Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:46

Тихановская өткөөл мезгилде өлкөнү башкарууга даяр экенин билдирди


Светлана Тихановская.
Светлана Тихановская.

Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская 3-декабрда буга байланыштуу атайын видео кайрылуу таратты. Анда нааразылык акцияларынан кийин эртеби-кечпи диалог башталарын, мамлекеттик системанын кишилери кепке келеринен күмөн санабай турганын айтты. Ошондой эле өлкөнү башкарып калса, адистерди чогултуп, таза шайлоо өткөрүүгө шарт түзөрүн белгиледи.

Беларуста бийликке баш ийген Борбордук шайлоо комиссиясы 9-августтагы шайлоодо өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко утканын жарыялаган. Бирок оппозициянын башкы талапкери Светлана Тихановская да, бир катар Батыш өлкөлөрү да шайлоонун мындай жыйынтыгын тааныган эмес. Андан бери өлкөдө Лукашенконун бийликтен кетишин, жаңы шайлоону өткөрүүнү талап кылган акциялар токтобой келет.

Демонстрациялар жүздөгөн адамдарды кармоо менен коштолуп жатат. Өткөн аптада Лукашенко Беларуста жаңы Конституция кабыл алынган соң президенттик ишин токтотушу мүмкүн экенин айткан.

XS
SM
MD
LG