Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

Беларус оппозициясы Сахаров сыйлыгын алды


Светлана Тихановская. Брюссель, 16-декабрь 2020-жыл
Светлана Тихановская. Брюссель, 16-декабрь 2020-жыл

Беларустун демократиялык оппозициясынын Координациялык кеңеши 16-декабрда Европа парламентинин Сахаров сыйлыгын алды. Брюсселдеги салтанатта сыйлыкты оппозиция лидери Светлана Тихановскаяга Европарламенттин төрагасы Давид Сассоли тапшырды.

Тихановская сыйлыкты алып жатып, Беларустагы “коркуунун дубалы бара-бара урайт” деп билдирди. Саясатчы үстүбүздөгү аптада Брюсселде Евробиримдиктин өкүлдөрү менен жолугушту.

Сассоли беларус оппозициясы ой жүгүртүү жана өз көз карашын билдирүү эркиндигин коргоодо эр жүрөктүгүн, чечкиндүүлүгүн көргөзгөнүн белгиледи. Сыйлыктын акчалай эквиваленти 50 миң евро.

Адам укуктары чөйрөсүндөгү жылдык сыйлык советтик физик, диссидент Андрей Сахаровдун урматына 1988-жылы негизделген.

Тихановская 9-августтагы президенттик шайлоодо өлкөнү 24 жылдан бери башкарып келаткан Александр Лукашенкого атаандаш чыккан. Лукашенконун жеңиши расмий жарыяланганы менен, оппозиция жыйынтыктарды тааныбай, ошондон бери нааразылык акциялары уланып келатат. Күч түзүмдөрү демонстрацияларды аеосуз кууп таркатып, миңдеген киши кармалган. Бир тобу кыйноолорго кабылган. Бир нече кишинин өлүмү тууралуу кабарланган. Оппозициялык активисттерге куугунтуктоо жүрүп жатат. Тихановская шйлоодон кийин чет өлкөгө чыгып кетүүгө мажбур болгон.

XS
SM
MD
LG