Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:48

Беларуста жекшембиде оппозициянын жүрүшү өттү


Беларус оппозициясынын жүрүшүнөн. Минск. 2020-жылдын 20-декабры.
Беларус оппозициясынын жүрүшүнөн. Минск. 2020-жылдын 20-декабры.

Беларустун борбору Минск баштаган бир нече шаарда бийликке каршы жүрүштөр жекшембиде (20-декабрда) улантылды. Бул ирет “Элдик трибуналдын жүрүшү” деп аталган нааразылык чарасы Минскинин бир нече районунда өттү. Колдоруна ак-кызыл түстөгү желектерди кармаган адамдар бир нече чакан топко бөлүнүп, Александр Лукашенконун бийликтен кетишин талап кылды.

Өлкөдөгү укук коргоочулар 20-декабрдагы жүрүш учурунда бир нече адамды милиция кармаганын кабарлоодо.

Беларуста быйыл август айындагы президенттик шайлоодон соң оппозициянын тарапкерлери ар жекшемби сайын акцияларды уюштуруп келет. Ал шайлоодо бийлик Александр Лукашенконун утканын жарыялаганы менен оппозиция жана бир нече өлкө анын бурмаланган жыйынтыгын тааныган эмес. Ошондон бери Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган нааразылык чаралары тынымсыз өтүп жатат. Анын жүрүшүндө беларус коопсуздук күчтөрү орой түрдө күч колдонуп, акцияга чыккандарды четинен кармап келет.

БУУнун эсеби боюнча Беларуста августтан бери 27 миңден ашык киши кармалган. Алардын айрымдары кыйноого кабылып, бир нече адам каза болгону жөнүндө кабарлар чыккан. Оппозициячыл бир нече саясатчы камакка алынып, бир тобу өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болду. Өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенко оппозициянын талаптарына кулак салбай, талаптарды аткаруудан баш тарткан.

Акыркы апталарда Минск жана башка шаарларда нааразылык чараларга катышкандардын саны азайып калды. Анын үстүнө оппозиция жүрүштүн тактикасын өзгөрткөн. Ага ылайык, нааразылык чаралары бир жерде эмес, чачкын түрдө уюштурулууда. Мындай жол менен оппозиция коопсуздук күчтөрүнүн нааразылык чарасына чыккандарды жапырт кармоосуна тоскоолдук кылууну көздөп жатат.

XS
SM
MD
LG