Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:14

Лукашенко Эл аралык Олимпиада комитетин "банда" деп атады


Александр Лукашенко Столбцы шаарындагы ооруканада. 2020-жылдын 8-декабры.
Александр Лукашенко Столбцы шаарындагы ооруканада. 2020-жылдын 8-декабры.

Александр Лукашенко Эл аралык Олимпиада комитетин “банда” деп атады. Анын алдында Беларустун Улуттук Олимпиада комитетин да жетектеген Лукашенкого Эл аралык комитет өткөргөн иш-чараларга, анын ичинде Олимп оюндарына катышууга убактылуу тыюу салынган.

8-декабрда Беларустагы ооруканалардын бирине барган Александр Лукашенко Эл аралык Олимпиада комитетинин (ЭОК) чечимине каршы сотко кайрылуу керектигин айтты:

«Томас Бах менен Эл аралык комитеттеги калган банда сотто менин эмне күнөөм бар экенин далилдешсин. Өлкөмдү коргогонум үчүн күнөөлүүмүнбү? Мени иш-чараларга катышпасын, тигинтсин, минтсин деп ар кайсынын башын айтышат. Мен 25 жыл катышкан эмесмин, мындан ары да аларсыз жан сактайм. Алар эмне 100дөн ашуун өлкөнүн өкүлдөрүн чогулушту беле? Өздөрү эле чечим кабыл алып коюшту. Мен го - макул, балдарга эмнеге тиесиңер?».

Дүйшөмбүдө Эл аралык Олимпиада комитетинин аткаруучу кеңеши Лукашенкого, анын уулу Викторго жана Беларус Улуттук Олимпиада комитетиндеги дагы бир нече расмий өкүлгө ЭОКтун карамагындагы бардык иш-чараларга катышууга тыюу салган.

Томас Бах
Томас Бах

«Биринчиден, Беларустун Улуттук Олимпиада комитетинин аткаруучу кеңешине шайланган бардык мүчөлөрүн Эл аралык комитеттин иш чараларынан, анын ичинде Олимпиада оюндарынан четтетүү чечими кабыл алынды. Бул чечим асыресе улуттук комитеттин төрагасы жана расмий өкүлү Александр Лукашенкого, биринчи орун басары, комитеттин күнүмдүк бардык ишмердигине жооп берген Виктор Лукашенкого тиешелүү», - деп айткан Эл аралык Олимпиада комитетинин төрагасы Томас Бах.

Мындан тышкары Беларустун Олимпиада комитетине каржылык колдоо токтотулду. Чечимде бул чаралар убактылуу экендиги жана кырдаалга жараша өзгөртүлүшү мүмкүн экени айтылган.

Бул кадамды түшүндүрүп, ЭОКтун аткаруучу кеңеши: «Өлкөнүн Улуттук комитети беларустук атлеттерди, федерация мүчөлөрүн же спорттук кыймылдардын өкүлдөрүн саясий дискриминациядан коргой алган жок. Бул, өз кезегинде, Олимпиада хартиясынын өзөктүк принциптерин бузат жана Олимпиада кыймылынын аброюна олуттуу көлөкө түшүрөт», - деп белгиледи.

Ал эми Беларустун Улуттук Олимпиада комитети «басым көрсөтүү үчүн жасалган чечимдин артында саясат турат», деп билдирди.

Беларустун Олимпиада спортчулары. Бразилия, 5-август 2016-жыл
Беларустун Олимпиада спортчулары. Бразилия, 5-август 2016-жыл

Буга чейин Эл аралык Олимпиада комитети Беларус бийлигин спортчуларды саясий жүйө менен куугунтукка алганы боюнча териштирүү баштаган. 9-августтагы талаштуу президенттик шайлоодон кийин тутанган нааразылык акциялары туура 4 айдан бери уланып келатат.

Августта беларустук бир жарым миңдей спортчу Лукашенкого ачык кат жазып, таза шайлоо өткөрүүгө жана нааразылык иш-чараларына чыккандарды куугунтуктоону токтотууга чакырган.

Андрей Кравченко. 2014-жылдын 23-октябры.
Андрей Кравченко. 2014-жылдын 23-октябры.

Мындан соң бул спортчулардын айрымдары жумуштан бошотулса, кээ бирлери камакка алынып, соттолду. Алардын арасында фристайл боюнча дүйнө чемпиону Александра Романовская, жөө күлүк Светлана Куделич, жеңил атлетчи Андрей Кравченко жана баскетболчу Елена Левченко бар. Ачык кат жазган айрым спортчулар өздөрүн улуттук курамадан чыгарып салышууда, мелдештерге катыштырбай жатышат, деп арызданышкан.

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоону Лукашенко жеңгенин жарыялаганы менен оппозиция, митинг, демонстрациялардын катышуучулары добуш берүү одоно бурмаланганын айтып, анын кызматтан кетишин, саясий туткундардын коё берилишин, жаңы шайлоонун өткөрүлүшүн талап кылып келатышат.

Күч түзүмдөрү августтун башынан бери өлкөнүн ар кыл шаарларында ырааттуу уюштурулуп жаткан нааразылык жыйындарын аёосуз таркатып келет.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, Беларуста каршылык көргөзүү кыймылынын 27 миңдей катышуучусу кармалды. Алардын кээ бирлери кармоочу жайларда кыйноолорго туш болгону, ал түгүл бир нече киши өлгөнү кабарланып келет.

Беларус коопсуздук күчтөрү демонстрантты кармап кетүүдө. Минск. 2020-жылдын 6-декабры.
Беларус коопсуздук күчтөрү демонстрантты кармап кетүүдө. Минск. 2020-жылдын 6-декабры.

8-декабрда Минскинин 26 жаштагы тургуну Максим Павлючук метронун жанында «Биз эч качан унутпайбыз» деген жазууну тарткандыгы үчүн 2 жылга кесилди.

Минск шаарындагы нааразылык жыйынында "Саша Трайковский биздин азаттыгыбыз үчүн курман болду" деген ураан көтөрүлдү. 2020-жылдын 19-августу.
Минск шаарындагы нааразылык жыйынында "Саша Трайковский биздин азаттыгыбыз үчүн курман болду" деген ураан көтөрүлдү. 2020-жылдын 19-августу.

Ал метро бекетинин жанында августта Александр Трайковский аттуу киши каза тапкан. Бийлик ал колго жасалган жардыргыч затты милиция тарапка ыргытайын дегенде курал жарылып кеткенин билдирген. Бирок ал жерден тартылган көз карандысыз сүрөттөр расмий жоромолго карама-каршы келет.

Кошмо Штаттар жана Европа Биримдиги, ошондой эле башка бир нече мамлекет Беларустагы 9-августтагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартышууда. Лукашенконун шайлоодогу жеңишин расмий Кремль тааныган жана ага тилектештик билдирип келет.

XS
SM
MD
LG