элге билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген педагогдор Шарапат Миӊбаева, Татиян Боронова, Гүлпочо Жоробековалар «Тажик Жумуруятынын элге билим берүү мыктысы» наамына татып, чет жерде жашаган кыргыздардын сыймыгы болуп калышкан.

Гүлбара
Чет өлкөдөгү кыргыз аялдардын арасынан илимдин бийик даражасына, жогорку жетекчилик кызматтарга чейин көтөрүлгөн асылзаттар тууралуу буга чейин коомчулукка жеткиликтүү маалымат берилген эмес.

Илимпоз, тил илимдеринин кандидаты, теги жерге-талдык кыргыздардан болгон Гүлбара Орозова (20.11.1957-ж. туулган). 11.03.2017.
Илимпоз, тил илимдеринин кандидаты, теги жерге-талдык кыргыздардан болгон Гүлбара Орозова (20.11.1957-ж. туулган). 11.03.2017.

Сыймыктана турган ошондой аялдардын бири – Жерге-Талдын Кара-Шоро айылында туулуп өскөн илимпоз, филология илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Гүлбара Орозова.

Карапайым колхозчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн болочок илимпоз кыз орто мектепти бүткөндөн кийин 1974-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарына келип, В.В.Маяковский атындагы Кыз-келиндер педагогикалык институтуна кабыл алынган. Илимдин бийик тепкичине умтулуусу мына ошол жогорку окуу жайда окуп жүргөн кезинде эле башталган.

Илимпоз Гүлбара Орозова өмүрлүк жолдошу, профессор Абдыганы Халилов менен. Бишкек. 2020-жылдын 28-августу.
Илимпоз Гүлбара Орозова өмүрлүк жолдошу, профессор Абдыганы Халилов менен. Бишкек. 2020-жылдын 28-августу.



Гүлан
Жар-Мазар деген кыштакта жашап өткөн асыл апабыз Гүлан Шакирова (19071992) райондогу сөзгө чечен, тили балдай ширин, чукугандай сөз тапкан мыкты кошокчу, ырчылардын бири болгон.

Тажикстандын Жерге-Тал районундагы кыргыз айым Гүлан Шакирова.
Тажикстандын Жерге-Тал районундагы кыргыз айым Гүлан Шакирова.


Гүлан апанын айыл-кыштактардагы той-тамашаларда, маданий-мааракелерде сөздүн гүлүн тандап сүйлөгөнү, ар кандай угармандын дилин жибиткен кошок ырлары, каалоо-тилек иретиндеги ак баталары азырга дейре эл арасында эскерилип келет.

Элдик оозеки чыгармаларды топтогон илимпоздор тарабынан анын оозунан жазылып алынган кошоктор, элдик ырлар көптөгөн илимий жыйнактарга киргизилген.

Мирзохалим КАРИМОВ,

жазуучу.

XS
SM
MD
LG