Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:34

Европа Биримдиги Беларустун бийлигине дагы санкция салат


Александр Лукашенко.
Александр Лукашенко.

Европа Кеңеши 17-декабрда жыйынга чогулуп, беларус бийлигине каршы үчүнчү санкцияны расмий бекитет. Бул ирет «кара тизмеге» 29 адам менен жети ишкана, уюм кирди. Азырынча алардын аты-жөнү расмий атала элек.

Мунун алдында шаршембиде Брюсселде Светлана Тихановская баштаган беларус оппозиция лидерлерине Европа парламентинин Сахаров сыйлыгы ыйгарылды. Тихановская сыйлыкты алып жатып, «коркуунун дубалы бара-бара урайт» деп билдирген. Беларус бийлиги соңку санкция тууралуу билдирүүлөргө азырынча үн ката элек.

Буга чейин Европа Биримдиги Александр Лукашенко баш болгон баш-аягы 55 беларус аткаминерин «кара тизмеге» киргизген. Аларды Беларустагы шайлоодо мыйзам бузуу, нааразылык акцияларындагы зордук-зомбулук үчүн жооптуу деп тапкан. Бул адамдар Евробиримдиктин аймагына киришине тыюу салынат жана активдери камакка коюлат. Анда Беларустун тышкы иштер министри буга тиешелүү жооп кайтарыларын эскерткен, бирок көрүлө турган чаралардын чоо-жайын тактаган эмес.

Өткөн айда Европа парламенти Беларуста адам укуктарынын бузулушун жана Роман Бондаренко аттуу жигиттин өлтүрүлүшүн айыптаган резолюция кабыл алган. Анда Беларус бийлиги зомбулукту токтотушу керек экени белгиленип, соңку президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганы дагы бир ирет айтылган.

Александр Лукашенко Беларусту 26 жылдан бери башкарып келатат. Соңку президенттик шайлоодо ал жеңүүчү деп табылган, бирок оппозиция добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныган эмес. Лукашенконун башка саясий атаандашы Тихановская өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугунан улам чет өлкөгө чыгып кеткенге аргасыз болгон.

Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде, шайлоо жыйынтыгынын жокко чыгарылышын, Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган калайман каршылык акцияларында 27 миңден көп адам камакка алынган. Демонстранттарга ашкере күч колдонулган, кыйноого кабылган, анын айынан адамдын өмүрү кыйылган учурлар катталды.

XS
SM
MD
LG