Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:43

Фрунзе музейинен үч туу уурдалды


Михаил Фрунзенин үй музейинин тышкы көрүнүшү. Бишкек, 1-сентябрь, 2014.
Михаил Фрунзенин үй музейинин тышкы көрүнүшү. Бишкек, 1-сентябрь, 2014.

Бишкектеги советтик аскер кол башчысы Михаил Фрунзенин үй музейинен Советтер союзунан калган үч туу уурдалды. Бул окуя өлкөдөгү маданий жайлардагы коопсуздук маселесин эске салды.

Бишкектеги Михаил Фрунзенин мемориалдык үй музейиндеги окуя 30-августта болгон. Музейдин директору Бакыт Бакчиевдин айтымында, бул күнү түшкө маал 25-30 жашындагы жаран билет алып, музейге көрүүчү катары кирген. Ал жактагы экспонаттарды көрүп жатып, көргөзмө залында турган желектерди алып чыгууга аракет кылган. Аны байкаган музей кызматкери токтотууга аракет кылган учурда аны бетке уруп, терезени талкалап качып кетүүгө үлгүргөн:

- Түшкө маал болчу. Ал адам бул мезгилде музейде киши аз болоорун билген окшойт. Ал үч желекти алып туруп, аны токтотууга аракет кылган кызматкерибизди бетке уруптур. Ал эсин жогото түшкөндөн кийин эле экинчи кабаттагы терезени сындырып качып кетиптир.

Бакчиевдин айтымында, жарат алган кызматкердин абалы жакшы. Учурда үйүндө дарыланып жатат. Ал эми каракталган желектер эч бир калканчсыз илинип турган. Алар Кызыл Армиянын өтмө кызыл туусунун түп нускасы жана Михаил Фрунзе кол башчылык кылган аскер бөлүктөрүнүн тууларынын көчүрмөсү болгон:

-Уурдалган туулардын бири Кызыл Армиянын 46-полкунун туусу, экинчиси 53-отряддын туусу, анын эң негизгиси Кызыл Армиянын өтмө кызыл туусу болчу.Бул туунун түп нускасы, ал эми алдыңкы экөө болсо көчүрмөлөр экен. Бизде айрым экспонаттарга атайын коңгуроо коюлуп, өзгөчө коргоого алынган. Бирок бул туулар өзүнчө эле илинип турган эле.

Бул окуя боюнча Бишкек шаардык милициясы кылмыш ишин козгоп, ишти иликтеп жатат. Аны издөө иштеринен азырынча майнап чыга элек.

Шаардык милициянын маалымат катчысы Бакыт Сейитовдун айтымында, учурда музей уурусу боюнча айрым маалыматтар белгилүү боло баштады:

-Учурда шектүү адамды издөө, окуяны иликтөө уланып жатат. Учурда айрым маалыматтар дайын болуп, анын фотороботу түзүлдү. Жакын арада кармайбыз деп турабыз. Анан эмне максатта уурдаганынын аныктайбыз.

Сейитов айткандай, бул туулар эмне максат менен уурдалганы коомчулукка кызык болуп турган учур. Музейдин директору Бакыт Бакчиев бул ишти тууларды чогулткан фалери́сттер кылышы мүмкүн деп боолголойт:

- Марка чогулткан, тыйын чогулткан сыяктуу эле ар кыл туу, медалдарды чогулткан фалеристтер деген адамдар бар. Мына ушулар алып кеттиби деп ойлонуп отурабыз. Азырынча ушул негизги мотив болууда.

Бул окуя өлкөдөгү маданий жайлардагы коопсуздук маселесин эске салды. Тарых илимдеринин кандитаты Нарынбек Алымкуловдун айтымында, эгемендик жылдары музейлерге такыр эле көңүл бурулбай калды. Ошондуктан бул уурдоо бардык музейлерге жана бийликке сабак болушу керек:

- Негизги Кыргызстанда музей фондунун материалдары анча деле бай эмес. Азырынча аны көбөйтүү тууралуу сөз кылуу да мүмкүн эмес. Эми ошо колубузда турган экспонаттарды коргой албай, шалаакылык менен уурдатып жатабыз. Музейлерге сигнализация орнотуп, заманбап абалга алып келбесе бул кырдаал улана берет.

Тарыхчыгынын пикири менен музей жетекчилиги деле макул. Алар муну бюджеттеги каражаттын жетишсиздиги менен түшүндүрүшөт. Ал ортодо музейлерге көзөмөл салган Маданият, маалымат жана туризм министрлиги окуя боюнча атайын комиссия түзө турганын билдирди.

Музейдеги экспонаттын уурдалышы Бишкекте быйыл экинчи ирет катталып отурат. Жыл башында борбордогу Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинен атактуу орус сүрөтчү Иван Айвазовскийдин сүрөтү уурдалып, бир айдан соң ордуна кайтарылган.

Советтер Союзунун аскер кол башчыларынын бири болгон Михаил Васильевич Фрунзе 1885-жылы Пишпекте туулган. 1967-жылы Фрунзе туулган камыш менен жабылган саман үй бузулбастан туруп, музей курулуп, аянты кеңейтилген. Музейде 6500ден ашык экспонат сакталып турат.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG