Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:51

Беларус: Соңку жүрүштө 300дөй адам кармалды


Бресттеги акциянын жүрүшүнөн бир көрүнүш. 13-декабрь, 2020-жыл.
Бресттеги акциянын жүрүшүнөн бир көрүнүш. 13-декабрь, 2020-жыл.

Беларуста жекшембиде бийликке каршы нааразылык жүрүшүндө 300гө жакын адам кармалды. Бул тууралуу өлкөдөгү «Весна» укук коргоо уюму кабарлады. Беларустун расмий бийлиги да бул маалыматты ырастады.

13-декабрда Беларустун бир катар аймактарында нааразылык жүрүштөрү өттү. Айрым жерлерде акцияга ондогон адам катышса, ири шаарларда жүздөгөн адам катышты. Акыркы бир нече жумадан бери оппозиция жүрүштүн тактикасын өзгөртүп, акция бир жерде эмес, чачкын түрдө уюштурулууда. Мындай жол менен оппозиция акцияга чыккандарды жапырт кармоого тоскоолдук кылууну максат кылган.

Беларуста акыркы жүрүш оппозициянын лидери Светлана Тихановская Германияда жүргөн учурга туш келди. 14-декабрда Тихановская бул өлкөнүн президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Оппозициячыл саясатчы Берлин соборунда сүйлөп жатып, Беларус оппозициясын эл аралык колдоону мобилизациялоо аракетин улантарын билдирди.

Беларуста августтагы президенттик шайлоодон соң саясий кризис болуп жатат. Анда Борбордук шайлоо комиссиясы Лукашенкону жеңүүчү деп жарыялаган. Оппозиция добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныган эмес. Ошондон бери өлкөдө нааразылык акциялары токтой элек. Андан бери бийлик демонстранттарды кууп таратып, жарандык активисттер менен оппозиция өкүлдөрүн күч колдонуп кармап келет.

АКШ жана Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрү Беларус бийлигинин бул аракеттерин сынга алып, санкцияларды киргизген.

XS
SM
MD
LG