Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 05:53

Эркиндик

Facebook: Күйөөм дубалды сүздүрөт, сабайт...

Аялды ур-токмокко алган эркектер тууралуу Фейсбукта атайын талкуу уюштуруп, чет өлкөдө окуган жана аймактардагы жаштардын пикирин топтодук.

Текст көлөмү - +
Үй-бүлөдөгү зомбулук тууралуу жаш муундун көз карашы кандай болду экен?


Аялдарда арман көп


Алгач Фейсбук жөнүндө эки ооз сөз. Интернеттеги www.facebook.com сайты - бул бардык адамдар үчүн баарлашуучу, пикир алмашуучу, ар кандай маалыматтарды таратуучу сайт болуп эсептелет. Акыркы маалымат боюнча, бул сайтты колдонгондордун саны дүйнөдө 850 миллионго жетти, ал эми бул баракчада катталган кыргызстандыктар 60 миңге чукулдайт. 
 
Ала качпай, жула качпай эле сүйлөшүп үй-бүлө курса мындай маселелер чыкмак эмес. Жубайлар экөө тең бирин-бири түшүнгөндө гана зомбулук болбойт...

Дал ушул Фейсбук баракчасында “аялдарга карата колдонулган зомбулук” тууралуу суроону коёрубуз менен кызуу талкуу башталды. Талкууга катышкандардын көпчүлүгү чет өлкөдө билим алган кыргыз студенттери.

Учурда Германияда окуп жаткан Салтанат Кырбашева минтип жазды:
 
- Аялдарга жасаган мамилени алып караганда, Европа менен Кыргызстанды салыштыруу таптакыр мүмкүн эмес. Кыргызстанда орой айтканда эки буттуу айбандар көп. Мисалы, германиялык үй-бүлөдө кандайдыр бир проблема болуп калса, жубайлар отуруп алып акырын эле кеңешишет, кыргыз үй-бүлөдө, тилекке каршы, күйөөсү дароо эле башка чабат. Албетте эркектердин баарын күнөөлөгөн болбойт. Бирок ошентсе да кыргыз айымдарына кайрылгым келет, башыңарды көтөрүп, татыктуу жашоого умтулалы!
 
Салтанаттын бул пикирин колдоого алгандар көп болду. Албетте, алардын көпчүлүгү кыздар.


Кандай эркек аялга кол көтөрөт?


Фейсбукту такай колдонгон Чолпон Апиева аттуу айым Кыргызстандагы үй-бүлө проблемаларынын көпчүлүгү ала качуунун айынан болуп жатат деп эсептейт: 
 
- Кыргыздар ала качпай, жула качпай эле сүйлөшүп үй-бүлө курса мындай маселелер чыкмак эмес. Жубайлар экөө тең бирин-бири түшүнгөндө гана зомбулук болбойт. Жубайлар такыр эле бири-бирин түшүнө алышпаса күйөөсү сабап, токмоктоп салбай, сүйлөшүп эле ажырашып, балдарына каралашып турушу керек. 
 
Өзүнө ишенбеген, алсыз, ыйманы жок эркек гана аялзатына кол көтөрөт...

Аял менен күйөөнүн ортосундагы түшүнбөстүктөр биринчи кезекте аялдын өз укугун билүүгө кызыкпагандыгынан, жумушсуздуктан жана аракечтиктен келип чыгат деп жазды Германиядан Раида Баймонкоева.

Оштон пикир жазган студент Адилет Мамасадык уулу да үй-бүлөдөгү чыр-чатакка биринчи кезекте аракты күнөөлөдү. Пикирлердин арасында кайненени, ал тургай мамлекетти да айыптагандар жок эмес. Кореядагы мекендешибиз Элина Түмөнбаеванын пикирине көңүл бурсак:
 
- Күйөөсү аялын уруп, зомбулук көрсөткөндө, баланын туугандары, ата-энеси "балам мындай туура эмес”, - деп оң жакка насаат айткандын ордуна "мейли, сабасын" деп келиндин тагдырына кайдыгер караган адамдар да көп болуп жатпайбы... Өзүнө ишенбеген, алсыз, ыйманы жок эркек гана аялзатына кол көтөрөт. Үй-бүлөдө ата-эне бири-бирин сүйүп, сыйлап, балдарына көбүрөөк мээрим төгүп туура тарбия берсе, ал балдары келерки турмушунда эч качан жаман көрүнүшкө жол бербейт. Аялга кол көтөрүп, зомбулук көрсөткөн эркектер үчүн атайы аларды оңдоого, туура таалим берүү, таптакыр баш ийбегендерди жоопко тартып, мыйзамды катуу иштетиш керек.


 
"Шайтанын түшүрөм" деп...


 Кайненем күйөөмө “аялыңды башына чыгарып алыпсын, эркек деген үйдө эс алып жатыш керек, аялды сабап шайтанын түшүрүп турбаса болбойт” деп айтты....

Окурмандардын арасында орто мектептерге укук таануу сабагын киргизүү керек деп айткандар да болду. Себеби кыргыз аялдары өз укугун билбегени үчүн, бардык кыйынчылыктарга чыдап, уруп-сабаган эркектер кандай жазага тартылаарын деле билишпейт.

Мээрим аттуу окурманыбыз болсо өз кошунасынын тагдырын баяндады:

- Жолдошум мени ала качып алган, мен аны жактырбасам да "таш түшкөн жеринде оор" деп отуруп калдым. Күйөөм жакшы адам, мен эмне иш кылсам жардамдашып турат эле. Анан балээнин баары кайненем биздикине келип жашаганда башталды. Кайненем күйөөмө “аялыңды башыңа чыгарып алыпсың, эркек деген үйдө эс алып жатыш керек, аялды сабап шайтанын түшүрүп турбаса болбойт, антпесең сени бизден тирүүлөй ажыратып салат” деп айтты. Ошондон бери жолдошумдун мага болгон мамилеси түп тамырынан өзгөрдү. Азыр “тике карап сүйлөбө мага, акыл үйрөтпө” деп кол көтөрчү болду. Кээде дубалга сүздүрүп сабайт. Балдарымды атасыз калтыргым келбейт. Балдарым үчүн жашайм. Азыр мен үчүн жашоонун маңызы эмне, билбейм?..
 
Аялын сабаган, үйүнөн кууп чыккан же болбосо түрдүүчө зордук-зомбулукка кабылгандарды тизмектесек, тилекке каршы, андайлар абдан көп. Бирок бул өнөкөткө жаш муундун көз карашы бир топ башкача экени жазган пикирлерден эле көрүнүп турат. "Азаттык" эми айыл жаштарынын да пикирин сурамжылайт.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: MEKU каяктан: Европа
06.01.2012 02:50
Кыргызда
эн жакшы, таамай айтылган соз бар "Эшегине жараша тушагы"-деген. Азыр бул жерде коментарийлерди окуган аор бир адамга билинип эле турду окшойт, эркектерге карата ушундай жаман создор менен кайрылган эжекелер сиздер таарынбаныздар бирок, эркек баланын эмес кээ бир кыздардын жини келгидей суйлойт экенсиздер, а жашоодо уй-булодо кыз кишинин жолу башка да ээ? А сиздер кичине сабаттуурак болуп, назигирек болсонуздар. Эркектин баарын айбан кылып салдыныздарго, алардын арасында атаныз, ининиз барда ээ? Ийгилик жана бактылуу болунуздар!!

кимден: MAK каяктан: CH
13.12.2011 03:22
Tuura aytasyz, Ayal ukuktary jana Baldardyn ukuktary syaktuu temalardy uzgultuksuz berip turush kerek, sebebi ayaldar menen baldar koomdun nezashishennaya sloy naseleniya dep aytsak bolot.
M: Evropada uy-buloonu korgoo boyuncha ozuncho miyzamdar bar, uy-bulooluk konflikte ayal bolobu je erkek bolobu kol kotorgongo akyn jok, eger miyzamdy buzsan seni jazaga tartyshat, balaga da kol kotorgongo ata-eneninin akysy jok, balandy alyp koygongo cheiyn baryshat, andyktan bul myizamdy ar-bir okuuchu jana ata-ene bilishet.

кимден: Орунбек каяктан: Москва
10.12.2011 18:29
Урматтуу " Азаттыкчылар"! Силер бул бөлүмдү АДАМ УКУКТАРЫ деп атабай, АЯЛ УКУКТАРЫ деп атасанар боло! Анткени бул жерде аялдардын гана укуктары жонундо соз болуп, эркектер жонундо эч нерсе айтылбай жатат.

кимден: кыргыз каяктан: Тээ тиги жерден
08.12.2011 14:05
Бир таанышымдын кунумдук турмушудан, куйоосу менен аялы башында ити-мышык болуп журду, куйоосу да аябады, кол которууго мажбур болду, иши кылып ар кандай мамиле жасаганга отту, алдады, бирок баары бир тиги аялы онолбоду. Аягында аялынын апасына айтты, апасы кызыдан сураса эмне себеп, деп, "ал мени урат, согот"-деп бутундой жаман жагын айтты, а жакшы мамилелерин жашырып. Дегеле аялы озунун айтышканын, сейребеген мамилелерин бут жашырып айткан эмес. Ошондо куйоосу макул, урбай да коройун, деп бутундой колуна алып эркелетип да журду, бирок аялы ошол эле, ошол эле мамилеси, болбогон нерсеге да ажылдап чыга келет. Эми айткылачы, бул жашоодо бир гана эркек куноолуу дегенге мынандай фактылардан кийин айтууга болобу? Албетте, жок, уруш-талаш эки жактан чыгат, азыр конфликт чыккан учурда аял киши озун "героиня" ары турсун "герой" катары эсептеп чыгат, как будто куйоосун бир уруп жыгып салчуудай, ошондой корунуш кайсыл эркеке жаксын? Болгону уруш-талашта куран китепте жазылгандай аял киши озунун назиктигин карманып, унчукпай эле калганы жакшы, ошондо конфликт курчуп кетпейт. Эми албетте, жондон - жон ургандар да бар ичип келип, мындайларга мен да албетте, каршымын. Ошондуктан жашообуздагы бул корунуш бир тараптуу эмес, албетте, аялзатынын да салымы чон буга.Эки жак тен куноолуу! Б.а. аялдан да эркектен да азыркы заманда идеалдуусу жок!

кимден: MAku каяктан: Germania
08.12.2011 13:41
Asankaigy baike, but aial zatin basmirlap jazgan ekensiz, menin tushungonum boiun4a kirgiz aialdari, miyndai4a aitkanda aiabai ele tomon bolushat eken da anda e? Ki4ine bolso da oilonup anan jazsanar deit elem!

кимден: Гулия каяктан: айтпайм
08.12.2011 13:13
И иии эркектер койгулачы калп эле курулай тошунорду чаба бербей, эгерде силерде намыс болсо кичине, анан кичине мээ болсо, ошол силердин карындаштарынар, эженер апанар жана аялынар тошун которуп журбойт беле артында аска зоо болуп турсанар, кой кайынагам мени уят кылып коет деп карындаштарынарга тийбейт эле куйоолору. тарбиясы жаман аялдардады сабаш керек деп жазыптырсынар сабаганда эмне тарбиялап салдынарбы, жибек жумшак болуп кетиштиби токмок жегенден кийин. Ошол башка балдарга алынар жетпейт. Жанындагы адамдардай болуп кобуроок акча таба албайсын анан депрессия болосун. бироодон жинди чыгарыш керек эшке чыгып мушташа албайсынар билесинер, что токмок жеп калаарынарды и анда давай живая груша турат да анын болушаар туугандары жок. анан эмне кыласынар ал байкуш алсыз немени анан ургулап жатып каласынар баарын кыйратып койгонсуп, озун ЛОХ экенинди признавать кылгын келбей, кур намыс да,Сенин кандай акын бар аялынды сабаганга, балдарынды сабаганга, эч кандай акынар жок, ага кичине тамак таап бергенин учунбу, же анда санда торкунуно барып келгени учунбу, кайэне деген бир балее бар да, ошонун созунон чыга албаган эркек дагы эркекпи киндигинерди кескиле да эненерден и туруктуу жашаганга уйронгуло, Силер
бакканды билбесенер анда жалгыз журо бергиле озунор ачкажургунор аз келгенсин катын балачакандынды дагы ачка клтырбай. Биз кыздар силерсиз сопсонун эле жашап кетебиз кайсыл эркек жалгыз жыргап кетиптир айткылачы, жон эле суйлой бербегилечи кыздардын жинин кайнытпай, анан тарбиялаш керек анан уруп коюш ,Учурунда козунду ачып туруп жакшыраак тарбияланганын аял кылып албайт белен, "Кыз кезинде баары жакшы жаман катын кайдан чыгат" болбой, ошол жакшынакай кыздардын тилин дагы силер чыгарасынар, Анан еще кобра деп коюшат, кандай пейилин болсо ошого жараша катын аласын аялын жаманбы значит сен жаман болчусун, аялын жакшы значит сен алтын баласын. Эркектер пейилиндерди ондогула эгер жакшы катын алам десенер
Пикирге жооп

кимден: Орунбек каяктан: Москва
10.12.2011 17:54
Урматтуу Гулия! Сен анда турмушка чыкпай, куйоого тийбей журуп өт, кара далы атыгып! Турмушка чыгып алып омур бою кордукта откончо!

кимден: ТИМУР каяктан: РОССИЯ
08.12.2011 11:06
Эн негизи ала качсан деле кыз менен жигиттин ортосунда бирир бири айоо сыйлоо болуш керек !!Ошол айоо сезим акырындык менен чыныгы суйуго качан айланып кеткенин озун билбей каласын!!!/ бул менин озумун практикаман/ эркектер деле жондон жон аяалын ура бербесе керек ,алгач арбир адам куноону башка бироодон издебей озунон издеш керек!!! Кулга балээ жок балээни озу тилеп алат деген соз бар кыргызда!!!
Пикирге жооп

кимден: Lady
09.12.2011 05:56
Туура айтасын, азыр ичтери кайнап куру жок намыской соройлор ойлонсун!

кимден: Роза каяктан: Москва
08.12.2011 09:13
Карап окуп чыксам кыргыздын жигиттерине каттуу сындар айтылыптыр,биринчиден аял киши оз укугун билгенден мурун уйбулодогу оз милдетин билиш керек,тыкан таза бардык нерсени так аткарып тамакты дамдуу жасап куйондун кийимдерин оз убагында жууп кечинде келгенде мээриминди тогуп турсан менмин деген жинди деле урганы колу барбайт,уруштун баары мен айкан нерселердин убагында кылынбагандан келип чыгат!ушуларды билбесенер европага эмес наркы планетага барсанар деле токмок жейсинер эх кыргыздын кыздары!
Пикирге жооп

кимден: Орунбек каяктан: Москва
10.12.2011 18:02
Азаматсын Роза! Чыныгы аялзаты сендей болушу керек деп ойлойм. Ою тунук, меермдуу, акылы сергек кыз экенин созундон корунуп турат. Кее бир акылы кыска,ою кыска кыздарга окшобойсун!
Пикирге жооп

кимден: Рая
08.12.2011 13:04
Роза, туура айтасын бирок ошол жакшылыкты тушунбогон акмактар толтура, адам мындай тигиндей деп айтп коющ оной оз башына келгенде гана сезет... Мен 18 жыл чыдап жашагам, ортобузда торт балабыз бар, озум врачтык кесипти окуп бутуруп, суйлошуп эле турмушка чыккам. Таенемдин каттуу тартибин алган элем болгон нерсеге чыдап, он торт жашыман чоон печкага отун ташып нан жаап, алыскы айылда болгон оокатты уйдун малды багыштын баарын уйронуп оском, бирок жолдошум копконунонбу озунун оскон табитиненби уйлонгондон баштап эле кол тийе турган болчу, корсо озунун тушунугу оюу , ошондой экен. Кенедей бирдеме болсоле согунуп ургулап кирчу. Кононтон келгенден кийин соз жок, мен жоолукту баса кийип жерди гана карап отурушум керек болчу, жондон жон согунуп савап кирчу, бирок мен барар жерим жок эле балдарым менен кайда барам, азыр айтып отурсам ыйлагым келип балдарымды сагынам, кыскасы акыры ал мени айры менен бутумду сайып жаны тынды . бир ай баспай жаттым . Жалгыз иним Россиадан келип, кебетемди коруп эжеке мындай жашаган болбойт энем козу отсо эле сиз кордук коруп жашашыныз керекпи деп мени ажыраштырып, торт балам менен. Балдарым чырылдап кетебиз дешип мени менен ажырашып жаны тынды..Азыр улуу кызым менен ашканада Россиада иштеп журом, уч баламды таэжемдин колуна табыштап мектепке киргизип окуп жатышат, Ушинтип, болгон жаштыгымды жан дуйном менен чогуу карып бакыбат турмушту ойлочулем куйоом менен бирок, мени минтип инвалид кылып бузук аспаптай бир басып кечирим сурап келип койгон жок....Кудайдан корсун.
Пикирге жооп

кимден: Эльнура
09.12.2011 19:58
саламатсызбы Роза эже.Сиздин айтканыныз бир четинен туура бирок антип эле аял кишини эле айтканга болбойт.себеби антип жумушун кылган киши деле кунөөлуу болуп калат.оз ишин билсе деле куйоосунон таяк жеп калышат.бардык жумушун жасашат бирок баары бир таяк жешет.

кимден: Марат каяктан: Кыргызстан
08.12.2011 08:41
Чынын айтсам, бизде кыргыздарда жапайы эркектер аябай коп!!! Озунун аялын (суйгонунун - качандыр бир жактырып же суйуп алган адамы) суйгон адамы ордуна корбой бир айбандын ордуна корушот. Аларга аялынын айткан созу бир тыйын дагы эмес. Алар алсыз мээси жок, манкурт, кок мээ, оз уйбйлосуно озунчо ДИКТАТОРЛОР!!!! Мындай адамдар озунун уйбулосуно жакшылык калтырбайт. Журоктун тугуно туз салып кетишет.
Аял гана эмес эркек дагы сыйлаш керек аялын, ошондо уйдо гармония суйуу, ынтымак. ырыскы конот. Суйуш керек!!!
Ала качкан эркектер дагы мээси жок, алсыз эркектер!!!
Бардык кыргыз жигиттерине айткым келет - кыргыздар илгертеден бери эле ушундай жашашкан, ушинтип эле аялдарды ала качып, уруп токмоктоп келишкен деген эч таянбаш керек. БИЗ ЖАНЫ МУУНБУЗ, БИЗ БАШКАБЫЗ, БИЗДИН КОЗ КАРАШЫБЫЗ БАШКА БОЛУШ КЕРЕК. СЕНИН АЯЛЫН СЕНИН БАЛДАРЫНЫН ЭНЕСИ!!! А ЭНЕ ДЕГЕН ЫЙЫК!!!

кимден: kyrgyz kyzy каяктан: chetten
07.12.2011 23:26
Ushul siyaktuu makalalardy okui berip, ozubuzdun jigitterden jiyirkenchu bolup kaldym :((((( Adam bolgulachy, aibanga okshop ichip-jep anan ayalynardy sabap kordoboy!!! Silerdin kolunardan ech nerse kelbeyt, kolunardan kelgeni ushul ayaldarynardy saboo, bashka ech nerse kelbeyt! Buttu!!!
Пикирге жооп

кимден: Marles каяктан: Praga
08.12.2011 12:55
Kudai saktai koor,kantet bul kyz?:)
Koi sadagasy boloyun andai debe,aildagy koshuna ayalina kol kotorso ele je internetten okugan okuyalardy koro salyp,kyrgyzdyn jalpy erkekterin malga tenep salgan akylsyzdyktyn ozu mejdu gana prochim
:)))
Пикирге жооп

кимден: Бойдок каяктан: Тольятти
02.01.2012 19:33
Ошол сен жийиркенген эркектин арасында Атан,Аган,Инин да бар го ээ.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине